Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:19

Бишкектеги пасха майрамы


4-апрелде Бишкекте да христиандардын пасха майрамы белгиленди. Майрам көпчүлүк православдар тарабынан чиркөөгө келип чокунуу, шам жагуу расмилери менен коштолсо, машаякчылар (евангелисттер) жай гана бирин-бири куттуктап, үйлөрүндө эс алуу маанайында өткөрүштү.

Бул күнү Бишкектеги орус православдарынын борбордук чиркөөсүнө келген Мария Беляева деген аял ушунчалык сүйүнүп-делбирип жүрдү:

- Кандай улуу майрам! Карачы, кандай улуу майрам! Иса тирилди! Ошон үчүн бүткүл дүйнө салтанатуу майрамдап – кубанып атат! Жаратканга аябай ыраазыбыз – бизге ушундай жаркын өмүр берген! Иса тирилди!


Пасханын түпкү мааниси – куткарылуу майрамы. Иса тирилди деп бүткүл христиан дүйнөсү ишенген күн. Бишкек шаар тургуну София Наровчатова, маселен, мындай дейт:

- Пасха деген эмне – улуу майрам! Исаны жума күнү колу-бутун керип, крестке кадап өлтүргөн. А ушул жекшемби күнү ал тирилген! Ал – чынында эле Кудайдын баласы!

София Наровчатова пасха күнүн кандай улантарын да жашырганы жок:

- Эмне кааласаң – ичсең болот бул күнү. Бирок мас болгудай ичпеш керек. Бир аз вино татсаң – мейли. Мен, мисалы, балдарымды чакырам үйүмө. Окрошка, пельмен жасайм. Хрусталь идиштерди коём дасторконго. Хрусталь чөйчөктөрдү кагыштырганда чиркөө коңгуроолорунун үнү чыгат.

Быйылкы пасха өзгөчө! Бүт христиан дүйнөсү – ортодокстор, протестанттар, католиктер – чогуу бир күнү белгилей турган шартка туура келди. Мындай чогуу белгилөөгө туш келүү – анда-санда болчу көрүнүш.

Бишкектеги орус православ чиркөөсүнүн митрополит жардамчысы, протерий Павел пасха майрамына куттуктоо айтты:

- Мен ушул улуу пасха майрамы менен баарысын куттуктаймын! Бүгүн – Иса биздин жан дүйнөбүздү жабыркоодон куткарыш үчүн тирилген ушундай жаркын, кубанычтуу күн! Бүгүн бүт христиандар пасханы чогуу бир күндө майрамдап атышканы да – жакшылыктын белгиси. Пасхада айтылчу сөздү кайталагым келет – Иса тирилди! Чын эле тирилди!

Орус православдары пасха күнү жечү “ключи” деген тамак – ачыткыга көтүрүлүп жана мейиз кошулуп жасалат. Чиркөө тарапта бул күнү көчмө дүкөн иштеткен сатуучу Нина Андреева бизге мындайча аңгеме курду:

- Бул пасха күнкү ключи деген тамак. Биздин фабрика беш жылдан бери ушул күнү ушул тамакты чиркөөнүн жанында сатууну адатка айландырган. Жасалма түрлөрү көп сатылгандыктан – аларды албай, бизден гана алууга баары көнүп калышкан. Бул пасхадан башка күндөрү сатылбайт. А бүгүн 10 миң даанага жакын саттык.

Бул пасха майрамында машаякчылар бири-бирин куттукташат, забын иштен алыс болушат. Бирок үйлөрүндө майрам каадаларын улантышпайт. Ал жөнүндө машаякчы Каныбек Наныбаев айтып берди.

Кыргызстанда ал эми католиктердин 4 чиркөөсү бар. Алар да пасханы белгилешти. Эгемендик жылдарында католиктер аябай азайып кеткен, ал – немис улутундагылардын Германияга арбын көчүп кетүүсүнө байланыштуу.


XS
SM
MD
LG