Петровка чатагына байланышкан сот жумасына үч ирет болуп, буга чейин күбөлөр атайылап сотко чакырылбай жатат деген нааразылык орун алып келген болсо, соңку кездер окуяга такыр эле тиешеси жок күбөлөр сотто көрсөтмө берип жатышат. Камактагылар тергөөнү өтө чала- чарбыт, башаламан жүргүзгөнү үчүн тергөөчү А. Кадиновду күбө катары чакыргыла деп бир нече жолу өтүнүч жасашты.
Бул аралыкта Мамлекеттик айыптоочулар сотко тергөөчү А. Кадинов менен катар Премьер-министр Д. Үсөновду, ИИМ Молдомуса Конгантиевди чакыруунун зарылчыгы жок дешсе, төрага Ф. Марлес өтүнүчтөрдү ачык боюнча таштап келе жатат. Эмне себептен деген суроого албетте сот төрагасынын жообу айтыла элек. Бирок адвокаттар муну жогорку бийликтегилердин саясий буйругу деп сүрөттөп, камакта жатышкан оппозиция өкүлдөрү саясий куугунтуктоонун курмандыктары деп ачык атап келишет.
Башканы айтпаганда дагы Петровка окуясынын негизги жабырлануучулары болгон күрт улутундагылардын бири дагы камактагыларды күнөөлү деп атай элек. Ал эми өлкө башчысы Петровка окуясынын чыныгы күнөөлүлөрү деп кимдерди атаганын Премьер министр Д. Үсөнов, ИИМ Молдомуса Контиевге сөгүш берип жатып мындай эскерткен эле.
- Президент белгилеген, Петровка башаламандыгы жергиликтүү ички иштер кызматкерлеринин, жергиликтүү бийликтин кызматтык шалаакылыгы үчүн жаралган. Бул жерде күнөө башаламандыкты уюштурган элде эмес, чыныгы күнөөлүлөр окуяны көрүп, билип туруп чара көрбөй койгон жергиликтүү бийликте.
Бул сөздү былтыр окуя болгондон кийин өлкө башчысы өзү белгилеп, аны Премьер-министр дагы бир жолу элдин эсине салып атат. Бирок он айдан бери камакта Президент белгилеген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эмес, оппозиция өкүлдөрү олтурат. Алар учурда сот төрагасы Ф. Марлеске улам- улам ишенбестик билдирип, сот төрагасы өзү мыйзамды тебелеп жатат деп нааразыланып жатышат. Бул туурасында коомдук байкоочу Наргиза Абдылдаева “Азаттыкка” буларды билдирет.
- Камактагы саясатчы Э. Бөлөкбаевди кечээ сот залынан чыгарып салышты. Себеби ал сотко ишенбестик билдирген эле. Петровка башаламандыгына байланышкан кылмыш иши кылмыш- жаза кодексинин көптөгөн беренелерин бурмалап түзгөн. Ал ачыктан- ачык көрүнүп турат. Бирок төрага анын бирин да эске албай жатат. Ишенбестик ушундан келип чыгууда.
Камактагы саясатчы Э. Бөлөкбаев сот төрагасына 20- февралдагы өткөн соттук отурумда дагы ишенбестик билдирген. Башта айткандай ал көрүнүш кечээ да кайталанды. Бирок төрага бул өтүнүчтү четке кагып, соттук териштирүү бүгүн дагы улантылаарын жарыя кылды. Бирок укукчулар соттун бул чечими туурасында төмөндөгүдөй ойлорун "Азаттыкка" айтып беришти. Укукчу Бабырбек Жээнбеков:
- Петровкада болуп жаткан соттук териштирүү жалпы жонунан И. Исаковдун жана Балыкчыда болуп өткөн сотко өтө окшош. Мыйзам бузуу ачыктан- ачык эле практикаланып жатат. Конституцияга ылайык райондук сотко ишенбестик көрсөтүлгөндөн кийин сотту убактылуу токтотуп, облустук соттун чечимин күтүш керек. Облустук сот өтүнүчтү карап бир чечимге келиши керек болчу. Азыр болсо ал конституцияда жазылгандар соттордун колу менен бузулуп, түздөн- түз адам укугу тебеленип жатат.
Петровка окуясына байланышкан сот бүгүн дагы улантылат. Бүгүн ишке тиешеси бар видео- тасмалар көрсөтүлөт