Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Евгений Ваккердин командасы “Тур-Малайзия” веложарышында экинчи болду


Велоспорттон «Тур-Малайзия» жарыштарга 22 кесипкөй команда катышып, Азия чемпиону, кыргызстандык Евгений Ваккердин командасы экинчи орунду ээледи. Ал майда Жапониядагы Азия Кубогуна катышат.

Азия чемпиону Евгений Ваккердин Кыргызстанда кесипкөй өнөктөштүктөрү жоктугунан мурда 14 жылдай Германияда машыгып жүргөн. 2008-жылдан октябрынан баштап Иран өлкөсүнүн “Азад университет” командасынын катарында эл аралык мелдештерге катышууда.

Былтыркы Азия чемпиону болгондуктан Малайзияда Евгений Ваккер сары майкечен топ баштоого укук алып, 125 спортчудан 8 этаптык жарышта төртөөндө марага озуп келди.

Жапон, АКШ, Кытай, Тайланд, Австралия, Катар, Иран, Индонезия, Жаңы Зеландия, Тайпей, Малайзия жана Филиппиндер өлкөлөрүнүн 22 кесипкөй велоспорт командаларынын жарыштарынын жыйынтыгында кыргызстандык Евгений Ваккер баштаган Ирандын “Азад университет” командасы экинич орунду ээледи.

Анын ирандык өнөктөшү Амир Заргари да төрт этапта марага экинчи келип, арбын упай топтоого негиз берди.
Малайзиядагы веложарыштарда австралиялык Тимоти Ро баш байгенин ээси болду.

Евгений Ваккердин алдыдагы максаттары тууралуу устаты, өлкөнүн велоспорт федерациясынын президенти Эркин Акрамов мындай деди:

- Мелдеш жогорку деңгээлде өттү. Эми Жапониянын борбору Токиодо өтчү Азия Кубогуна даярдык көрүп, Кыргызстандын намысын татыктуу коргойлу деп тилек кылып турабыз. Анан 2010-жылы Гуанжодо өтө турган 16-Азия оюндарына даярдык көрүү үчүн каражат керек. Жапонияга виза, жол кире маселелери алигиче чечиле элек.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов айтымында велоспортко өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбагандыктан мыкты адистер чет мамлекеттерге кетип калышкан.

-Велоспорт боюнча Кыргызстандын намысын эл аралык арендада жалгыз Евгений Ваккер коргоп жүрөт. Ал дагы бир топ жылдан бери Германиянын спорт клубунда машыкккандыктан ийгилик жаратып келүүдө. Эгерде 35 жаштагы Евгений Ваккер спорт менен кош айтышса, өлкөдө андан бөлөк велоспорттон “бычакка сап бир дагы жигит жоктугу өкүндүрөт”,- дейт Бообек Кадыркулов.

Кыргызстанды эл аралык аренада таанытып жүргөн Евгений Ваккер быйыл 35 жашка толот. “В” тобундагы велоспортчулар арасында 1998-жана 2003- жылы дүйнө чемпиону жана күмүш, коло байгелердин ээси болгон.

Хиросима, Бангкок, Пусан жана Доха шаарларында өткөн Азия оюндарында 3 ирет күмүш, бир жолу коло медаль уткан. Эл аралык мелдештердин бир нече жолку жеңүүчүсү болуп саналат. Атланта, Сидней жана Афина олимпиаларына катышканы менен ийгилик жарата алган эмес. Былтыр Азия чемпиону болгону менен Бээжин олимпиадасына да жолдомо албай, катышпай калды.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун айтымында Евгений Ваккер Кыргызстанда машыгууга шарт жоктугунан Германияда жашап, спорт клубунда чеберчилигин арттырып келген. Ага былтыр учур талабына шайкеш спорттук жаңы велосипеди олимпиадалык даярдоо борбору 7 миң еворго сатып берген.

-Велоспорт боюнча ал жеткен ийгиликке бир да спортчу жете элек. Азия оюндарында эле төрт жолу катары менен байгелүү орунга ээ болгон, 15 жылдан бери чеберчилиги жогору экенин далилдеп келет. Кыргызстанда эгемендүүлүк менен өлүп бараткан велоспортту сактап калуу үчүн Евгений Германияга барып, профессионалдык спорт клубунда машыгып, өлкө намысын коргоп келүүдө. Эми Ирандын кесипкөй клубунун катарында мелдештерге катышып, мөрөй ала баштады .Бул спортту колго алууга мезгил жетти.

Евгений Ваккер май айында Жапонияда өтчү Азия Кубогуна катышып, чемпиондук наамын сактап калууга даярдык көрүүдө.
Ал былтыр Жапониянын Нара шаарында өткөн Азия чемпионатында 32 км аралык веложарышта марага биринчи келип, Азия чемпиондугун экинчи ирет жеңип алган.

Спорт күйөрмандардын эсине:1966-жылы Борбор Азия боюнча велотрек Бишкекте курулган. Бирок учурда керектен чыгып, кароосуз калып баратканы өкүндүрөт.

Велоспорт Кыргызстанда өткөн кылымдын 30-жылдардан баштап өнүгө баштаган. Чүй өрөөнүндө, Ысык-Көлдө эл аралык мелдештер өткөрүлүп турган. Э.Я.Лившиц, В.И.Лусников Кыргызстанда биринчилерден болуп велоспорт боюнча 1957-жылы «СССР спортунун чебери» наамын алышкан. Ал эми Г.М.Карабаев уландар арасында 1974- жылы, С.А.Иванов студенттер арасында 1978-жылы дүйнөнүн чемпиону болгон, Кыргызстандык Игорь Дзюба 1992- жылы Барселонада олимпиадалык оюндарда 4-орунду ээлеген.

Кыргызстандын жаратылышы, айрыкча Ысык-Көл аймагы велоспортту өнүктүрүүгө ыңгайлуу болгону менен өкмөттүк деңгээлде бул тармакка көңүл бурулбай келет.

“Жалгыз таруу ботко болбойт” дегендей келечекте Евгений Ваккердин ордун басып, жолун улантуучу бир дагы велоспортчу жоктугу спорт жетекчилерин алиге чейин ойлонто элек.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG