Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Көк-Бөрү: ИИМдин баш байгесин “Бөрүлүү” жеңди


23-февралда Бишкектеги «Аккула» атмайданында ИИМдин Кубогуна арналган Көк-Бөрү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул мөөрөй талашууга 13 команда катышты.

Быйылкы жылдын Көк-Бөрү мелдештеринин башталышы катары өткөрүлгөн бул турнирге Баткен облусунун гана командасы катышкан жок. Беш күндүк мелдештин жыйынтыгында 4 топко бөлүнгөн 13 командадан мыктылар иргелип, баш байгеге талапкерлер аныкталды.

Бишкектеги “Аккула” ат майданында көкбөрү командалары курч таймашууларды баштан өткөрүштү. Бардык атаандаштарын утуп алышкан Ички иштер министрлигин “Бөрүлүү” командасы менен ИИМдин мамлекеттик автоинспекциясынын командасынын ортосундагы финалдык таймашууда “Бөрүлүү” командасынын жигиттери улакты тогуз жолу тайказанга таамай таштап, баш байгени жеңип алышты.

Алардын атаандаштары жооп кылып бир гана ирет улак таштоого үлгүрүштү. Финалдык беттешүүдө “Бөрүлүү” командасынын чабуулчусу Мирлан Сражидинов айырмаланып, тай казанга 6 улак таштап, чеберчилигин көрсөттү.

Жеңишке жетишкен «Бөрүлүүнүн» жигиттерине ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Кубок менен бирге «Ваз-2107» үлгүсүндөгү автоунаанын ачкычын да тапшырды. Мындан сырткары акчалай сыйлыктар дагы ыйгарылды.

Финалдык беттешүүгө күбө болгон өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов «Бөрүлүү» командасынын чеберчилиги жогору экенин «Азаттыка» айтып, чыныгы таймашуулар май айында болоорун билдирди.

Ал эми үчүнчү орун үчүн беттешүүгө Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын командасы менен Нарын облусунун “Дордой” командасы таймашууга чыгып, натыйжада 8:4 эсебинде “Дордойдун” жигиттери утуп, коло байгелүү болушту.

Өлкөнүн көкбөрү федерациясынын башкы катчысы Темир Дүйшекеевдин айтымында, бул финалдык беттешүүдө жигиттер өз чеберчиликтерин көрсөтө алышкан жок. Себеби ат майдан баткак болуп, улак дагы оорлоп бүйүр кызыткан оюн болбоду. Бирок таланттуу жигиттер, жаштар, жаңы командалар өсүп келатканын көрсөттү:

- Көк-Бөрү жана спорт менен эгемендүү өлкө катары таанылып жатабыз. Ошондуктан намысты туу кылып, башкаларга уят болбошубуз керек.

Көк-Бөрү күйөрманы “Шоро” фирмасынын жетекчиси Табылды Эгембердиевдин айтымында, улакчылардын деңгээли жыл өткөн сайын жогорулап, улак тартуу улам кыйын болуп баратат:

- Үйдө баатыр боло бербей, коңшу Казакстандын көкбөрүчүлөрү менен дагы мөрөй талашууларда жеңип чыгуу зарыл.

Экинчи орунду ээлеген МАИ башкармасынын командасына күмүш медаль жана 150 миң сом сыйлык ыйгарылды. Байгелүү үчүнчү орунду ээлеген Нарындын “Дордой-Динамо” командасына коло байге менен кошо 100 миң сом акчалай сыйлык берилди.

Төртүнчү орунга илинген Талас облусунун командасы 70 миң сом сыйлыктын ээси болду. Калган тогуз команданын ар бирине акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Ошондой эле мыкты улакчы деген атайын байге “Дордой” командасынын оюнчусу Эрмек Шекитовго берилди.

Мелдеште тай казанга эң көп улак таштаган “Бөрүлүү” командасынын чабуулчусу Радмир Саманчиевге да атайын сыйлыкты улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Мурат Суталинов тапшырды.

Мелдештин эң жаш оюнчусу деген сыйлыкка чүйлүк 17 жаштагы улакчы Элдияр Тургунбеков татыктуу болду. Ошондой эле эң картаң улакчы деген сыйлык 48 жаштагы Кемелбек Сманалиевге берилди.
Мындан сырткары мыкты ат, мыкты спорттук кийимдер үчүн дагы сыйлыктар ыйгарылды.

Өлкөнүн ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин пикиринде, бабалардан мурас болгон Көк-Бөрү оюну эл аралык деңгээлде таанылып, жаштарды кылмыштуулук жолуна түшүрбөй, ден соолуктарын чыңдап, мекенди коргоого даярдап жатат.

Быйылкы ички иштер министрлигинин Кубогуна арналган турнирге Нарын, Талас, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абат, Чүй облустарынын жана ИИМдин башкармалыктарынын командалары катышты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG