Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Берлинде дүйнөлүк рекорддор жаңырды


Бээжин олимпиадасынын чемпиону, ямайкалык Усэйн Болт Берлинде үч алтын медалдын ээси болуп, 100 жана 200 метр аралыкка жарышта дүйнөлүк рекордго жаңы чек койду. Усэйн Болт 100 метрди 9,58 секунда, 200 метрди 19,19 секунда чуркап, дүйнөлүк рекорддорду жаңы
Бээжин олимпиадасынын чемпиону, ямайкалык Усэйн Болт Берлинде үч алтын медалдын ээси болуп, 100 жана 200 метр аралыкка жарышта дүйнөлүк рекордго жаңы чек койду. Усэйн Болт 100 метрди 9,58 секунда, 200 метрди 19,19 секунда чуркап, дүйнөлүк рекорддорду жаңы

Берлинде жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионты жыйынтыкталды. Марафондук жарышка катышкан кыргызстандык жөө күлүктөр ийгилик жарата албады.

Германиянын борбору Берлин шаарында 15-августта башталган жеңил атлетика боюнча 12-дүйнө чемпионаты 9 күнгө созулуп, спорт күйөрмандарынын көңүлүн буруп турду.

Масштабы жана таасири жагынган олимпиадалык оюндардан кийинки орунда турган жеңил атлетикалык таймашууларда 213 өлкөнүн спортчулары мөрөй талашты.

Жекшемби күнү жыйынтыкталган дүйнө чемпионатынын командалык баш байгесин Америка Кошмо Штаттарынын жеңил атлетчилери жеңип алышты. Америкалыктар 22 медаль утуп алышса, анын ону алтын, 6 күмүш жана 6 коло байге болуп саналат.

Экинчи жана үчүнчү орундарды Африка континентиндеги Ямайка жана Кения өлкөлөрү ээледи. Ямайкалык жөө күлүктөр 7 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медаль жеңип алышты.

Бээжин олимпиадасынын чемпиону, ямайкалык Усэйн Болт Берлинде үч алтын медалдын ээси болуп, 100 жана 200 метр аралыкка жарышта дүйнөлүк рекордго жаңы чек койду. Усэйн Болт 100 метрди 9,58 секунда, 200 метрди 19,19 секунда чуркап, дүйнөлүк рекорддорду жаңыртты.

Жеңил атлетика боюнча дүйнөгө таанылып жүргөн Орусия өлкөсү бул ирет командалык эсепте төртүнчү орунга илинип, 4 алтын, 3 күмүш жана 6 коло байгелүү болушту. 20 км аралыкка жорголоп басууда орусиялык Валерий Борчин менен Ольга Каниськина жана 50 км аралыкка спорттук басууда Сергей Кирдяпкин алтын медаль тагынса, бийиктикке секирүүдө да орусиялык Ярослав Рыбаков дүйнө чемпиону болду.

Польша өлкөсүнүн жеңил атлетчилери бешинчи орунга ээ болсо, дүйнө чемпионатын өткөргөн Германия мамлекети 2 алтын, 3 күмүш жана 4 коло медаль жеңип алышты.

Берлинде өткөн дүйнө чемпионатына Кыргызстандын чакан делегациясын баштап барып келген өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун айтымында мөрөй талашуулар курч мүнөздө өттү.

Анын пикиринде Кыргызстандан 5 спортчу дүйнөлүк таймашууларга бармак, бирок ар кандай себептерге байланыштуу 2 марафончу гана дүйнө чемпионатына катышты.

Азия чемпионатынын коло байге ээси, кыргызстандык марафончу Валерий Писарев 42 км 195 мерт аралыкты 2 саат 31 мүнөттө чуркап өтүү менен жоон ортодо жүрдү. Кыз-келиндер арасындагы марафондук жарышка катышкан бишкектик Виктория Полюдина болсо алдыңкы топтогулар менен атаандашып, жаштык кылып күч-кубатын жоготуп коюп, жарыштан чыгып калды.

Спорт күйөрманы Жамалдин Темирбердиевдин пикиринде Кыргызстандын жаратылыш шарты жеңил атлетиканы өнүктүрүүгө өтө ыңгайлуу болгону менен африкалыктардан калышпай мөрөй талашууга жөндөмдүү жаштар камкордукка алынбай келатканы өкүндүрөт.

Жеңил атлетика 1896-жылдан Олимпиадалык оюндардын программасына кирген. 1912-жылы жеңил атлетика ышкыбоздорунун эл аралык федерациясы негизделген. Азыркы учурда ал 210дон ашуун өлкөнү бириктирет. Жеңил атлетика боюнча 1934-жылдан Европалык, 1983-жылдан дүйнөлүк чемпионат өткөрүлөт.

Биринчи жолу Кыргызстанда (Бишкек) 1921-жылы 100,400 жана1500 метр аралыкка чуркоо жнаа диска ыргытуу боюнча жеңил атлетикадан эркектердин ортосунда мелдеш өткөзүлөт.

1927-жылы Кыргызстандын 1-спартакиадасы өтүп, ага жеңил атлетиканын кириши өлкө тарыхындагы зор маанилүү окуя болгон.

1955-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институту уюштурулуп, анда жеңил атлетика адистиги боюнча багыт берүү кафедрасы ачылган.

Кеңеш доорунда кыргызстандык жеңил атлетчилер Леонид Иванов, Вера Корсакова, Отто Барч, Сатымкул Жуманазаров, Татьяна Колпакова, Мария Кулчунова, Андрей Чернецкий, Игорь Паклин дүйнө чемпионаттарында жана олимпиадалык оюндарда Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан.

Эгемендүү өлкө болгону кыргызстандык бир дагы жеңил атлетчи дүйнө чемпионатында мөрөй ала элек. Ал түгүл кыргызстандык машыктыруучулар төрт айдан бери айлыктарын алышпай, нааразы болуп жүрүшөт. Бул тууралуу өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов “Азаттыкка” билдирди.

Эми кыргызстандык 8 жеңил атлетчи быйыл ноябрда Кытайдын Гуанжо шаарында өтө турган Азия чемпионатына барып, өлкө намысын коргоо үчүн даярдык көрүшөт.
XS
SM
MD
LG