Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Азия чемпионатында кыргызстандык эки балбан коло медаль тагынды


6-майда Тайландда эркин күрөшү боюнча жигиттердин Азия чемпиондугу үчүн таймашуулары улантылат.Чоңдор арасында эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык эки балбан коло медаль тагынды.

Кыргызстандык спорт күйөрмандардын көбү Тайланддын Паттай шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын беттешүүлөрүнө кулак түрүп турган учуру.

Алгач кечээ 5- майдагы жигиттер арасында эркин күрөш боюна Азия чемпионатынын күч сынашууларынын жыйынтыктарын маалымдай кетели. Кечээ кыргызстандык үч жигит жана бир балбан кыз мөрөй талашууга чыгып, өлкө намысын коргоду.

55 кг. салмакта өлкөнүн намысын Азия чемпионатында коргогон жаш балбан Нурлан Орозбек уулу алгачкы атаандашы түштүк кореялык биринчи беттешүүдө түштүк кореялык Суб Кимге алдырып койду. Ушул корей балбаны финалга чыккандыктан Нурлан коло байгеге талапкерлердин бири катары казак балбаны Абылай Телтаев менен күрөшүп, аны утуп алды.

Коло медаль үчүн таймашууда кыргызстандык Нурлан Оробек уулу жапон Семито Шумизо менен беттешти. Натыйжада аны утуп, Нурлан Оробек ууулу коло медалдын ээси болду.

60 кг. салмакта мөөрөй талашкан Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Базар Базаргуриев биринчи беттешүүдө казакстандык Шосулан Мухтарбекулини утуп алганы менен чейрек финалда түндүк кореялык Хуок Тонг Жодон аз упай айырма менен жеңилип калды. Бирок Базар Базаргуриев үчүнчү орунга талапкер катары беттешүүдө сириялык Лианаге Рину жеңип, коло байгеге талапкердин бири болду. Кыргызстандык Базар балбан жапон Шого Маэда менен үчүнчү орун үчүн күрөштү.

Натыйжада Базар Базаргуриев жеңип, Азия чемпионатынын коло медалын тагынды.

66 кг. салмакта кыргызстандык Батыр Базаров Азия чемпионатында биринчи күч сынашууда сириялык Фернандону утуп, экинчи беттешүүдө тажикстандык Игнатий Андросовду да жеңип алды.

Жарым финалга чыгуу үчүн мөөрөй талашууда Батыр Базаров жапон балбаны Татсухичо Юонемитсуга алдырып койду. Бирок ал үчүнчү орун үчүн талапкерлердин таймашуусунда кытайлык Жилибу Хейди жеңип алды. Коло байгеге талапкер катары Батыр түштүк кореялык Жи Ум менен килем үстүндө күч сынашты. Ал үчүнчү орун үчүн таймашууда утулуп калды.

Өлкөнүн эркин күрөшү федерациясынын вице-президенти, СССРге жана Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Жеңиш Дөңбаевдин айтымында, Паттайдагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Нурлан Орозбек уулу менен Базар Базаргуриев үмүттү актап, 2 коло медаль жеңип алышты.

-Кыргызстандык балбан 2007-жылдагы эркин күрөш боюнча Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло медаль ээси Базар Базаргуриев менен Нурлан Орозбек уулу Паттайда дагы бир ирет мыкты даярдыгын көрсөтө алды.

Ал эми 59 кг. салмактагы оштук балбан Айдай Исакова да 5-майда килем үстүндө күрөшкө чыгып, биринчи беттешүүдө кытайлык Мей Жигден жеңилүү ызасын тартты. Бирок оңдой берди болуп кытайлык аттандашы баш байгеге талапкер болгондуктан Айдай Исакова коло медаль үчүн түштүк кореялык Жи Ум менен күрөштү. Натыйжада Айдай Исакова коло байгеден куру калды.

Бүгүн 6-майда Паттай шаарында эркектер арасында эркин күрөштөн Азия чемпионатынын беттешүүлөрү улантылат. Мында кыргызстандык төрт балбан мөөрөй талашууга чыгат. Бул күнү 74, 84, 96, 120 кг. салмактагы кыргызстандык балбандар Илгиз Жакыпбеков, Талант Жекшенов, Данияр Самсалиев жана Айал Лазеров күч сынашат.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун пикиринде, кыргызстандык жигиттер үчүн мөрөй талашууларда кимдер атаандаш болоору аныкталды.

74 кг. салмакта Илгиз Жакыпбеков биринчи беттешүүдө кытайлык Жукай Фанг менен күрөшөт. Адистердин айтымында, бул жаш балбандын мөөрөй алуусу кыйынга турчудай.

84 кг. салмакта Талант Жекшенов биринчи таймашууда түштүк кореялык Же Сунгм Ли менен мөрөй талашат.

96 кг. салмакта Кыргызстандын намысын коргой турган Данияр Самсалиев биринчи беттешүүдө ирандык балбан Саид Абрахим менен күч сынашат.

Оор салмактагы Айал Лазаров болсо кытайлык Хей Юсахадей менен килем үстүндө күч сынашат.

Паттайдагы Азия чемпионаты 6-майда жыйынтыкталат.













  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG