Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

Диний кырдаалды мамлекет кантип жөндөшү керек?


Кыргызстанда дин жаатындагы мамлекеттик саясатта орчундуу реформалар зарыл. Биринчи кезекте диний билим берүүнү мамлекеттин көзөмөлүнө алуу, диний уюмдар менен өнөктөш катары мамиле түзүү керек. Бул жөнүндө Бишкекте дин саясатына арналган жыйында сөз болду.

Дин иштери боюнча мамкомиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевдин айтымында, аталган жыйын өлкөнүн бардык аймактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жергиликтүү укук коргоо органдарына, жергиликтүү коомдук бирикмелердин лидерлерине өткөрүлгөн семинар-окутуулардын финалдык бөлүгү болду.

-Биз бүгүн диний саясатта жаңы фазага чыктык. Жүргүзүлгөн регионалдык иш-чаралар дин жаатындагы мамлекеттик саясатты жакшыртууну жана реформалоону талап кылаарын көрсөттү,- дейт Каныбек Осмоналиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Зайнидин Курманов жыйында сөз сүйлөп, кеңеш доорунан бери айтылып келаткан “дин -элдин башын айландыруучу апийим, идеология үчүн коркунучтуу” деген сөздөрдү токтотуу керектигин белгиледи.

Депутаттын айтымында дин деген далай мезгилдерден бери сындан өткөн өтө кубаттуу, кадыр-барктуу саясый институт.

-Кеңеш доорундагыдай диний уюмдардын үстүнөн ар кандай шартка байланыштуу саясый көзөмөл кылуу аракеттерин токтотуу зарыл. Мамлекет конституциялык түзүлүштү сактоочу катары бардык диний уюмдарга калыс мамиле кылуусу керек. Динге ишенбеген атеисттер менен түрдүү конфессиялардын ортосундагы талаш-тартышууларда мамлекет бир тараптуу, бир жактуу болбошу, калыстыктан тайбашы зарыл. Мамлекет-диний уюмдарды калкка тарбия берүү, дарылоо жана элге билим берүү тармактарындагы өнөктөшү катары мамиле түзүп, диний уюмдарды саясый тутумундагы маанилүү тармак катары кабыл алуусу керек.

Ош шаарындагы Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жергиликтүү бюросунун жетекчисинин орун басары Дарий Лилиан Кыргызстанда учур талабына ылайык дин тутуу эркиндиги тууралуу мыйзам кабыл алынып, эми «Диний билим берүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору даярдалып жаткандыгын жыйында билдирди.

Тегерек үстөлдөн талкуусунун жүрүшүндө диний топторду каттоого алуу, мечит салуу, диний уюмдардын каржылануу булактары, даватчылык жана башка динге тиешелүү маселелер тууралуу пикирлер айтылды.

Талкуу учунуда дааватчылык тууралуу да кеп болду. Өлкөнүн муфтийинин орун басары Лумар ажы да дааватты ирээтке келтирүү үчүн аракеттер көрүлүп жаткандыгын билдирди.

-Дааватка кетүүнүн да өз эрежелери бар. Биринчиден, үй бүлөлүү адам алардын муктаждыктарын чечип, канча күнгө кете турган болсо ошончо күндүк тамак ашын даярдап кетиши керек. Дааватчылар үчүн атайын улуттук кийимдердин үлгүлөрү даярдалып жатат, - деди ажы.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Борис Кубаевдин айтымында, диний билим алууга жоопкерчилик менен кароо керек. Ошондой эле диний билим берүүчү мугалимдер Билим берүү министрлигинен лицензия алуусу шарт.

-Балдарга сапаттуу билим берүүнү көзөмөлдөө керек. Аны менен бирге жогорку квалификациялуу адистер балдарды окутуп, китеп, окуу куралдары менен камсыздаш керек. Бул предметти мектептин жогорку класстарына киргизүүгө болот. Бүгүнкү күндө бул маселе министрликте каралууда, - деди Борис Кубаев.

Маалыматка караганда, азыркы мезгилде Кыргызстанда алтымыштан ашуун медресе, 9 ислам институту, бир ислам университети бар. Бирок алар мыйзамга ылайык Билим берүү министрлигинен эч кандай лицензия албай эле балдарды окутуп жатат.

Ошондой эле Кыргызстанда башка конфессияларда протестанттык багытта 15 диний окутуу мекемеси, 3 православдык багытта чиркөөлүк окуу жайы бар. Жыйында бүгүнкү күнгө чейин булардын бирөө да Билим берүү министрлигинен уруксаат документтерин албагандыгы белгиленди.

Ушу тапта Кыргызстанда отуздан кыркка чейинки багыттагы 2126 диний уюм катталган. Андан башка да катталбай эле иш жүргүзүп жаткан конфессиялар да жок эмес. Диний уюмдардын негизин суннит багытындагы ислам динин карманган уюмдар түзөт. Ал эми экстремисттик жана террордук багыттагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө өлкөнүн Жогорку Сотунун чечими аркылуу тыюу салынган.

Бишкекте өткөн дин көйгөйлөрүнө арналган тегерек үстөл жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттары, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилери, Билим берүү жана илим министрлигинин жана диний конфессиялардын өкүлдөрү, укук коргоочулар, коомдук уюмдардын ишмерлери катышты. Иш-чара өлкөнүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Ош шаарындагы жергиликтүү бюросунун колдоосу менен өткөрүлдү.
XS
SM
MD
LG