Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:52

Жети-Өгүз элинин Кумтөргө дооматы күч


Жетиөгүздүктөр Кумтөр кенинен чыккан радиация терс таасир берүүдө деп тынчсызданышууда. Бул тууралуу Саруу айылынын тургуну, дарыгер Киров Султанов “Азаттыктын" түз ободогу суроолоруна жооп берди.

-Султан мырза, сиз Жети-Өгүз райондук ооруканасында көп жыл эмгектенген врач эмессизби. Мына ошондуктан кесипкөй адис катары сизден маалымат алалы деп жатабыз. Жети-Өгүз районундагы жарандардын ачыктыкты талап кылган комитетинин мүчөлөрү Барскоон кырсыгында жапа чеккендерге компенсация төлөтүп алуу үчүн өкмөт менен Кумтөр кенин иштеткен компанияга каршы сотко доо арыз бергени жатат. Чынында эле Кумтөр кенин иштетүү экологияга жана адамдардын саламаттыгына зыян келтирдиби? Эгер келсе аны кандай фактылар далилдей алат?

-Аны далилдей турган фактылар көп. Мени врач катары Кыргызстандын, анын ичинде Жети-Өгүз районунун тургундарынын саламаттыгынын начарлап кетиши тынчсыздандырат.Анткени, элдин арасында ар түрдүү оорулар, айрыкча рак дарты, анын ичинде теринин рак оорусу көбөйүп кетти. Балдардын аз кандуулугу көбөйүп, өлүм өсүп жатат. Майып, жырык балдар көп төрөлүүдө. Муну мен асмандан алган жокмун. Ага жылдык отчетто көрсөтүлгөн фактылар негиз. Жеке эле адамдар эмес айбанаттар арасында да мутация көп болууда. Буту жок музоолор, көзү сокур, 6-7 буттуу козулар туулуп жатат. Мен алардын баарын видеотасмага тарттырып койгом. Айтып отурса сөз көп, жаныбарлар гана эмес өсүмдүктөр да жапа чегип жатат. Аарылар такыр бал тартпай калды деп жатышат. Бал аарылар радиациянын таасирин аябай мыкты сезгич болушат. Чымчыктар да азайды, мисалы таранчы деген чымчык жайнап атчу эле, азыр такыр көрбөй калдым.

-Демек, жергиликтүү элдин тынчсыздануусуна негиз бар деген ойдосузбу?

-Толук негиз бар.

-Аны бийлик, депутаттар менен бирге териштирип, абалды оңдоого аракеттендиңиздерби?

-Мен бул жөнүндө 280 адамдын колу коюлган маалымат даярдап, Жогорку Кеңештин вице-спикери, депутатыбыз Кубанычбек Исабековго кайрылгам. Ал киши 2007-жылы 10-майда Кумтөргө барып, ушул маселени көтөрөбүз, талабыңар абдан туура деген. Бирок ошондон бери дайыны жок. Ошол 280 адамдын кайрылуусун райондун акимине да бердим. Бирок эч кандай аракет болгон жок.

-Эми бейөкмөт уюмдар Барскоон кырсыгынан жапа чеккендер үчүн компенсация төлөнсүн деген талап коюп жатышат. Ушул эле кадам абалды оңдойбу же башка чаралар зарылбы?

-Ошол компенсация менен эле абал оңолуп кетет деп ойлобойм. Барскоондуктар цианидден жапа чегишти. Ал эми радиациядан Саруу, Дархан, Жеңиш айылдарынын калкы жапа чегип жатат. Анткени, бул айылдар Кумтөрдөн 41 эле чакырым алыстыкта турат. Мен Кумтөрдө иштеген жердештеримден сурасам күнүнө 3-4 жолу жардыруу болот экен. Ошол жарылуудан чыккан чаң асманга 100-120 метр бийиктикке көтөрүлүп, уюлгуп туруп анан Ысык-Көлдү көздөй учат экен. Ал чаң так ушул биз турган айылдарга келип, радиациянын астында калып жатабыз. Ал эми Барскоон, Тосор айылдары батыш жакта тургандыктан радиациянын таасири көп жетпейт. Буга жергиликтүү калк абдан катуу тынчсызданып жатышат.

XS
SM
MD
LG