Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

Байгелерди олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова тапшырды


Олимпиадалык чемпион Татьяна Колпакова. Ортодо
Олимпиадалык чемпион Татьяна Колпакова. Ортодо

Бишкекте Москва олимпиадасынын бийиктикке секирүү боюнча чемпиону Татьяна Колпакованын байгесине арналган эл аралык мелдеште Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жеңил атлетчилери мөрөй талашты.

Өткөн ишемби жана жекшемби күндөрү борбордогу “Спартак” стадионунда Орусия,Өзбекстан, Казакстан. Тажикстан жана Кыргызстандын үч жүздөн ашуун спортчусу олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын байгеси үчүн күч сынашты.

Мында командалык биринчи орунду өзбекстандык жеңил атлетчилер ээлеп, алар 19 алтын байгелүү болушту. Экинчи орунду казакстандык спортчулар жеңип, алар 13 алтын медалды олжолоп кетишти.

Орусиянын жана Тажикстандын өкүлдөрү бирден алтын байге утуп алышса, кыргызстандык спортчулар бул ирет биринчи орунга илинбей калышты.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун пикиринде даңазалуу жөө күлүктөр Сатымкул Жуманазаров, Айып Исаков, Тобокел Мамыров жана башкалар айылдан чыккан. Ошондуктан айылдык жеңил атлетчилерге, таланттарга басым жасоо менен ушундай мелдештерден сындан өткөрүп туруу зарыл.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун айтымында быйылкы 12- ирет өткөрүлгөн мелдешке 6 мамлекеттен сырткары Иран, Ирак, Сирия. Израиль, Кытай өлкөлөрүнүн спортчулары расмий чакырылган. Бирок алар белгисиз себептерден улам турнирге келбей калышты.

Учурда Москва облусунда жашап жана иштеп жаткан кыргызстандык олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын пикиринде жыл өткөн сайын мелдештин деңгээли жогорулап, катышкан спортчулардын чеберчилиги өсүп баратат:

-Мага олимпиадалык бийиктиктерге жол ачкан “Спартак” стадиону дагы учур талабына ылайык жабдылып, спорт ордосуна айланып баратканы сүйүндүрөт. Жыл өткөн сайын мелдештин дагы деңгээли жогорулап баратат. Бирок быйыл кыргызстандык спортчулардан биринчи орунду ээлебей калышы мени дагы ойго салды. Мелдештен кийин талдоого алып, машыктыруу усулдарын кайра иштеп чыгуу керек. Москвадан атайын келип, кыргызстандыктарга алтын байге тапшырбай маанайым чөгүп калды. Бул турнир менин спорттук ийгиликтеримди баалап, урматтоо болсо, жаштарды чоң жарыштарда сыноо десек жарашат.

Олимпиада чемпиону сыяктуу бийиктикке секирүүдө казакстандык Константин Сафронов мелдештин жаңы рекорддун жаңыртып, 7 метр 97 см аралыкка секирди.

7 метр 31 см көрсөткүчү менен кыргызстандык Александр Конопелько экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды.

Ошондой эле 10 миң метр аралыкка чуркоодо өзбекстандык жөө күлүк Андрей Петров турнирдин жаңы рекорддун жаңыртып, марага 30 мүнөт 39 секунда келди. Өзбекстандык кыз-жигиттер командасы эстафеталык жарыштарда дагы биринчи орунду ээлеп, жаңы чек койду.

Кыздардын эстафеталык жарышында кыргызстандык Ксения Кадкина, Алина Сартбаева, Альбина Петрова жана Ясмен Мукарова күмүш байгенин ээлери болушту. Ошондой эле 100 метрге эркектердин жарышында кыргызстандык Дмитрий Ильин марага экинчи келди.

Кыргызстандык Юрий Марковский найзаны 56 метров 48 см. аралыкка алыс ыргытып, мелдештин коло байгесине арзыды. Ошондой эле 400 метрге чуркоодо бишкектик Алена Коваль жана 1500 мерге жарышты кыргызстандык Виктория Полюдина марага үчүнчү болуп келишти.

Бул мелдештеги кыргызстандыктардын көрсөткүчтөрү устаттарга, адистерге коңуроо катары кагылып, чеберчиликтерди жогорулатуунун зарылдыгын айгинеледи.

Бийиктикке секирүү боюнча олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова 1959-жылы 18-октябрда Аламүдүн айылында туулган. 1988-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн.

Ал СССР спортунун чебери (1978), СССР спортунун эл аралык класстагы чебери (1979), жана СССР спортунун эмгек сиңирген чебери (1980) деген ардак наамдарга арзыган. Татьяна Колпакова 1974-жылдан жеңил атлетика менен машыккан.

1980-жылы Москвада 7метр 6 см узундуктан секирип, 22-Олимпидалык оюндардын чемпиону болгон.

Мындан сырткары ал Европанын Кубогуна жана Румыниянын борбору Бухарестте өткөрүлгөн Бүткүл дүйнөлүк студенттердин Универсиадасына катышып, узундуктан секирүү боюнча биринчи орунду ээлеген.

Кыргызстандын узундукка секирүү боюнча көп жолку чемпиону жана рекордчусу. Спорттогу ийгиликтери «Эл достугу» ордени менен бааланып, 20-кылымдын эң мыкты женил атлетчиси деген сыйлыкка татыктуу болгон. Мындан жети жыл мурда үйбүлөлүк шартына байланыштуу Орусияга көчүп кеткен.

Учурда Татьяна Колпакова Москва облусунун Королев шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеп жатат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG