Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

А. Таласбаев күмүш медаль утту, У. Эралиев дүйнө чемпиону аталды


Бакыда өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык бокс чебери, Афина жана Бээжин олимпиадаларынын катышуучусу Асылбек Таласбаев экинчи орунга ээ болуп, күмүш медаль тагынды. Орусиянын Кисловодск шаарында өткөн чоңдордун жана өспүрүмдөрдүнн арасында FCF-MMA – кол мушташы боюнча дүйнөнүн биринчи чемпионатында бишкектик Улан Эралиев 65 кг салмактыкта дүйнө чемпиону аталды

Мергендер Дохада

15-декабрда Дохада ок атуу боюнча Азия чемпионаты башталат. Бул Азиялык таймашуу ар түрдүү аралыкка атуу жана башка айырмалуу куралдар таамай атууга арналгандыктан сегиз күндөй убакыттан кийин жыйынтыкталат.

Дохага Кыргызстандын ок атуу боюнча тандалма командасын аталган спорт түрү боюнча федерациянын башкы катчысы, улук машыктыруучу Тахир Исмаилов баштап барды.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун айтымында, Дохадагы Азия чемпионатында мергендер Руслан Исмаилов жана Аскат Токмоков байгелүү орундарга илинип калуусу ыктымал.

-Ошондой эле кыргызстандык мерген кыздар Сабина Исмаилова, Айпери Алмазова жана жаш жигиттер Нооруз Акбар уулу менен Даниил Белинов 2010-жылы Сингапурда өтө турган дүйнөлүк жаштар олимпиадалык оюндарына катышууга жолдомо алуу үчүн мөрөй талашат.

Өлкөнүн ок атуу жана дзюдо федерацияларынын президенти Марат Бакиев болгону менен кыргызстандык 6 мергенге гана Азия чемпионатына каражат табылып, мөрөй талашууга барды. Ал эми Айсулуу Курманбек кызы баш болгон айрым мерген кыз-жигиттерге каражат маселеси чечилбей Азия чемпионатына барбай калышты.

Ошондой эле эртең 16-декабрда Дубайда оор атлетика боюнча жаштар арасында Азия чемпионаты башталганы турат. Жыл аягы болуп, каражат маселеси тартыштыгынан бул Азиялык таймашууга эки балбан аттанып жатышат. Алар Азия чемпионаттарында байге алып жүргөн Султан Өмүржан уулу менен Изат Артыков.

Алишер Якупбаев - чемпион

14-декабрда Бишкектеги «Карвен» теннис борборунда Кыргызстандын ачык чемпионатынын 10-туру жыйынтыкталды. Стол тенниси боюнча мелдеш бир жылдан бери этап менен өткөрүлүп, анын жыйынтыгы боюнча декабрда жеңүүчүлөр жана сыйлык ээлери аныкталат.

Таймашта кыргызстандык жергиликтүү спортчулар менен бирдикте казакстандык жана түркмөнстандык теннисчилер да катышты.

Натыйжада, Кыргызстандын 2009-жылкы чемпиону болуп, спорт чебери, бишкектик Алишер Якупбаев баш байгени жеңип алды. Экинчи орунга спорт чебери Талгат Сагындыков татыктуу болду. Үчүнчү байгелүү орунга спорт чеберлигине талапкер, казакстандык Жандос Аринов ээ болду.

Ошондой эле стол тенниси боюнча өлкө ассоциациясы 26-27-декабрда жыйынтыктоочу турнир өткөрүп, анда 12 эң күчтүү деп табылган команда таймашат.

Бакыдагы Асылбектин күмүш байгеси

Азербайжандын баш калаасы Бакыда кыргызстандык бокс чебери, Афина жана Бээжин олимпиадаларынын катышуучусу Асылбек Таласбаев бокс боюнча эл аралык ассоциациянын президенти Чинг-Куо Вунун (AIBA) кубогу үчүн өткөн мелдеште экинчи орунга ээ болуп, күмүш медаль тагынды.

Кыргызстанда бокс спортун өнүктүрүү борборунун жетекчиси, эл аралык калыс Мамыт Акеровдун айтымында, финалдык беттешүүдө кыргызстандык Асылбек Таласбаев Европалык конфедерациянын атынан чыккан орусиялык Семен Гривачевго аз упай айырма менен жеңишти алдырып ийген. Эми кыргызстандык боксчулар Караганда шаарында өтө турган эл аралык мелдешке аттанып жатышат.

"Бөрүлүү" баш байгенин ээси

Бишкектеги борбордук “Ак-Кула” ат майданында улуттук көкбөрү оюну боюнча 2009-жылдын жыйынтыктарына арналган мелдештин финалы болду.

Көк бөрү федерациясынын басма сөз катчысы Табылды Асыгалиевдин айтымында, бир жумага согулган мелдештин финалында Бишкектин “Бөрүлү” командасы менен Нарындын “Дордой” командасы беттешип, 7:1 эсеби менен “Бөрүлүнүн” жигиттери утуп, мелдештердин жеңүүчүсү аталды. Ошондой эле алар 100 миң сом өлчөмүндөгү акчалай байгенин ээси болушту. Экинчи орунду ээлешкен дордойлуктар 70 миң сом байге алышты.

Байгелерди жеңүүчүлөргө Кыргызстандын көкбөрү федерациясынын президенти Молдомуса Конгантиев тапшырды. Ошондой эле эмдиги жылы Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн 5 командасы катышкан эл аралык мелдеш өткөрүү демилгеси көтөрүлүп, алдын ала макулдашуулар, суйлөшүүлөр болду.

Улан Эралиев - эр экен

Кыргызстандык спорт күйөрмандарын сүйүнткөн кабар. Орусиянын Кисловодск шаарында өткөн чоңдордун жана өспүрүмдөрдүнн арасында FCF-MMA – кол мушташы боюнча дүйнөнүн биринчи чемпионатында бишкектик Улан Эралиев 65 кг салмактыкта дүйнө чемпиону аталды. Ага эл спорт чебери наамы, 3-дан даражадагы кара кемер куру ыйгарылды.

Кол мушташы боюнча дүйнө биринчилигине Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Өзбекстан, Алжир, Индия жана Нигериянын спортчулары катышты.

Каныбектин жолу болбоду

Ялтада өткөн бильярд боюнча эл аралык “Пальмира кубогунун” чейрек финалында дүйнө чемпиону, кыргызстандык Каныбек Сагынбаев Украинанын чемпиону Ярослав Тарновецкий менен беттешип, аз упай менен Каныбек атаандашына алдырып койду.

Ошондой эле бул мелдештин баш байгесин орусиялык Павел Кузьмин жеңип алды. Дүйнөлүк таймашууларда далай ирет жеңишке жетишип жүргөн Каныбек Сагынбаев бул ирет Ялтада бешинчи орун менен чектелди.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG