Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Храм курулушунун чатагы


Бишкектеги орус православ чиркөө кызматкерлери эл-журтту Бишкектин Асанбай кичирайонундагы княз Владимир храмынын курулушуна акча салбоого чакырууда.

Орус православ чиркөөсүнүн Бишкектеги жана Орто Азиядагы епархиасынын катчысы Игорь Дронов Бишкектин Асанбай кичирайонундагы княз Владимир храмынын курулушу үчүн атайын түзүлгөн корго элдин соопкерчилик-жардам иретинде таштаган акчалары дайынсыз жоголуп жаткандыгын ачык айтты:

- Бул соопкерчилик-жардам кору өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөндөн бери дегеле курулуш үчүн акча чогултканы жок. Көпчүлүк болсо храмдын курулушу үчүн өз акчаларын алпарып салгандыгын айтышат. Бирок, акча салгандыгы үчүн эч кимден дүмүрчөк-документ албайт да. Демек, кордун жетекчилери ал акчаларды башка максатта пайдаланышкан. Курулуш үчүн кириш кылышкан эмес. Ошондуктан, колубуз жеткен жердин баарысында элди бул храмдын курулушу үчүн акча таштабоого чакырып жатабыз. Акчалар өз дареги боюнча пайдаланылбай жатат.

Игорь Дронов андан ары Асанбай кичирайонундагы княз Владимир храмынын курулушу үчүн атайын түзүлгөн корду жок кылуу гана максатка ылайык экендигин баса белгиледи. Бул храмды куруу боюнча атайын кор 2008-жылдын май айында эле ачылып, минюстта катталган. Бирок, ар кандай көз боёмочулуктардан улам кордун кызматкерлери биринен сала бири кетип калган. Ал турсун кордун башкы деректири, Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты Понамарева да иштебей койгон. Натыйжада 1,5 млн. доллар акча чогултуу максатында түзүлгөн кор азыр 6000 сомдон ашык карыз менен турат.

Чолпон-Атадагы Дмитрий Боголюбов храмынын башчысынын милдетин аткаруучу Артемий Долотов корду жок кылуу соттун гана иши экендигин белгиледи:

- Кор деген чиркөөгө көз каранды эмес,бул биринчиден, а экинчиден, биз бүгүнкү күнү сотко кайрыла албай жатабыз. Себеби, Бишкек, Борбор Азия боюнча орус православ чиркөөлөрүнүн жетекчиси азыр Москвада. Патриарх шайлангандан кийин – февралда гана кайтып келет.

Храмды куруу иши те 1994-жылы эле башталып, иштин 30 пайызы бүткөн. Биз княз Владимир храмын куруу корунун мүчөсү Владимир Назаров менен гана сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алдык:

- Эми баарысы жакшы болду. Жетекчилик жаңыртылды. Кордун башкы деректирлигине Сергей Шингарёв өзү шайланды. Ошентип кор сакталып калды.

Эмнегедир Сергей Шингарёв мырза биз менен сүйлөшүүдөн баш тартты. Ал эми бул орун алмаштыруу Орус православ чиркөөсүнүн кызматкерлеринин ого бетер кыжырын келтирүүдө. Анткени Сергей Шингарёв деген – эки-үч жыл мурда Санкт-Петербургдан келген адам, храм куруу боюнча кыл адисмин деп өзүн тааныштырып жүрөт.

Бирок сөз болуп жаткан кор түзүлгөндөн баштап эле ушул жерде аткаруучу-деректир болуп иштеп келген. Асанбайдагы храмдын курулушуна байланыштуу көз боёмочулуктарга толук катышы бар деп эсептелет. Андыктан муну менен иш эч качан жакшырбайт деген Орус православ чиркөөлөрүнүн Бишкектеги жана Орто Азиядагы епархиасынын катчысы Игорь Дронов жардамды башка жактан издөөнү эп көрөт:

- Бул храмдын курулушун аягына чыгаруу үчүн 1,5 млн. Доллар керектелет. Жакында эле анын баары эсептелип чыккан. Азыр эми бул акчаны Кыргызстандан табыш мүмкүн болбой калды. Орусиянын ишкерлерине жардам сурап чыкпасак болбойт.

Айрым кишилер кордун жашигине кайсы күнү канча акча салгандыгын күбөлөр аркылуу далилдеп айтабыз деп да жатышыптыр
.

XS
SM
MD
LG