Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:39

Раатбек Санатбаевди эскерген эл аралык мелдеш


Маркум Раатбек Санатбаев "Азаттыктын" спорттук кабарчысы Кабыл Макеш менен
Маркум Раатбек Санатбаев "Азаттыктын" спорттук кабарчысы Кабыл Макеш менен

18-октябрда Бишкекте Азиянын эки жолку чемпиону, маркум Раатбек Санатбаевди эскерүүгө арналган эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө биринчилигинин коло байге ээси, кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Раатбек Санатбаевди эскерүүгө арналган эл аралык мелдеш үчүнчү ирет өткөрүлүп жатса дагы анда 5 өлкөнүн гана балбандары күч сынашты.

Жеңил салмакта баш байгени Бишкектеги олимпиадалык даярдоо борборунун балбаны Арсен Эралиев утуп, алтын медаль тагынды. Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучусу Каныбек Жолчубеков экиничи орунду ээледи. Казакстандык Марат Грапиов менен өзбекстандык Козымжан Тураев коло байгелүү болушту.

60 кг. салмакта жаштар арасында Азия чемпиону, Кыргызстандын тандалма командасынын мүчөсү Азиз Бейшалиев жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Финалда Азизге аз упай менен Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинин өкүлү Улан Темирбеков алдырып коюп, экинчи орунду ээледи.

66 кг. салмакта баш байге үчүн кыргызстандык Данияр Ибраимов менен казакстандык Элдар Кайратов күч сынашып, Данияр ийгиликке жетти.

Ал эми 74 кг. салмакта Казакстандын көп жолку чемпиону Айбек Енсеханов килем үстүндө күрөшкө чыгып, баардык аттандаштарын жеңип, баш байгенин ээси болду. Ал финалда кыргызстандык балбан Темирлан Салават уулун да утуп алды.

Раатбек Санатбаевди эскерүү эл аралык мелдеш жогорку деңгээлде уюшулганын, Канатбек Бегалиев менен Русландын артынан мыкты балбандар өсүп келатканын баш байге уткан казакстандык Айбек Енсеханов “Азаттыктын” кабарчысына айтып берди.

Ал эми 84 кг. салмактагы балбандардын мөрөй талашуусунда Кыргызстандын олимпиадалык даярдоо борборунун балбаны Азат Бейшебеков айырмаланып, жеңүүчү деп таанылды. Казакстандык балбандар Амиржан Ходжаниязов менен Алхазур Оздиев экинчи жана үчүнчү орундарды камсыз кылды. Өзбекстандык Рустам Султонов да коло байгелүү болду.

96 кг. салмакта баш байге үчүн Европа чемпиону, орусиялык Василий Теплоухов менен казакстандык Берик Шалкыбеков күч сынашып, натыйжада Василий артыкчылык менен жеңип, алтын медаль тагынды.

Мында Кыргызстандын намысын коргогон Азат Эркинбаев үчүнчү орунду ээледи.

Оор салмакта мелдештин баш байгесине казакстандык Нурмахан Тиналиев татыктуу болду. Бишкектеги “Бүркүт” спорт клубунун өкүлү Мурат Рамонов Нурмаханга аз упай айырма менен утулуп, күмүш байгенин ээси аталды.

Байгелүү орундарга жеткен балбандардын баары акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.

Белгилүү балбан Раатбек 1969-жылы 7-майда Жалал-Абат шаарында туулган. Бабалары «Каман алп» аталып, балбандыгы менен даңазаланган Раатбек Бишкектеги олимпиадалык резерв окуу жайынан, кыргыз дене тарбия институтунан жана Кыргыз-Славян университетинен билим алган.

Спорт менен 20 жылдан ашуун убакыт машыгып, Кыргызстанды дүйнөгө, Азияга тааныткан. Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болуп, Азия оюндарында эки ирет күмүш байге уткан. Ошондой эле Азия чемпионатында төрт жолу байгелүү орундарга жеткен. Кыргызстандын көп жолку чемпиону аталып, 7 жолу жылдын мыкты балбаны катары сыйланган.

Дүйнө чемпионатында коло байгелүү болуп, Атланта жана Сидней олимпиадаларында өлкөнүн намысын коргогон. 12 ирет эл аралык Гран-при мелдештеринде жеңишке жетишкен. Спорттогу ийгиликтери «Даңк» медалы, Улуттук олимпиада комитетинин ордени менен бааланган.

Раатбек Санатбаев Казакстандын «Кайсар» медалы менен дагы сыйланган. Чоң спорттон кеткенден бери өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуу менен бирге ишкерчилик кылып, Орто-Сай базарында дүкөн ачып, Асанбай кичи районуна бараткан жол жээгинде ресторан куруп, курулуш иштери менен дагы алектенген.

Маркум Раатбек Санатбаевдин агасы Нурландын кичүү уулу Абдыганы да учурда грек-рим күрөшү менен машыгып жатышат.

Өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу Эмил Алыкулов маркум Раатбек Санатбаев кыргызстандык балбандарга үлгү болуп келгенин айтып, жыл өткөн сайын аны эскерүү эл аралык мелдешинин деңгээли жогорулап баратканын “Азаттыкка” билдирди.

Эл аралык үчүнчү мелдешке 5 өлкөнүн эки жүзгө жакын балбаны катышты.

Кечээ Бишкектин Свердлов районунун “Чыгыш-5” кичи аймагындагы балбан спорт мектебине Раатбек Санатбаевдин ысымы ыйгарылып, спорт борборунун алдына эстелиги тургузулду.

Эстеликтин ачылыш аземине Бишкек мэри Нариман Түлеев, Жогорку Кеңештин депутаттары Орзубек Назаров. Ибрагим Жунусов. Бакыт Төрөбаев катышып, Раатбектин балбандык, адамкерчилик бийик сапаттарын эскеришти.
XS
SM
MD
LG