Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Жекшенкуловго коюлган кылтак, көбүртүлгөн пенсия, дача баскынчылары


27-майда «Дело №», «Московский комсомолец Кыргызстан», «Агровести» гезиттери жарык көрдү.

«Дело-№»

27- майда жарык көргөн «Дело №» жумалыгы 26-майда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда экс-министри Аликбек Жекшенкуловдун соту башталганын маалымдап, кеңири репортаж берди.

Бул отурумда негизинен Аликбек Жекшенкуловго каршы козголуп жаткан кылмыш иштери менен таанышуу болгонун, сот процессинин жүрүшүнө байкоочу катары Германиянын, Түркиянын жана Орусиянын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү катышканын, ошондой эле оппозициялык саясатчылар Исмаил Исаков менен Өмүрбек Текебаев да байкоочу катары олтурушканын журналист Ольга Новгородцева баяндайт.

Аликбек Жекшенкулов менен кошо түркиялык ишкерди өлтүрүү фактысы боюнча Талас облусунун жарандары Ильяс Абдыкадыров менен Бакыт Супатаев, Кытай гранты боюнча Тышкы иштер министрлигинин 3 мурдакы кызматкери Таалайбек Кыдыров, Данияр Мамытбаев жана Нургүл Токтосунова айыпталууда.

Темир тордун артында отурган экс-министр Аликбек Жекшенкулов өзүнүн жана аны менен кошо айыпталып жаткандардын күнөөсү жоктугун айтып, сөз айтууга аракет кылды. Бирок сот Азизбек Турдалиев: - «Азырынча сизге көрсөтмө берүүгө али эрте» деп кагып койгонун, оппозицияга кеткени үчүн мурдагы чиновникти кылмышкер катары кылтакка илип коюшканын «Дело №» гезити жазып, сот отурумунан сүрөттүү баяндамага орун берди.

«Дело №» жумалыгы экс-президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевге таандык делген Бишкектеги 21 гектарга чукул жер участоктору шаар бийлигине өткөрүлгөнү жатканын маалымдады.

Ушул «Дело №» гезитине запастагы полковник, Токтогул Какчекеевдин өлкөдөгү милициянын, адилет министрлигин жана улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин ишмердүүлүгүн сынга алган көлөмдүү маеги басылды.

Анда 20 жылга эркинен ажыратылган кылмышкерлер 2-3 жылда эркиндикке чыгып жатканы, Адилет министрлигинин курамына өтүп кеткен кылмыш-жаза өтөө башкармасын кайра милиция тармагына берүүнүн зарылдыгын, МАИ кызматкерлеринин паракордугун, кыргыз милициясынын катарына аскерде кызмат кылбаган жаш жигиттер кабыл алынып жатканын Токтогул Какчекеев далилдүү фактылар менен сынга алып, өз сунуштарын ортого салган.

Ошондой эле «Дело №» гезити мындан бир ай мурда бетине туз кислотасын чачылып, жабыр тарткан Ички иштер министрлигин башкы штаб жетекчиси Кырккелди Кыдырбаевдин ишинин бети ачыла электиги, милициянын кылмыш изилдөө ишмердүүлүгүнүн таразасын экендигин эске салды.

«Дело №» гезити үй куруп берүүгө убада кылып, кардарларды алдаган «Азия курулуш» фирмасынын жетекчиси Адина Турдалиеванын камакка алынганын, Адина болсо кардарларга финансы кризисин шылтоо кылып актанып жатканын, милиция ага 900 миң доллар алдап алганы боюнча кылмыш ишин козгогонун жазып, талдоого алган.

«Московский Комсомолец – Кыргызстан»

27-майда жарык көргөн «Московский Комсомолец – Кыргызстан» жумалыгында өлкөдө тоо-ташта веложарыш өтө таасирдүү, кызыктуу спортко айланып баратканы, пенсионерлерге кенедей кошумчаны бийлик төөдөй кылып көрсөтүп жатканы, алтын азем буюмдарынын баасы асмандап баратса да, зергер дүкөндөрү өтө арзан баада сатуунун сырын талдап, иликтөөгө алган.

Парламент депутаты Роза Отунбаеванын айтымында өлкөнүн бюджетинин жарымын эле мамлекеттик чиновниктер жеп-түгөтүп жатат. Бюджеттин 40 пайызы эле чиновниктер аппаратын кармоого чыгымдалууда.

"Чынында эле 2008-жылы мамлекеттик кызмат үчүн 6 млрд. 75 млн. сом чыгымдалса, соцфонддун бир жылдык бюджети болгону 4 млрд. 66 млн. сомго барабар. Пенсияга 42 сом электр энергиясы үчүн кошумча төлөнүп жатса, аны укмуштай көбүртүп жатышат", – деп талдоого алат журналист Екатерина Иванова.

«Московский Комсомолец Кыргызстан» гезити Бишкек шаарынын четиндеги Чүй облусунун аймагындагы дача участокторун мыйзамсыз басып алуучулар ээлеп жатканын жазып чыкты.

"Өлкө 452 дача уюму 60 миңден ашуун дача участокторунун ээлери болгону менен Кеңеш доорунан кийин бул тармакта башаламандык күчөп, талаш-тартышуу, ыр-чыр, соттошуу күчөдү. Үчтөн бир дача ээсинин жер ээлиги боюнча кызыл китеби жок", - деп тынчсызданат журналист Наталья Нестерова.

«Агровести”

Айына эки ирет чыгуучу «Агровести» гезитинин 3-саны 27-майда жарык көрдү. Мында Бишкек шаарындагы жана Чүй өрөөнүндөгү Каражыгач бактары ооруга чалдыгып, жалбырактары куурап, өзөгү чирип жатканы, тамырына доо кеткени иликтөөгө алынат.
Бул бак-дарактарды оорууга чалдыктырган Голландия коңуздары экени, алар дарактарга козу-карындай дарт жабыштырып, чиритип жок кылары илимий түрдө иликтөөгө алынып айтылат.

"Бак-дарактардын голландиялык оорусу 1919-жылы Голландияда катталып, Европага жайылып, Борбор Азияга 1940-жылдары келген. Бул бак-дарактардын голландиялык ооруусу 2008-жылы өлкөнүн айрым аймактарында кеңири жайылып, Бишкек, Кант, Токмок шаарларынан сырткары Ысык-Көлгө да тараган", - деп коңгуроо кагат «Агровести» гезити.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG