Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:33

Раатбек Санатбаев кыргыз спортунун сыймыгы эле


"Азаттыктын" архивиндеги сүрөт
"Азаттыктын" архивиндеги сүрөт

Төрт жыл мурда 8-январда грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону Раатбек Санатбаевди Бишкекте белгисиз бирөөлөр атып кетишкен.

Грек-рим күрөшүнөн өлкө боюнча ХХ-кылымдын эң мыкты балбаны аталган Раатбек Санатбаевдин буйуртма менен кайтыш болгонуна төрт жыл болду.

Раатбек спорт менен 22 жыл машыгып, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан балбан эле. Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болуп, Азия оюндарында эки ирет күмүш байге уткан. Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынып, Атланта жана Сидней олимпиадаларында өлкөнүн намысын коргогон.

Чоң спорттон кеткенден бери өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуу менен бирге ишкерчилик кылып, бизнесте да алектенип келаткан.

Кыргызстанды эл аралык аренага тааныткан Раатбек Санатбаевдин Жалал-Абад шаарындагы алгачкы устаты, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Ибрагим Узаков “Тапанча” балбан шакирти башкаларга үлгү болгонун жана бийик адамкерчилигин айтып, Раатбекти эскерди:

- Мен аны 9 жашында күрөшкө алып келгем. Ошондо эле жөнөкөй, эмгекчил, ыймандуу бала эле. 8-класска чейин машыктырып, анын Бишкектеги спорт жатак мектебине алып келип, тапшыргам. Далай ирет Гран- при мелдештерде Кыргызстандын намысын колдон чыгарбады. Эмне болуп, кандайча каза болгонун билбей турабыз. Ачык көңүл, жайдары, кең пейил жан эле. Раатбектин алдыга койгон максаттары арбын эле, аткарылбай калды.. Баш көтөргөн жигиттерибизди буйуртма менен жогото берсек, бул намыска тийчү маселе. Ошондой эле кыргыз спортун реформалоо боюнча ой- максаттары, долбоорлору да бар эле.

Раатбектин эки ирет Азия чемпиону болушуна салым кошкон устаты, Казакстанга жана Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Эржан Ахметов "Алматыда калып спорт тармагында иште, же бизнеске аралаш, биз канаттууга кактырбайбыз десек, Раатбек Кыргызстандын туусун көтөрөм деп", Бишкекке баса бергенин арман кылып айтып жүрөт:

- Кыргызда таанымал инсандар саналуу гана. Алар: Чыңгыз Айтматов, Болот Шамшиев жана спорттон Раатбек Санатбаев. Ушундай эр азаматты сактай албай, ниети каралардын колунан бейажал тапканына ишенбей турам. Кыргызга мындай жигиттер керек эле, Раатбек дагы далай кызмат кылат болчу. Бир канатым кайрылып, Раатбекти эч убакта унутпай жүрөм.

Спорт коомчулугу 2006-жылы Раатбекти Улуттук олимпиада комитетинин жыйынында бул уюмдун мүчөлүгүнө көрсөтүп, жетекчи органына сунуштап жатышкан. Эгерде Улуттук олимпиада комитетине президенттикке талапкерлигин койсо спорт коомчулугу колдоп кетмек, ошондуктан анын жашоосуна айрым атаандаштары кыянатчылык кылды деген пикирлер да айтылып келет.

Көзү тирүү кезинде Раатбек менен көп ирет кездешип, спорт тууралуу далай маек курчу элек. Бир ирет маркум Раатбек Санатбаев кыргыз спортун көтөрүү үчүн айыл спортуна көңүл буруу керектигин мындайча айтып берген эле:

- Биринчи кезекте айыл спортуна, айылдык жаштарга өзгөчө көңүл буруп, атайын программа кабыл алып, район, шаар жана айыл өкмөт башчыларын милдеттендирип койсо, кыргыз спортунун тамыры, келечеги айылда. Таланттуу жаштардын багы ачылбай келүүдө. Дене тарбия, спорт тууралуу мыйзам да чийки. Ага толуктоолорду киргизүү керек.

Грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Касенов Раатбектин адамкерчилиги бийик болгонун, анын эскерүү мелдештери уюштуруп жүрүшкөнүн айтып, мындайча эскерди.

- Эми эмне болуп, кандайча каза болгону алигиче табышмак, себебин билбей турабыз. Ачык көңүл, жайдары, кең пейил жан эле. Раатбек бош убактысында спорт залга келип жаш балбандарга күрөш сырларын, ыкмаларын үйрөтүп турчу. Ал спорт менен гана жашап, жалын жаштыгын мекендин намысын коргоого жумшаган.

-Даңазалуу балбан, бийик адамкерчиликтүү Раатбек Санатбаев бардык спортчуларга үлгү, кыргыз спортунун сыймыгы эле, биз аны көзү тирүүсүндө барктай да, сактай да албадык, -деп эскерет, анын шакирттеринин бири, грек- рим күрөшү боюнча Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиев.

-Раатбек агайдын атын спорт мектептерге, көчөлөргө ыйгарып, ысымын түбөлүккө калтырганы менен арабызда жоктугу өкүндүрөт. Ар жыл сайын аны эскерүүгө арналган эл аралык мелдеш өткөрүү демилгеси ар тараптан колдоого алынууда. Мага көп кеңештерин айтып турчу.

Кыргызстанды эл аралык аренага тааныткан Раатбек Санатбаев менен үзөңгүлөш болуп жыйырма жыл бирге иштеп, күрөшкөн өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу Эмил Алыкулов экөө жаш балбандарга күрөш сырларын, ыкмаларын үйрөткөнүн, үлгү болгонун жана бийик адамкерчилигин айтып, Раатбекти эскерди:

-Өлкөнү дүйнөгө тааныткан Раатбектин Кыргыз спортуна кошкон салымы зор эле. Ал түгүл Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет Азия чемпионатында эки жолу алтын байге утуп алган. Ошондой эле 1994- жылы Хиросимада өткөн Азия оюндарында өлкөнүн тарыхында биринчи болуп күмүш байгелүү утуп, Кыргыз туусу обого көтөрүлүшүнө Раатбек чоң үлүш кошкон. Кыргыз спорт тармагы анын жоктугун өкүнүү менен сезип турат. Жаштарга аны ар даым үлгү катары айтып келем.

Раатбекти спорт адиси Касымкул Оболбеков өтө жогору баалаганын айтып, анын адамчерчилик сапаттарын эскерди.

Раатбектин кичүү уулу Даулеттин айтымында анын агасы Бексултан атасынын жолун жолдоп, грек-рим күрөшү менен машыгып жүрөт.
Раатбектин жесири Сайра Санатбаеванын айтымында буйуртма менен өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин бети алигиче ачылбай турат.

Раатбек Санатбаевдин ысымы өзү билим алган Жалал-Абаттагы мектебине жана ушул шаардагы спорт мектебине дагы ыйгарылды.
Ошондой эле Бишкектеги Чыгыш-5 кичи аймагындагы спорт борборуна аты берилип, анын алдына эстелиги орнотулду.

Раатбек Санатбаевдин сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнгө коюлган. Жубайы Сайра, уулдары Бексултан, Даулет, кызы Азема жана достору анын мүрзөсүнө эстелигин коюшту.

Белгилүү балбан Раатбек 1969- жылы 7- майда Жалал-Абад шаарында туулган. Бабалары «Каман алп» аталып, балбандыгы менен даңазаланган.

Раатбек Бишкектеги олимпиадалык резерв окуу жайынан, Кыргыз дене тарбия институтунан жана Кыргыз- Славян университетинен билим алган.

Спорт менен 20 жылдан ашуун убакыт машыгып, Кыргызстанды дүйнөгө, Азияга тааныткан. Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болуп, Азия оюндарында эки ирет күмүш байге уткан. Кыргызстандын көп жолку чемпиону аталып, 7 жолу жылдын мыкты балбаны катары сыйланган.

Дүйнө чемпионатында коло байгелүү болуп, Атланта жана Сидней олимпиадаларында өлкөнүн намысын коргогон.

13 ирет эл аралык Гран- при мелдештеринде жеңишке жетишкен.

Спорттогу ийгиликтери «Даңк» медалы, Улуттук олимпиада комитетинин ордени жана Казакстандын «Кайсар» медалы менен бааланган.
XS
SM
MD
LG