Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:32

Бишкекте айт намазга жүз миңдей эл чогулду


Бишкек шаарынын эски аянтында муфтий Мураталы-ажы Жумановдун имамдыгы менен курман айт намазы окулду. Намазга мусулмандар адаттагыдан да арбын чогулганы байкалды.

Бишкектеги айт намазга катышкандардын саны 100 миңге чамалаш экендигин айрым маалымат булактары белгилешүүдө. Айт намаз алдында сүйлөгөн сөзүндө муфтий Мураталы-ажы Жуманов ислам динин жамынып алып, тар кызыкчылык үчүн, башкача айтканда, жеке киши же жеке бир партия үчүн кызмат жасагандарды, натыйжада исламды жаманатты кылгандарды катуу сынга алды. Өлкөдөгү диний кырдаалды муфтий: “Эң жакшы да эмес, эң жаман да эмес,” – деп баалады.

Курман айт урматына жүздөгөн мал союп, алардын этин кыргызстандыктарга, тактап айтканда, колу жука үй-бүлөлөргө тараткан түркиялык соопкерлерге айрыкча ыраазычылык билдирди. Кыргыз Республикасынын Президенти да бул жолу өзүнүн атынан ондон ашык бодо малды курмандыкка чалып, этин элге таратып берүү тапшырмасын бергендигин муфтий сөзүнө кыстара кетти.

Куттук сөзүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулу курман айтты – Кудайдын сыноо майрамы деп атады. Ошол сыноодон өтүш үчүн адамдарга, улуттарга, мамлекеттерге ынтымакчылык өзгөчө зарылдыгын белгилеп, ынтымакчылык тиледи.

Элдин көпчүлүгү мурунку орозо айт намазындай бул айт намазды да саат 8.00.де башталат деген ойдо эртелеп келишиптир. Намаздын расмий бөлүгү саат 9.00.да башталды. Ал боюнча айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында кулактандыруулар да болгон экен. Аянтка батпай, сейилбактарга чейин кирип кеткен эл Бишкек шаар мэринин орунбасасарына сөз берилип жатканда кыйкырык-чуу салып ийбеспи!

Бул – куттук сөздөрдү азайтып, намазды баштагыла деген талап экен. Өз пикирин “Азаттыкка” Бишкек шаар тургуну Турат Нарынбаев айтып берди:

- Биз, мисалы, бул аянтка – намазга саат 6.30.да келгенбиз. Көпчүлүк тоңуп калды. Жаш балдар бар арасында. Куттуктоону кийин деле айта беришсе болот да телевизордон. Азыр намазды башташпайбы.

Муфтий Мураталы-ажы Жуманов элди сабырдуулукка, ыйык майрамды сыйлоого чакырууга аргасыз болду. Беш мүнөттөн кийин намазды баштаарын, элчилик өкүлдөрүнө бир мүнөттөн гана сөз берерин убада кылды.

Куттук сөздөрүн Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов, Түркиянын Кыргызстандагы элчилик өкүлү Шамседдин Үнал, АКШнын Кыргызстандагы элчилик өкүлү Ли Лисенбергер кыска-кыска сүйлөөгө аргасыз болушту. Көпчүлүгү кыргызча сүйлөштү.

Андан кийин сапансап айтылып, муфтий Мураталы-ажы Жумановдун имамдыгы астында мусулмандар айт намазына жыгылышты.

Эскерте кетчү жагдай, ички иштер министрлигинен Бишкектеги айт намаз учурунда одоно мыйзам бузуулар катталбагандыгы маалымдалды. Ушул курман айт күнү кыргызстандык 4687 адам Саударабстанда ажылык ибадаттарды аткарууда.

XS
SM
MD
LG