Быйылкы чемпионатка Нарын, Ысык-Көл, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын өкүлдөрү мөрөй талашып, мелдеш курч мүнөздө өттү.
Жеңил салмакта өлкөнүн олимпиадалык резерв окуу жайынын балбаны Эдил Беккулов чемпиондук бийиктик секиге көтөрүлдү.
66 кг салмакта олимпиадалык даярдоо борборунун өкүлү Ислам Баялинов былтыркы чемпиондук наамын сактап калды.
Ал эми 73 кг салмакта Бишкектеги «Эмгек реверви» спорт коомунун балбаны Азат Кубакаев биринчи орунду камсыз кылып, чемпион аталды. Азат аттандаштары жакшы даярдык менен келгенин, алдыдагы максаттары 2012-жылы Лондондо өтө турган жайкы олимпиадага жолдомо алып, кыргыз намысын коргоо экенин «Азаттыкка» билдирди.
81 кг салмакта «Ипон» спорт клубунун мүчөсү Медин Арыкбаев жеңишке жетишти.
90 кг салмакта Бишкектеги 10-орто мектептин окуучусу Аликбек Жусупов баралына келгенде мыкты балбан болоорун далилдеп, быйылкы жылдын өлкө чемпиондук наамына арзыды.
100 кг салмактагы балбандардын таймашууларында бишкектик Данил Бабаев чеберчилигин көрсөтүү менен былтыркы чемпиондук наамын коргоп калды.
100 кг салмактан жогорку балбандардын күч сынашуусуна Бээжин олимпиадасынын катышуучусу Талант Жанагулов катышып, ага теңдеш балбан чыкпай, жеңүүчү деп таанылды.
Талас облусттук “Дене тарбия, спорт” борборунун жетекчиси Шаршенбек Конгантиевдин айтымында кендирди кескен каражаттын жоктугунан айылдагы таланттуу, спортко шыктуу жөндөмдүү балдар чемпионаттарга катышпай, спорттун массалуулугу жоголуп баратат.
Ал эми кыз-келиндердин дзю-до күрөшүндө өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун өкүлдөрү Айгерим Сеитова, Елена Исакова, Елена Проскуракова былтыркы чемпиондук наамдарын сактап калды.
Ошондой эле Бишкектеги “Динамо” спорт клубунун мүчөлөрү Салтанат Атабекова, Мээрим Усуева жана Нагиля Сарбашева баардык атаандаштарын утуп, 2009-жылдын чемпиондору аталды.
“Эмгек резерви” спорт коомунун балбан кызы Мээрим Момунова да адистердин көңүлүн буруп, келечегинен үмүткөр кылып, өлкө чемпиону болду.