Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Спорттук ишмердик үчүн лицензия киргизилет


Айрым устаттар спорттун өзгөчөлүктөрүн жакшы билбегендиктен балдардын ден соолугуна зыян кылган жагдайлар кездешкендиктен лицензия берүү маселеси каралууда. Бул коррупцияга жол ачат дегендер бар.

Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов Кыргызстанда жакында спорт, дене тарбия ишмердүүлүгү үчүн милдеттүү лиценция алуу киргизилээрин “Азаттыка” билдирди.

Анын айтымында мындан он жыл мурда кабыл алынган “Дене тарбия жана спорт мыйзамы” чийки болуп, учур талабына жооп бербей калгандыктан кошумча-алымча менен кайра иштелип чыгууда.

-Лицензия берилбей, машыктуруучулардын дарамети аныкталбагандыктан айрым учурда балдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизген жагдайлар арбын болууда. Ошондуктан милдеттүү лицензия алуу талабы коюлууда. Атайын комиссиянын мүчөлөрү адис- машыктуруучуларды билим деңгээлин текшергенден кийин гана лицензия берет. Себеби учурда бир-эки ыкманы үйрөнүп алып же спорт чебердигине талапкер, 1 разрядчы болуп алып чыгыш өнөрү, бокс же таэквондо же башка спорт түрлөрү боюнча инструктор, кызматкер болушуп, балдардын ден соолугунун өзгөчөлүктөрүн билбей кайра зыян кылып жатышат.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун пикиринде спорт ишмердүүлүгү үчүн лицензия берүү коррупциянын булагына айланып, жаш спорт адистеринин жолун тосушу мүмкүн.

-Андан көрө спорт имараттарынын, жайлардын абалы учур талабына жооп береби, сантиардык нормалар сакталабы ушул жагдайларга көңүл буруу зарыл. Кыргыз дене тарбия академиясын беш жыл окуп, спорт машыктыруучусу деген диплом алып, адисттикке ээ болгон жаштарды кайра лицензия алууга түртүү бул “бөйрөктөн чыккан чыйрактай” эле маселе. Ансыз деле айлыгы аз машыктыруучулук ишке жаштар тартылбай, кары устаттар гана калды. Мындай көрүнүш жаш адистерге бут тосуп, жолтоо гана болот.

Спорт чебери, улуттук даражадагы калыс Канат Арпачиевдин айтымында дене тарбия адистигин албай өз алдынча окуп, үйрөнгөн чыгыш өнөрлөрү боюнча гана машыктыруучуларга лицензия берип, көзөмөлгө алуу керек.

-Анткени чыгыш өнөрлөрүндө машыккандар каратэ-до болобу, таэквондо болобу “кара кур” же 1-2 дан деген даражаларды алышат да, бирок алар дене тарбия Академиясынан били алышпагандыктар алар балдардын ден соолугунун өзгөчөлүктөрүн, айырмачылыктарын жакшы билбегендиктен көпчүлүк учурда жаракат алып, зыянга учуратып койгон учурлар да кездешүүсү мүмкүн.

Мындай пикирге юрист-кеңеш берүүчү Өмүрбек Рыскелдиев да макул болгону менен спорттун айрым гана түрлөрү боюнча лицензия берүү керектигин айтып, бул жагдай дене тарбия, спорт тармагына тартипти алып келээрин “Азаттыка” билдирди.

Өлкөнүн айкидо федерациясынын президенти Гүлмиза Сейталиеванын айтымында лицензияны спорт агентиги федерацияларга гана берсе, алар өздөрүнүн машыктыруучуларын сындан өткөрүп, лицензия тапшырса көзөмөл болот.

Учурда өлкөдө чыгыш өнөрлөрү боюнча федерациялар такшалып калган айрым спортчуларга өз алдынча лицензия же күбөлүк берип, машыктыруучулук кызматты берип жүрүшөт.

Мындай башаламандыкты, федерациялардын өзүм билемдигин токтотуу, иретке келтирүү үчүн Дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо мамлекеттик агентиги бул милдетти өзүнө алуу менен атайын комиссия гана лицензия берүү маселесин көтөрүүдө. Бул демилге кандай деңгээлде, тартипте ишке ашып, “Дене тарбия жана спорт” мыйзамына качан киргизилип, кабыл алынаары али белгисиз.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG