Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:16

Паттайда эркин күрөштөн Азия чемпионаты жыйынтыкталды


Кыргызстандык Базар Базаргуриев Азия чемпионатынын коло медалын тагынды.
Кыргызстандык Базар Базаргуриев Азия чемпионатынын коло медалын тагынды.

Кечээ эркин күрөштөн кыргызстандык эки балбан Азия чемпионатынын коло байгесин утса, 6-майда күрөшкөн 4 балбандан Талант Жекшенов гана үчүнчү орунга талапкер болуп, бирок жеңилүү ызасын тартты.

6-майда Паттай шаарында эркектер арасында эркин күрөштөн Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Мында кыргызстандык төрт балбан мөрөй талашууга чыгып, күч сынашты.

Алгач 74 кг. салмакта кыргызстандык Илгиз Жакыпбеков биринчи беттешүүдө кытайлык Жукай Фанг менен күрөшүп, жаштык кылып алдырып койду.

84 кг. салмакта өлкө намысын коргогон Талант Жекшенов биринчи таймашууда түштүк кореялык Же Сунг Ли менен мөрөй талашып, аз упай менен утулуп калды. Бирок корей балбаны баш байгеге талапкер болгондуктан Талант Жекшеновго оңдой берди болуп, үчүнчү орун үчүн күрөштү.

Натыйжада коло байге үчүн таймашууда индиялык Ануж Кумар менен Талант Жекшенов күч сынашып, Талант аз упай менен утулуп, үчүнчү орунга илинбей калды.

Ал эми 96 кг. салмакта кыргызстандык жаш балбан Данияр Самсалиев биринчи беттешүүдө ирандык тажрыйбалуу балбан Саид Абрахим менен күрөшүп, утулуп калды. Бирок Даниярга үчүнчү орунга талапкерлердин бири болуу ыңгайы туш болгону менен ирактык Мохаммед Сухаилден жеңилүү ызасын тартты.

Оор салмактагы кыргызстандык жаш балбан Айал Лазаров болсо биринчи беттешүүдө эле кытайлык Хей Юсахадейге алдырып коюп, чейрек финалга да чыккан жок.

Паттайдагы Азия чемпионатында 55 кг. салмакта кыргызстандык Нурлан Орозбек уулу менен 60 кг. салмакта мөөрөй талашкан Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Базар Базаргуриев Азия чемпионатынын коло медалын тагынды.

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык Батыр Базаров менен Айдай Исакова дагы колдо турган коло байгени алдырып коюп, арманда калышты.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун пикиринде, кыргызстандык балбандар Паттайдагы Азия чемпионатында 4 коло медаль утуп, 2012-жылкы Лондон олимпиадалык мөөнөттү дурус баштаганы менен жергиликтүү балбандарга көңүл буруу зарыл.

Өлкөнүн эркин күрөшү федерациясынын вице-президенти, СССРге жана Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Жеңиш Дөңбаевдин айтымында, Паттайдагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Нурлан Орозбек уулу менен Базар Базаргуриев үмүттү актап, 2 коло медаль жеңип алышты. Яна Панова дагы эркин күрөштөн быйыл дагы Азия чемпионатында үчүнчү орунду ээледи.

-Кыргызстандык балбан 2007-жылдагы эркин күрөш боюнча Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло медаль ээси Базар Базаргуриев менен Нурлан Орозбек уулу Паттайда дагы бир ирет мыкты даярдыгын көрсөтө алды. Талант Жекшенов колунда турган коло медалды уттуруп жиберди. Кыргызстандык балбандар жоон ортодо жүрүп, биз күткөндөй алтын байгеге жетпей калышты. Айрыкча Базар Базаргуриевден алтын медаль күтүп, үмүт кылган элек. Эми Азиядагы каталыктарды карап, Данияда күзүндө өтө турган дүйнө чемпионатына мыкты даярдык көрүүбүз керек.

Мурдакы жылдары эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугун кыргызстандык Базар Базаргуриев менен Алексей Крупняков уткан. Кыргыз балбандарынан Нурбек Изабеков, Руслан Мажинов жана Болот Өмүракунов Азия чемпионаттарында күмүш байгелүү болушкан.

Паттайдагы Азия чемпионатында коло байге уткан Нурлан Орозбек уулу, Базар Базрагуриевден сырткары Максат Бобурбеков, Алмаз Аскаров, Руслан Сүменков дагы үчүнчү орундарды камсыз кылышкан.

Кыргызстандык кыз-келиндерден жалгыз Яна Панова Азия чемпионаттарында бир нече ирет күмүш жана коло медаль тагынган.

Ал эми уландар, жаштар арасында Турарбек уулу Нурлан, Ноорузбек Белеков, Азат Дөңбаев жана башка жаш балбандар Азия биринчилигинде мөрөй алышкан.

Паттайдагы эркин күрөш боюнча Азия чемпионаты 6-майда жыйынтыкталды. Мында ирандык балбандар эркин күрөштөн эле 5 алтын медаль утуп алуу менен командалык биринчи орунду ээледи. Экинчи орун Түштүк Корея өлкөсүнүн балбандарына ыйгарылды.














  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG