Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:06

Кол күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан үчүнчү болду


Ташкентте өткөн кол күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык чоюн билек балбандар 5 алтын, 4 күмүш жана 8 коло медаль утуп, олжолуу жеңиш менен кайтып келишти.

Армрестлинг – кол күрөш спорту Азияда жана дүйнө жүзүндө абдан таасирдүү болуп, кеңири жайылып баратат. Буга Ташкентте өткөн Азия чемпионаты күбө.

Азиянын 10 өлкөсүнүн эр азаматтары мөрөй талашып, 23 кыргызстандык 17 медаль жеңип алуу менен командалык эсепте байгелүү үчүнчү орунду камсыз кылышты. Кыргызстандык 23 спортчу Жапон, Иран, Монголия, Индия, Түштүк Корея сыяктуу ири мамлекеттерди артка калтырышты.

Ташкентте Азия чемпиону аталып жеңиштин бийик сересине көтөрүлгөндөр кыз-келиндер арасында Ольга Ярославцева, Ирина Вертинская, эр-азаматтардан Анатолий Сахаров, Геннадий Старастенко жана кол күрөш федерациясынын президенти Жээнбек Мукамбетов Азиянын алтын медалын тагынды.

Мурда Азия, дүйнө биринчиликтеринде мөрөй алып жүрүшкөн Мирлан Байчериков, Рустам Жалилов, Максим Кочкаев сыяктуу билеги күчтүү жигиттер бул ирет Азия чемпионатынын коло медалдарын тагынды.

Ал эми Ташкентте Азия чемпиондору болгон Ольга Ярославцева, менен Ирина Вертинская бирден күмүш байгелүү болушуп, алар жеке таймашууларда экинчи орунду камсыз кылышты. Оор салмактагы бишкектик Ильяз Низамов да күмүш медаль тагынды.

Кол күрөш боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону, Армрестлинг федерациясынын президенти Жээнбек Мукамбетовдун айтымында бул спортко кызыккандар арбын болгону менен кыргыз кыз-келиндери уялып же маани бербей келүүдө.

-Кол күрөшү боюнча эле Бишкекте 5-6 спорт клубу иштеп, бул спорт менен машыгууну каалаган жаштардын таламдарын аткара албай, үлгүрбөй жатабыз. Бишкектин биринчилигин өткөрсөк эле 150-200 балбан келип, күн өткөн сайын каалоочулар арбып баратат. Дагы билеги күчтүү жигиттер мындай спорт түрүнөн спорт клубдары, федерация бар экенине маани бербей келишет. Айрыкча кыргыз кыздары бул спортко анча кызыкпай, уялып жүрүшөт. Болбосо жигиттерди ыйлата кармаган өтө күчтүү кыргыз кыздары арбын. Таймашууларга катышса таланттуу кыздардын багы ачылат эле.

2011- жылы кол күрөш боюнча дүйнө чемпионатын Бишкекте өткөрүү демилгесин көтөрүп, Эл аралык Aрмрестлинг федерациясына сунуш менен кайрылдык, быйыл Италиядагы чемпионатта бул маселе чечилип калышы ыктымал,
- дейт өлкөнүн кол күрөш федерациясынын жетекчиси Жээнбек Мукамбетов.

Оор атлетика боюнча Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Алексей Линин үйбүлөсүн спорт күйөрмандары жакшы билишет. Алардын бири дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Александр Ли кол күрөштө да таанылган.

Эми ал оор атлетика менен кош айтышып, кол күрөш машыктыруучусу катары жаштарга кеп-кеңешин берип жүрөт. Бул ирет Александр Ли да Азия чемпионатынын коло байгесине татыктуу болду.

Азия таймашуусунда мөрөй алган Мирлан Байчериковдун айтымында бул спорттун өзгөчөлүгү тубаса күчтөн сырткары чапчаңдык, шамдагайлык зарыл.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун айтымында айыл жергесиндеги тубаса күчтүү кыз-жигиттер бул спортко маани бербей, мелдештерге катышпай жүрүшөт.

Былтыр Алматы шаары Азия чемпионатын өткөрүп, Казакстан өлкөсү бул спортко өзгөчө көңүл буруп, 2010- жылы дүйнө чемпионатын уюштуруу укугуна ээ болушкан.

Ал эми быйыл сентябрда кол күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты Италиянын Венесуэла шаарында өткөрүлөт. Кыргызстандык спортчулар дүйнөлүк таймашууга даярдык көрүшөт.

Армрестлинг спорту 1961- жылдан бери эл аралык деңгээлде таанылып, дүйнөлүк федерациясы уюшулуп, учурда ага 80 мамлекет мүчө. Бул спорт түрүн олимпиадалык оюндардын программасына киргизүүгө аракеттер көрүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG