Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

1-Азия оюндарында Кыргызстандын жолу болбой жатат


Сингапур шаары
Сингапур шаары

Сингапурда өтүп жаткан жаштар арасында биринчи Азия оюндарында кыргызстандыктар ийгилик жарата алышпады. .

Жаштар арасында спорттун тогуз түрү боюнча Сингапур өлкөсүндө өтүп жаткан алгачкы Азия оюндарына 43 өлкөнүн үч миңден ашуун өкүлү катышууда.

Учурда жеңип алган медалдардын саны жана сапаты боюнча Кытай эл республикасынын жаштар командасы биринчи орунда баратат. Алар Азия оюндары башталгандан бери 46 медаль жеңип алышса, анын 24 - алтын, 14 - күмүш жана 8 - коло байге болуп саналат.

Экинчи орунда Түштүк Корея өлкөсүнүн спортчулары турат. Алар 46 байге утса, анын 18 алтын медаль. Үчүнчү орундагы Тайланд өлкөсүнүн жаштар командасы 7 алтын, 5 күмүш жана 2 коло байгелүү болушту.

Жаштар арасында биринчи Азия оюндарын өткөрүп жаткан Сингапур мамлекетинин командасы 43 өлкөдөн 5-орунду ээлеп турат. Алар 5 алтын, 3 күмүш жана 12 коло медаль жеңип алуу менен жергиликтүү күйөрмандардын үмүтүн актап жатышат.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан гана алтын байгенин эсебин ачып, 8-орунда келүүдө. Казакстандык спортчулар 2 алтын, 5 күмүш жана 4 коло медаль утуп алууга жетишти. Өзбекстандык спортчулар дагы байгеден куру эмес. Алар 3 коло медаль жеңип алуу менен жоон ортодон өйдө турат.

Кыргызстандын чакан делегациясы биринчи Азия оюндарында мөрөй талашуу үчүн спорттун 5 түрү боюнча жаштарды Сингапурга алып барган. Себеби каражат маселеси жана жолдун алыстыгы буга кедерги болду.

Ошондой болсо дагы кыргызстандык спортчулар биринчи Азия оюндарында көрүнүктүү ийгилик жаратыша элек.

Сингапурга аттанаар алдында спорт адистери жеңил атлетчилер, мергендер жана суучулдар гана биринчи Азия оюндарында айырмаланып, мөрөй алып, байгелүү орундарга жетүүсү ыктымал деп божомол айтышкан.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун айтымында кыргызстандык жаш спортчулар эл аралык мындай ири мелдештерге чыкпагандыктан тажрыйбасы чектелүү болуп байгелүү орунга жетпей турат.

Чынында эле эл аралык мелдештерге аз катышкан, тажрыйбасы чамалуу кыргызстандык жаш спортчулар Азиядагы Кытай, Түштүк Корея, Жапон, Иран, Казакстан сыяктуу мамлекеттердин өкүлдөрү менен теңтайлашууга чама- чаркы жетпей жатат.

Өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин “Жаштык” ден соолук борборунун жетекчиси Зулумбек Исабековдун пикиринде кыргызстандык жаштар жеңил атлетика, сууда сүзүү, ок атуу, жээк волейболу жана парус спорт түрлөрү боюнча Сингапурда сындан өтүп жатат.

Азия олимпиадалык кеңешинин президенти Аль-Сабахтын демилгеси менен жаштар арасында алгачкы Азия оюндары Сингапур өлкөсү курч мүнөздө өтүүдө.

Жаштардын спортко болгон сүйүүсүн, олимпиадалык идеяларды, намыстуулукту, мекенчил сезимдерди тереңдетүү максатында жана спорттук аренада, тагдырда өздөрүн сынап көрүү ниети менен биринчи Азия оюндары өткөрүлүп жатат.

Жаштардын биринчи Азия оюндары 8-июлда жыйынтыкталат.

Ошондой эле эмдиги жылы ушул Сингапур өлкөсүндө дүйнөлүк жаштар арасында биринчи олимпиада оюндары өткөрүлөт.

Быйылкы биринчи Азия оюндары бул ири мелдешке даярдыктын бир этабы болуп саналат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG