Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Азия чемпионатында кыргызстандык балбандардын жеңиши


Филиппиндер өлкөсүнүн Манила шаарында грек-рим күрөшү боюнча уландар арасында Азия чемпионтында кыргызстандык төрт балбан Азия чемпионатынын күмүш жана коло байгесин утуп, өлкөнү таанытты.

Манила шаарында алгач грек-рим күрөшү боюнча күч сынашуулар болуп, мында Азиядагы 14 өлкөнүн балбандары мөрөй талашты.

Өлкөнүн грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Касеновдун айтымында кыргызстандык жаш балбандар 3 күмүш жана бир коло медаль жеңип алышты. Кыргызстандык балбандар финалда ирандык атаандаштарына гана алдырып коюп, алтын байгеден куру калышты.

-Оор салмакта Мурат Романов, 74 кг салмакта Темирлан Салабат уулу жана орто салмакта Шамбетов финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болушту.

Мурда уландар арасында Уран Калилов, Канат Бегалиев, Калыбек Жолчубеков, Динарбек Асылбек уулу, Жанарбек Кенжеев, Алексей Ялома Азия чемпиону болуп, өлкөнү тааныткан.

Кечээтен баштап уландар арасында эркин күрөштөн Азия чемпионатынын таймашуулары болууда. Мында кыргызстандык беш балбан мөрөй талашууга чыгып, күч сынашып жатышат. Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун пикиринде эркин күрөш боюнча балбандардан дагы үмүт кылып, байгелүү орундарга ээ болушат деген ишенич бар.

-Эркин күрөштөн жеңил салмакта Самат Надырбек уулу, 60 кг салмакта Айбек Алымкулов, 66 кг салмакта Мирбек Абдылдаев, 74 кг салмакта Иляз Жакыпбеков жана 84 кг салмактагы Могамед Тапаевден үмүт кылып, байгелүү орундарды ээлейт деп ишенип турабыз. кыздардан былтыр Азия биринчилигинде коло байгелүү болгон Махриницо Норматова да ийгилик жетип калышы толук ыктымал. Балбандар дурус даярдык менен Манилага кетишкен.

Мурдакы жылдары эркин күрөш боюнча уландар арасында Азия чемпиондугун кыргызстандык Сүймөнкул Табылды уулу жана Могамед Будунов уткан. Кыргыз балбандарынан Ильяс Өзүмбеков, Уларбек Тууганбай уулу, Самат Толубаев, Мирлан Молдалиев Азия чемпионаттарында күмүш байгелүү болушкан.

Ал эми уландар арасында Турарбек уулу Нурлан, Ноорузбек Белеков, Алмаз Эргешов, Азат Дөңбаев жана башка жаш балбандар Азия биринчилигинде коло байгелүү болуп, мөрөй алышкан.

Кыргызстандык 3 кыз балбан дагы Манилада кыздар арасында эркин күрөш боюнча Азия биринчилигинде өлкө намысын коргоп жатат. Алар Азия чемпионатынын коло байге ээси Махриницо Норматова, Жылдыз Жээнбек кызы жана Бурул Алыкул кызы.

Маниладагы эркин күрөш боюнча Азия чемпионаты 13-июлда жыйынтыкталат.

Ал эми уландар арасында дүйнө биринчилиги август айында Түркиянын Анкара шаарында болмокчу.















  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG