Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

“Хизб ут-Тахрир” да иш тактикасын өзгөртүүдөбү?


2008-жылы Ноокат районунда Орозо айтта массалык тополоң чыгарган деп айыпталып, ондогон хизбутчулар сот жообуна тартылды.
2008-жылы Ноокат районунда Орозо айтта массалык тополоң чыгарган деп айыпталып, ондогон хизбутчулар сот жообуна тартылды.

2008-жылдын жыйынтыгынан улам Кыргызстанда да ишмердигине тыюу салынган диний-экстремисттик “Хизб ут-Тахрир” партиясы иш тактикасын заманбап өзгөртүп жаткандыгы маалым болду.

“Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик деректиринин орунбасары Канат Мырзахалилов Кыргызстанда “Хизб ут-Тахрир” партиясы сыяктуу диний-экстремисттик уюмдарга каршы иш алпарууда багыт катары карманаар мамлекеттик расмий документ – 2008-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын премьер-министри тарабынан кол коюлган “Диний-экстремизмдин, диний негиздеги чыр-чатактардын алдын алуу боюнча 2010-жылга чейинки иш-планы” экендигин баса белгиледи.

Канат Мырзахалилов Кыргызстандагы ислам дини кызматкерлеринин ресурсун пайдалануу менен, таза исламды элге-журтка түшүндүрүп-жеткирүү аркылуу да хизбутчуларга каршы күрөшсө болот деп эсептейт.

Ички иштер министрлиги тараткан маалымат боюнча, 2008-жылы диний-экстремизмди жайылтып-үгүттөгөн 93 факт катталып, анын негизинде 126 адам кармалган. 39 кылмыш иши козголуп, 47 материал улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилген. Эң негизгиси, жыл ичинде 49 адам соттолгон. Соттолгондордун саны, айрыкча жаза мөөнөтү мурунку жылдардан кескин көп.

Маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин 9-бөлүмүнүн начальник орунбасары Таалай Кадыркулов хизбутчулар да заманга ылайык иш тактикасын өзгөртүп жаткандыгын жарыя кылды:

- Хизбутчулар да иш тактикаларын өгөртүп атышат. Мурда алар баракчаларды, тиешелүү адабияттарды гана таркатса, азыр интернетке кирип, каалаган пикирлерин айтып, каалаган байланыштарын түзүп жатышат. Баракча таркатууну токтотуп да салышты.

Таалай Кадыркулов эми диний-экстремизмге каршы иш-аракет интернет мейкиндигинде да жүрүп жаткандыгына журналисттердин көңүлүн бурду:

- Биздин негизги ишибиз – диний-экстремизм боюнча оперативдүү маалыматтарды чогултуу. Ошол эле кезде биздин 9-бөлүмдө интернет мейкиндигиндеги кибер коркунучтарына каршы топ түзүлдү. Бул – диний-экстремисттик идеологиянын жайылышына бөгөт коюу иш-чарасы. Мындай топтор КМШ өлкөлөрүндө да, айталы, Орусия, Казакстандын тартип коргоо тармактарынын 9-бөлүмдөрүндө мурдараак түзүлгөн. Ал тургай келишим негизинде биздин балдар тажрыйба арттыруу үчүн Москвада окуп-иштеп келгени да жатышат.

Анткен менен өлкөдө диний-экстремисттик “Хизб ут-Тахрир” партиясынын ишмердигин токтотуу жагдайындагы иш-аракеттер алымсындырбайт деген пикирлер арбын. Ош шаарынын тургуну Курманбай Ташибаев: "Биздин аймакта алардын ишине тыюу салынды дегенди ырастай турган эч нерсе жок болуп атпайбы"- дейт.

Ош шаардык кеңешинин депутаты Авазбек Асанов болсо хизбутчулар эл менен дагы тыгыз байланышта, аларды бир тобу ээрчип алат деген ойдо.

Ал эми өзүн Марат деп тааныштырып, фамилиясын айткысы келбеген бишкектик тургундун пикири боюнча, хизбутчуларга көбүртүп-жабыртып күрөш жүргүзүү – Кыргызстандагы атайын саясат:

- Мамлекетте саясий да, экономикалык да, рухий да кризис. Ошол кризистерден элди алаксытыш үчүн атайын жасалып аткан нерсе – бул.


XS
SM
MD
LG