Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

Жашылдар партиясынын лидерин жактагандар ачкачылыкты токтотпойт


Москва районунда ачкачылык жарыялап олтургандардын талабы тууралуу "Жашылдар" партиясынын мүчөсү, Бөлөкбаевди коргоо комитетинин мүчөсү Каныбек Сарымсаков “Азаттык” менен маектешти.

- Каныбек мырза, 26-майдан бери ачкачылык жарыялап олтурган тургундардын азыр абалы кандай? Ден соолуктары начарлаган жокпу?

- Сегиз адам ачкачылык кармап отурат. Кечээ бир адам ден-соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтотту, туугандары келип үйүнө алып кеткенге мажбур болуптур.

- Алардын ден-соолуктарын карап, дарыгерлер көзөмөл салып жатышабы?

- Эртең менен бир жана кечинде бир келип кетип атышат.

- Сот Эркин Бөлөкбаев менен Сапар Аргымбаевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок, демек алар 27-июнга чейин камакта болушат. Ачкачылык жарыялагандар ошого чейин акциясын уланта беришеби?

- Ачкачылыкты уланта беребиз дейт. Кечээ күнү Уран Рыскуловду дагы камакка алып коюшуптур. Эми анын дагы туугандары келебиз деген.

- Уран Рыскулов эмне үчүн камакка алынды, ага эмне себеп болду?

- Аны дагы Эркин Бөлөкбаев менен Сапар Аргынбаевге берген 233-беренени коюп атышат.

- Демек улуттар арасында араздашууну козутту жана башаламандык уюштурду дегенби?

- Массалык башаламандык уюштурду деген.

-Эгер сот Бөлөкбаев, Аргымбаев жана Жекшенкуловго коюлган айыптарды туура деп таап, жазага тартса аларды коргоо комитети андан ары кандай аракеттерди көрөт?

- Ал ошол убакытта чечилет.

- Азыр Петровкадагы жана Москва районундагы тургундардын айыпталгандарга мамилеси кандай болуп жатат?

- Эртеден кечке ошол жөнүндө сүйлөшүү болуп жатат, туура эмес камалган, алар элин, жерин коргойбуз деген балдар деген.

- Ал эми Петровка чатагына себепчи болуп калган деген курд улутундагы үй-бүлөлөрдүн мамилеси кандай болуп жатат?

- Эркин Бөлөкбаевди массалык башаламандыкка катышкан деп жатпайбы, алар айтып жатышат ал андан кийин, биз чакырган боюнча келген деп. Эч кандай ал массалык башаламандыкка катышкан эмес.

- Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG