Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

Кыргызстандык балбандар Европада сыналууда


Украиндагы мелдешке баргандардын арасында Бээжин олимпиадасынын күмүш жана коло байге ээлери Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев да бар.
Украиндагы мелдешке баргандардын арасында Бээжин олимпиадасынын күмүш жана коло байге ээлери Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев да бар.

Учурда Кыргызстандын грек-рим күрөшүнөн командасы Украинада Гран-при мелдешине катышууда.

Дүйнөдөгү Гран-при мелдештердин катарына кирген турнирлер саналуу гана. Алардын бири Украинадагы грек-рим күрөшү боюнча “Азовмаш” эл аралык мелдешине Европа жана Азиянын бир катар өлкөлөрүнүн балбандары күч сынашууда.

Өлкөнүн грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Алмаз Касеновдун айтымында, Гран-при мелдешинин баш байгесине автомашиналар коюлгандыктан өлкөнүн мыкты балбандары намыс талашууда.

Алардын катарында Бээжин олимпиадасынын күмүш жана коло байге ээлери Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев да бар.

Украинадагы эл аралык мөрөй талашууга балбандарды өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу Эмил Алыкулов жана эл аралык калыс Кочкор Кулматов баштап барды.

“Азовмаш” Гран-при мелдешинде жеңил салмакта Арсен Эралиев, 60 кг. салмакта Азиз Бейшалиев менен Руслан Түмөнбаев, 74 кг. салмакта Канатбек Бегалиев менен Магомед Мутаев, 84 кг. салмакта Азат Эркинбаев жана оор салмакта Нурбек Ибрагимов Кыргызстандын намысын коргоп жатышат.

Былтыр ушул мелдештин күмүш байгесин Азия чемпиону, Азия оюндарынын күмүш байге ээси, кыргызстандык Данияр Көбөнов жеңип алган.

Украинадагы мөрөй талашуудан кийин кыргызстандыктар Польшада өтө турган олимпиада чемпиону В. Пытлянсинскийди эскерүүгө арналган эл аралык Гран-при мелдешине катышмакчы.

Европадагы мындай күч сынашуулар күзүндө Данияда өтө турган дүйнө чемпионатына даярдык көрүү, балбандарды сындан өткөрүү экенин адистер айтышууда.

Ошондой эле Испаниянын борбору Мадрид шаарында эркин күрөш боюнча өткөн эл аралык “Гран-При” мелдешинде Кыргызстандын балбандары командалык эсепте үчүнчү орунду ээлеп, Кубок менен сыйланды.

Бул мөрөй талашууга 17 өлкөдөн 150 чакты балбан катышышты. Турнирге Азия, Европа жана Америка аймактарынан балбандар келип мөрөй талашты.

Мелдеште Кыргызстандын намысын алты балбан коргоп, натыйжада Аял Лазарев атаандаштарынын баарын жеңип алтын медаль тагынды. Ушул эле маалда турнирдин финалында аз упай айырма менен Улан Надырбек уулу жана Азат Дөңбаев атаандаштарына жеңилип калгандыктан күмүш медаль тагынды. Ал эми үчүнчү орунга бишкектик Михаил Захаров илинип чеберчилигин көрсөттү.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун пикиринде, Азия жана Европа күрөштөрүндө өзгөчөлүктөр жана күрөш ыкмаларында бир аз айырмачылыктар болгондуктан балбандарды мындай мелдештерде сындан өткөрүп туруу пайдалуу.

Испанияда өткөн мелдештин жыйынтыгында Германия курамасы эки алтын жеңүү менен командалык эсепте биринчи орунга татыды. Канада спортчулары экинчи, ал эми кыргыз балбандары үчүнчү орунга жетип, коло кубоктун ээси болушту.

Натыйжада Польша, Швейцария, Испания, Венгрия, Америка өлкөлөрү командалык эсепте артта калышты.

Эркин күрөш боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Анарбек Үсөнкановдун пикиринде, европалык күрөш адистери кыргыз балбандарына таң беришти.

- Кыргызстандын командасы Европада үчүнчү орунду алганы өтө кубанычтуу болду. Мадридге барганда алгачкы беттеш немис спортчулары менен болду. Биздин спортчулардын бардыгы атаандаштарын жеңип, мени дагы таң калтырышты. Таймаш аяктаганда Германиянын машыктыруучусу келип колумду кысып, спортчулар мыкты экен, буларды кайдан таптың деди. Мен, Кыргызстандын тоосунан деп жооп бердим.

Үстбүздөгү жылдын алты айында Кыргызстандын эркин күрөш балбандарына спорт агенттиги тарабынан төрт миллион сом жумшалган. Буга чейин спортчулар бир нече жолу окуп-машыгуу курстарын өтүп, Азия чемпионатына дагы ийгилик жаратып келишкен.

Ошондой эле Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасын Бакы шаарында өткөн “Алтын турнир” мелдешинде ийгилик жарата алышпады. Мында дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн тандалган балбандар катышты.

Андан соң Польшада эл аралык турнир, күзүндө Данияда боло турган эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты кыргыз балбандарын күтөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG