Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Артур Улунян: Кыргызстандын ишине үчүнчү тарап кийлигишүүсү ыктымал


Бишкектеги каршылык акциясы, 7-апрель 2010-жыл.
Бишкектеги каршылык акциясы, 7-апрель 2010-жыл.

Кыргызстанда орун алган каршылык акцияларына орусиялык тарыхчы жана борборазиялык мамлекеттер боюнча таанымал адис Артут Улунян ой бөлүшөт.

- Бүгүн бизде кайрадан ыңкылап...

- Ал саал мурдараакта башталды. Албетте, азыр болуп аткан иштер эбактан даярдалган. Мындай дегеним, кишилер небактан өлкө бийлигинин жүргүзүп аткан саясатына нааразы болуп келаткан.

Биринчиден, коомчулукту дүүлүктүргөн нерсе – азыркы жетекчиликтин кадр маселеси боюнча жүргүзгөн саясаты, кызматты бөлүштүрүүдө Бакиевге чукул чөйрөдөн киши тандоо, экинчиден, финансылык агымдарды Бакиев өзү дайындаган кишилер аркылуу башка нукка салып ушатып, ошол эле учурда экономикалык кайра жаралуудан баш тартуу, экономикалык олутту саясат жүргүзүүдөн баш тартуу болду.

Натыйжада калк массалуу түрдө жакырданды. Мурда элдин тапкан кирешеси жана ишке орношуу тармагында түндүк менен түштүктүн ортосунда айырма азыр теңме-тең болуп, түндүк да, түштүк да бирдей абалда болуп калышты, жакырчылыгы боюнча.

- Ушул мүнөткө дайын болгон маалыматта 17 киши курман болуп 98 киши жардар болушту. Сиз бул карышылык акциялар акыры эмне менен бүтөт дейсиз?

- Бул жерде үч багытта окуя өнүгүшү күтүлөт. Биринчиси – оппозиция лидерлери менен тил табышууга барууга аракеттенүү. Натыйжасында коалициялык өкмөт уюштуруу. Андан аркысы, албетте кийинки учурда бир кишинин - өлкө башчысынын каалоосуна жараша өзгөртүүлөр киргизилген Баш мыйзамды калыбына келтирүү. Ушундай багытта элдешүү өнүксө анда кандайдыр бир тил табышуу болушу мүмкүн.

Экинчи жол да бар. Ырасы ушул сыяктанып да кетет. Үчүнчү тарап Кыргызстандын ички жагдайына кийлигишип ийиши ыктымал. Буга макул болуучу өлкө ЖККУ алкагынан чыгат. Мен билгенден Казакстан болсун, Өзбекстан болсун, Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүнү каалабас эле. Бир өлкө мындай кадамга барат. Ал – Орусия. Эмне дегенде Москва кыйладан бери америкалык аскерий базанын Кыргызстанда кеңейип баратышына каршы экенин айтып, нааразы болуп келет.

Дагы бир жагы – экономикалык жардамды Бишкек дурустап ишке ашыра албады. Бул жол менен кеткенде тыштан күч аракети болушу ыктымал.

Үчүнчү жол да бар, ал жөпжөнөкөй гана оппозициянын таза түрүндө жеңишке жетишиши. Андай болгондо бийликти эмне кылуу керек деген суроо пайда болот. Ошону ойлоо керек. Менимче, анда Кыргызстандын жана кыргыз коомчулугунун демократиялык жолдун абдан олуттуу жолуна түшкөндүгү туурасында кеп болот. Бирок ал андан ары кандай өнүгөт – маселе ошондо. Азыркы тушта бул маселени оппозициянын өзү да жакшы түшүнбөгөн шекилдүү.

- Рахамт маегиңизге

XS
SM
MD
LG