Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:06

Кожомкул баатырдын байгесин төрт өлкөнүн балбандар утту


Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Базар Базаргуриев
Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Базар Базаргуриев

Эркин күрөштөн Каба уулу Кожомкулдун байгесине арналган эл аралык мелдеште 7 мамлекеттин балбандары күч сынашып, жеңүүчүлөрү аныкталды. Мында кыргызстандык балбандар 3 алтын медалдын ээси болушту.

Кыргыздын даңазалуу балбаны Каба уулу Кожомкулдун байгесине эл аралык мелдеш 47- ирет өткөрүлдү.

Быйылкы турнирде Польша, Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын тандалган эки жүздөн ашуун балбаны күч сынашты.

Жеңил салмакта баш байгени Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинин өкүлү Михаил Захаров жеңип алды.

60 кг. салмакта Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Базар Базаргуриев жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү.

Кожомкулдун баш байгесин уткан Базар Базаргуриев мелдеш курч мүнөздө өткөнүн, атаандаштарынын чеберчилиги жогору экенин, эми күзүндө Данияда өтө турган дүйнө чемпионатында өлкө намысын коргой турганын “Азаттыкка” билдирди.

-Мелдеш жогорку деңгээлде өттү. Эми польшалык, орусиялык жана кытайлык балбандар менен бирге машыгуу үчүн Ысык-Көлгө жөнөп жатабыз. Быйылкы башкы максатым - Данияда күзүндө өтө турган дүйнө чемпионатында баш байгенин ээси болууга аракет кылып, Кыргызстандын намысын коргоп, медаль утуп келүү.

66 кг салмакта дагы Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын балбаны Азат Дөңбаев биринчи орунду камсыз кылып, алтын медаль тагынды.

Ал эми 74кг салмакта баш байге үчүн өзбекстандык Артем Присяжнюк менен казакстандык Асет Дукенбаев күч сынашып, Артем артыкчылык кылып, атаандашы Асетти утуп алды.

Ошондой эле 84 кг салмакта алыскы Польша өлкөсүнөн келген балбан Радослав Марцинкевич Кожомкулдун байгесин утуп, олжолуу кайтты.

Мелдеште калыстардын айынан мөрөй албай арманда калган казакстандык Адилет Жетибаев бул Кожомкулдун байгесине арналган эл аралык турнирде калыстар кыргыз балбандарына тартып, калыстыктан тайганын сынга алып, өз пикирин “Азаттыкка” билдирди.

96 кг. салмакта финалда казакстандык Абай Карбагай менен бишкектик Дмитрий Чуплан күч сынашып, акыркы мүнөттө талдыкургандык Абай упай менен утуп алды.

Оор салмакта алматылык Андрей Сватковский баралына келгенде Ажымукандай балбан болоорун айгинелеп, турнирдин баш байгесин утуп алды.

Казакстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Төрө Жаркынбаев Кожомкул атындагы мелдештин деңгээли дагы жогорулатуу үчүн Европа мамлекеттердин, Түркия, Монголия, Иран баштаган өлкөлөрдөн балбандарды чакыруу менен эл аралык кадыр- баркын көтөрүүнүн зарылдыгын билдирди:

- Жаштарга шарт түзүп, камкордукка алынса, бул турнирдин мааниси зор болмокчу. Себеби Кожомкулдун байгесине арналган мелдештен чыгаан балбандар такшалуу мектебинен өтүшкөн. Мындай мелдешке спорт державалары болгон Түркия, Иран, Кытай, Индия, Монголия баштаган 10-15 мамлекеттин командасын чакырып, жогорку деңгээлде өткөрүүгө болот эле. Быйылкы мелдешти уюштуруу орто деңгээлде өттү. Себеби Иран, Түркия балбандары келбей калды. Европа менен Азия күрөштөрүн айкалыштырып, тажрыйба алмашсак, натыйжасы жогору болмок.

Өлкөнүн эркин күрөш боюнча башкы машыктыруучусу Анарбек Үсөнкановдун айтымында Кожомкул атындагы мелдеш таанымал балбандар Руслан Искенов, Жеңиш Дөңбаев, Кенжебек Өмүралиев, Русланбек Мажинов, Алмаз Аскаров жана башкалардын чеберчилигин жогорулатып, чоң спорттогу жолун ачкан.

-Ошондой эле кыргыздын биринчи спорт чебери, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Сарыгул Чекиров 1962- жылы ушул мелдештин алгачкы жеңүүчүсү болгон.

Эми кыргызстандык балбандар үчүн башкы сыноо- күзүндө Данияда өтө турган дүйнө чемпионатынын таймашуулары турат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG