Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:42

“Бийиктик” сыйлыгын биринчи "Азаттык" алды


Чолпон Султанбекова сыйлыкты "Азаттык Медианын" директорунун орун басары Бурул Сарыгуловага (солдо) тапшырууда
Чолпон Султанбекова сыйлыкты "Азаттык Медианын" директорунун орун басары Бурул Сарыгуловага (солдо) тапшырууда

“Эко-Гармония Женщин” коомдук кору социалдык темаларды активдүү чагылдырган алдыңкы маалымат каражаттарына өзү уюштурган "Бийиктик" сыйлыгын тапшырды.

“Эко-Аялдар Гармониясы ” (“Эко-Гармония Женщин”) коомдук кору «Бийиктик» сыйлыгын быйыл биринчи жолу негиздеп, муну журналисттерге колдоо көрсөтүү максаты менен байланыштырууда.

Коомдук кордун түзүүчүсү, коомдук ишмер Чолпон Султанбекова “
АКИпресс” маалымат агенттигинде уюштурган маалымат жыйынында буларды белгиледи:

-“Эко-Гармония Женщин” коомдук корунун «Бийиктик» аттуу сыйлыктарын белгилөөнүн негизги максаты - учурда өлкөдөгү айрым маалымат каражаттары кооптуу жагдайды баштан кечирип жаткандыгын эске алуу менен алардын социалдык маселелерди чагылдыруу деңгээлин аныктап, ишмердүүлүктөрүн колдоого алуу. Мындай демилге биринчи жолу болуп жатат.

Уюмдун маалыматына караганда маалымат каражаттарында өлкөдөгү социалдык маселелерди чагылдыруу деңгээлине иликтөөнү "A.PR.A" медиаконсалтинг компаниясы жүргүзүп, ага 800 байкоочу катышкан.

Алар төрт багытта - сыналгы берүүлөр, радиоуктуруулар, маалымат агенттиктери жана гезиттер боюнча иштешкен. Натыйжада ар бир багыт боюнча үчтөн орун ыйгарылып, биринчи даражадагы дипломдорго телекомпаниялардын - ЭлТР, агенттиктердерден “Кабар”, гезиттерден – “Дело №”, радиолордон “Азаттык” үналгысы биринчи даражадагы диплом алышты.

Экинчи даражадагы диплом ээси, «Агым» гезитинин башкы редактору Аскер Сакыбаеванын пикиринде учурда эң күчтүү, таасирдүү саясат социалдык маселелер болгону менен көйгөйлөр кеңири чагылдырылбай жатат.

Баш байгенин ээси, “Кабар” агенттигинин жетекчиси Нарын Айыптын пикиринде, мындай сыйлык ар жыл сайын белгиленип, калыс чечилсе келечеги болот.

“Стан-ТВ” телекомпаниясынын кызматкери Манас Айжигитовдун пикиринде, өлкөдө маалымат каражаттарын иликтөөгө аз сандагы адам катышып, телеберүүлөр кандай критерийлер менен аныкталганы бүдөмүк.

- Чет өлкөлөрдө кайсыл телекомпаниянын берүүлөрүн калк көргөнү телеканалдарга кошулганда эле анык болот. Кыргызстанда андай телекөрсөтүүлөрдү кармап алып берүүчү техникалык жабдуулар жокко эссе.

Медиа эксперт Назира Раимкулованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, айрым маалымат каражаттары социалдык мамилелердин чагылдыруу үчүн коммерциялык талаптарды негиз кылууда.

-Учурда социалдык кризиси курч сезилүүдө. Энелерди жана балдарды коргоо, ден-соолук маселелеринде, башка аспектилерде калктын сабатсыздыгы байкалууда. Мындай мүнөздөгү көйгөйлөрдү чечүүгө улуу муун жана жаштар өтө салкын мамиле кылууда. Айрым телекомпаниялар кыз ала качуу көйгөйлөрүн чагылдырууда каражат талап кылган учурлар болду. Ошондуктан массалык маалымат каражаттары социалдык темаларды чагылдыруунун маанисин көтөрүп чыгууга, иштердин абалы жөнүндө жеткиликтүү жана ишенимдүү маалыматтарды жеткирип турууга тийиш.

“Эко-Гармония Женщин” коомдук корунун жетекчиси Нургүл Айбашеванын
айтымында, мына ушундай иликтөө аркылуу маалымат каражаттардын социалдык маселелерди чагылдыруу деңгээли ар жыл сайын аныкталып турмакчы.

Социалдык темаларды чагылдырышына жүргүзгөн иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Алардын аныктоосу боюнча гезиттердин ичинен “Дело№” басылмасы 1-орунду, “Агым” 2-орунду, “Слово Кыргызстана” 3-орунду ээледи.

Маалымат агенттиктеринин ичинен “Кабар” агенттиги 1-орунга, “Аки-пресс” 2-орунга, “24.kg” агенттиги 3-орунга татыктуу болушту.

Телекөрсөтүү тармагында 1-орунга ЭлТР, 2-орунга НТР, 3-орунга 5-канал ээ болду.

Радио жаатында 1-орунду “Азаттык” үналгысы, 2-орунду Кыргыз радиосу, 3-орунду “Миң кыял” радиосу ээлешти.

“Эко-аялдар гармониясы” (Эко-Гармония-Женщин) коомдук корунун быйылкы “Бийиктик” сыйлыктарынын байге фондусу 40 миң сомду түзгөн.

“Азаттык” – “Бийиктик” сыйлыгынын ээси
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00

XS
SM
MD
LG