Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Жаңыл Тиленбаева - шахматтан өлкөнүн үч жолку чемпиону


Шахмат боюнча кыз-келиндер арасында чемпиондук наамды Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти Жаңыл Тиленбаева үчүнчү ирет жеңип алды.

Мындан эки күн мурда кыз-келиндер арасында шахматтан өлкө чемпионаты жыйынтыкталды. Бишкек шаардык шахмат клубунда Жалал-Абад облусунан башка өлкөнүн бардык аймактарынын келишкен 26 шахматчы кыз-келиндердин мөрөй талашуусу курч мүнөздө өттү.

Натыйжада Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти Жаңыл Тиленбаева мүмкүн болгон 9 упайдан 8,5 упай топтоп үчүнчү жолу өлкө чемпиону аталды.

Экинчи орунду Жаңылдын устаты жана апасы спорт чебери, дүйнөлүк шахмат олимпиадаларынын көп жолку катышуучусу Бактыгүл Тиленбаев камсыз кылды. Ал 7,5 упай топтоо менен күмүш медаль тагынды.

Үчүнчү орунду 6 упай менен Баткен облусунун өкүлү Грета Лим ээледи.

Бишкектик Шахнази Мусаева турнирдегилердин эң кичинеси аталып, федерациянын өзгөчө белегине ээ болду.

Шахмат боюнча кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпиондугун үчүнчү ирет жеңип алган Азия чемпионатынын күмүш байге ээси, бишкектик Жаңыл Тиленбаева июнда Ташкентте өтө турган аймактык мелдешке даярдык көрүү үчүн эркектер арасындагы чемпионатка катышып жатканын «Азаттыкка» билдирди.

- Быйыл даярдык ойдогудай болду эле. Бирок быйыл каражат маселеси чечилбей Филиппиндер өлкөсүндө өтүп жаткан Азия биринчилигине барбай калдык. Мен шахмат боюнча дүйнө чемпиону болгум келет. Ошондуктан эркектер арасындагы өлкө биринчилигине катышып, даярдык көрүп, жайында Ташкентте боло турган аймактык мелдешке катышканы камынып жатам.

Өлкөдө кыз-келиндер шахматынын өсүп-өнүгүшүнө салым кошкон спорт чебери Бактыгүл Тиленбаеванын айтымында таланттуу жаш кыздар арбын. Аларга шарт түзүп, камкордукка алып, эл аралык мелдештерге катыштырып турсак, Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

-Бизде таланттуу кыздар абдан көп. Ушул жаштардын ата-энелери дубанадай болуп, ар кайсы жактан каражат таап, ушундай ийгиликтер жаралууда. Эгер бизде Өзбекстандагыдай, Казакстандагыдай көңүл бурулганда мындан да чоң ийгиликтер болмок. Мамлекет өзүнүн таланттуу жаштарына көп көңүл бурса мындан да чоң ийгиликтерди жарата алаарыбызга ушул турнирден кийин терең ишенип калдым. Себеби биз бул кыздардын курагында мындай ойной албайт элек. Ошондуктан 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата мелдеш өткөрсөм деген тилек бар.

14-майда Филиппиндер өлкөсүндө шахмат боюнча Азия чемпионаты башталды. Тилекке каршы Кыргызстандын шахматчылары быйылкы Азия акыл таймашуусуна катышпай калды.

Шахмат боюнча жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегиндин айтымында Кыргызстандын шахмат федерациясынын президенти, өлкөнүн экономика, соода министри Акылбек Жапаров баштаган ушул уюмдун жетекчилеринин кенебестигинен, кайдыргелигинен кыргызстандык шахматчылар Азия чемпионатына катышпай, уят болуп калышты.

-Кыргыз спортуна, айрыкча шахматчыларга күйгөн, жаштарга көңүл бурган жетекчиге жана демөөрчүгө зар болдук. Акылбек Жапаровду федерацияга жетекчи кылып шайлаган менен алгылыктуу жардам берген жок. Кыргызстанда спорт тармагында саясат жок деп эсептейм. Ошентсе да намыс үчүн Кыргыз туусун эл аралык аренада жогору көтөрүп жүрөбүз. Филиппиндер өлкөсүндө башталган Азия чемпионатына Кыргызстан катышпай калды. Биз каражат издеп жүрүп, кудайчы болуп бүттүк. Мен бир нече жолу Азия чемпионаттарында байгелүү орунга ээ болуп, эки жолку Азия чемпиону болсом да Кыргыз спорт агентиги стипендия бербей жүрөт. Кыргызстандын шахматчылары ата- энелердин колдоосу менен гана кармалып турат.

Эркектер арасындагы шахмат боюнча өлкө биринчилигин жеңүүчүлөрү 24-майда аныкталат.

Быйылкы чемпионаттын жеңүүчүлөрү Ташкентте өтө турган аймактык мөрөй талашууга катышып, эгерде ийгилик жаратса дүйнө кубогуна катышууга укук алышат.




  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG