Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Кыргызстандын олимпиадалык кыймылы кризистен чыгууда


Кыргыз улуттук оюну - Көк-Бөрүнү Азия оюндарынын программасына киргизүүгө аракет кылуу зарылдыгы боюнча сунуштар айтылууда.
Кыргыз улуттук оюну - Көк-Бөрүнү Азия оюндарынын программасына киргизүүгө аракет кылуу зарылдыгы боюнча сунуштар айтылууда.

1894-жылы 23-июнда Пьер де Кубертендин демилгеси менен Парижде Конгресс болуп, Эл аралык олимпиада комитети түзүлгөн. Aр жыл сайын эл аралык олимпиада күнү дүйнө жүзү боюнча белгиленип келүүдө.

Мындан 115 жыл илгери Парижде өткөн Конгрессте орчундуу үч маселе каралган. Биринчи маселе-олимпиадалык кыймылды өнүктүрүүнүн принциптерин аныктоо болсо, экинчиси – Эл аралык олимпиада комитетин уюштуруу жана үчүнчүсү- Грекиянын Афины шаарында биринчи олимпиадалык оюндарды өткөрүү маселелери талкууланган.

Ошондой эле ушул Конгрессте 2-олимпиадалык оюндар 1900-жылы Парижде өткөрүлсүн деген чечим кабыл алынган. Оюндарды 4 жылда бирден уюштуруу маселерлери талкууга алынган.

Ошентип 1894-жылдын 23-июнунда учурдагы олимпиадалык кыймылдын кайра жаралуу доору башталып, алгачкы кадамдар ташталган. Пьер де Кубертен бул демилгенин башатында туруп, Эл аралык олимпиада комитетин 29 жыл башкарып, олимпиаданы эң таасирдүү кыймылга айландырууга зор салым кошкон.

Учурда Эл аралык олимпиада комитетине эки жүздөн ашуун мамлекет мүчө болуп саналат.

1896-жылы Грекиянын Афины шаарында өткөн 1-олимпиадага 14 өлкөнүн 241 спортчусу катышкан болсо, өткөн жылкы Бээжин олимпиадасында 205 өлкөнүн 12 миңге жакын спортчусу мөрөй талашкан.

Алгачкы Афины олимпиадасы спорттун 9 түрү боюнча өткөрүлүп, америкалык Жеймс Конноли биринчи олимпиада чемпиону аталган.

Ал эми 2008-жылы Бээжинде өткөн 29-жайкы олимпиада спорттун 28 түрү боюнча өткөрүлүп, америкалык суучул Майкл Фелпс каармандыгын көрсөтүү менен 8 алтын медаль жеңип алууга жетишкен.

Ал эми кыргызстандык спортчулардан алгачкы олимпиадачы ат спорт чебери Сайботтал Мурсалимов болуп саналат.

Ал 1960-жылы Римде өткөн 17-жайкы олимпиадага катышып, кыргыз олимпиадалык кыймылына жол ачкан.

Ошондой эле чабандес Сайботтал Мурсалимов 1964-жылкы Токио олимпиадасына да катышкан.

Андан кийинки олимпиадалык оюндарга кыргызстандык жөө күлүктөр Леонид Иванов, Отто Барч, Вера Корсакова, Валентина Чичаева, суучул Ахмед Анарбаев катышып, бирок алар мөрөй алууга жетишпеди.

1980-жылы Москвада өткөн 22-жайкы олимпиадалык оюндарда кыргызстандык спортчулардын жылдызы жанып, оор атлетчи Каныбек Осмоналиев, мерген Александр Мелентьев, жеңил атлетчилер Татьяна Колпакова, Николай Чернецкий, ат спортчусу Александр Блинов олимпиада чемпиондору аталып, 5 алтын медаль жеңип алышкан.

Москва олимпиадасынын 42 км.195 метр марафондук жарышында кыргызстандык Сатымкул Жуманазаров марага үчүнчү келип, коло байгенин ээси болгон.

Андан кийинки 1988-жылкы Сеул олимпиадасында кыргызстандык жөө күлүк Мария Кулчунова менен футболчу Сергей Фокин олимпиада чемпиондору аталган.

Ошондой эле 1992-жылы Испаниянын Барселона шаарында өткөн 25-жайкы олимпиадада кыргызстандык гандболчу Талант Дүйшөбаев менен баскетболчу Елена Баранова олимпиадалык бийиктиктерди багындырып, алтын байгелүү болушкан.

1996-жылы АКШнын Атланта шаарында өткөн 26-жайкы олимпиадага Кыргызстан эгемендүү өлкө катары өз туусун көтөрүп барып, алгач ирет команда катары катышкан.

2000-жылы Сиднейде өткөн 27-жайкы олимпиадада дзю-до күрөшүнөн Айдың Смагулов Кыргызстанга коло байге жеңип берген.

2004-жыл Афинада өткөн жайкы олимпиада дагы кыргызстандыктар ийгилик жарата алышкан эмес.

Былтыр Бээжинде өткөн олимпиадада грек-рим күрөшүнөн Канатбек Бегалиев күмүш медаль утса, Руслан Түмөнбаев коло байгелүү болгонун спорт күйөрмандарына жакшы маалым.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун айтымында, Кыргызстандын олимпиадалык кыймылы кризистен чыгып, ийгиликтерди жарата баштады.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитети 1991-жылы түзүлүп, 2004-жылга чейин Эшим Кутманалиев жетектеп турган. 2004-жылы өлкөнүн олимпиадалык кыймылында кризис башталып, экс-президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев олимпиада комитетине президент болуп шайланган.

Бирок Айдар Акаев март ыңкылабынан кийин өлкөдөн чыгып кеткендиктен, кризис тереңдеп, Эшим Кутманалиевдин кайра президент болуу аракетине каршы болгон тарап, өзүнчө улуттук олимпиада комитетин уюштуруп, ага Аскар Салымбековду жетекчи кылып шайлашкан.

Мындай талашып-тартышууну токтотпосо Эл аралык олимпиада комитети Кыргызстанды мүчөлүктөн чыгарып салаарын эскерткен.

Ошондуктан спорт коомчулугу бир чечимге келип, Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевди улуттук олимпиада комитетине президент кылып шайлашкан.

Тилекке каршы, 2005-жылы күзүндө Баяман Эркинбаев буйуртма менен өлтүрүлүп, анын ордуна улуттук олимпиада комитетине эркин күрөш федерациясынын президенти Мурат Саралинов жетекчи болуп шайланган.

Улуттук олимпиада комитети учурда отуздан ашуун спорт федерациянын башын бириктирип, Азия, олимпиада оюндарына Кыргызстандын командасын алып барган коомдук уюм болуп саналат.

Улуттук олимпиада комитетинин мурдакы жетекчиси Эшим Кутманалиевдин пикиринде, кыргыз улуттук оюну- Көк-Бөрүнү Азия оюндарынын программасына киргизүү үчүн аракет кылуу зарыл.

- Себеби жакында эле Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткен Азия олимпиадалык Кеңешинин президенти Аль Сабах көк-бөрү оюнун көрүп, абдан жактырып, Азия оюндарынын программасына киргизүү сунушун айткан.

Учурда Улуттук олимпиада комитети жакында 29-июнда Сингапурда өтө турган жаштар арасындагы Азия оюндарына Кыргызстандын командасын баштап барганга даярдык көрүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG