Испандар жактырган жеткинчек футболист Эрбол
Жаңы жылдын алдында Кант шаарынын “Абдыш-ата” футбол клубунун сегиз жашар оюнчусу Эрбол Атабаев Испаниянын “Реал” клубунун Мадриддеги футбол Академиясынын сынагынын биринчи этабынан өтүп келди.
Жаш футболчунун атасы Канатбек Атабаевдин айтымында, уулу экөө Испаниянын үч футбол клубуна арыз жолдоп, Эрболдун оюндары, чеберчилик, жөндөмү тууралуу тартылган даректүү тасмаларды калтырып, май айындагы экиничи сыноого чакыруу алып келишти.
Сегиз жашында эле өзүнөн 3-4 жаш уулу балдар менен тең ата ойноп жүргөн Эрбол Канатбек уулу топту жерге түшүрбөй 285 ирет элеп, адистердин көңүлүн бурган.
Жөндөмдүү жаш футболчунун өнөрү тууралуу тартылган видео тасма Европа жана Шериктеш өлкөлөрдүн 37 футбол клубуна жөнөтүлгөн. Жаш өспүрүмдүн жөндөмүн байкаган Түркия, Казакстан, Испания жана башка өлкөлөрдөгү футбол клубдарынан сунуштар, чакыруулар түшө баштаган.
Жаш футболчу Эрбол Атабаев Испания өлкөсү жакканын, беш жашынан бери футбол ойноп баштаганын, былтыр жылдын мыкты дүйнөлүк футболчусу аталган Лионель Мессинин өнөрүн бааларын “Азаттыкка” айтып берди.
“Абдыш ата” футбол клубунун менежери Азатбек Шайлдабековдун айтымында, эки жүздөн ашуун жөндөмдүү балдар футбол менен машыгып, Эрболдон сырткары Киев шаарынын “Динамо” клубуна кабыл алынган өспүрүмдөр да бар.
Кыргызстандык футболчуларга түрктөр, орустар кызыкдар
Жыл башында футбол боюнча «Дородой-Динамо» командасынын катарында ойногон африкалык жалданма оюнчулар Дэвид Тэтте менен Даниэл Таго Тажикстанга кетип калышканы күйөрмандарды кабатыр кылган.
Ошол эле учурда кыргызстандык футболчулардын өзүнө чет өлкөлүк клубдар да кызыга баштады. Тактап айтсак, 2009-жылдын мыкты коргоочусу аталган Канттын “Абдыш-Ата” клубунун өкүлү Роман Аблакимовду Түркиянын “Хажеттепеспор” клубу чакырып, алардын катарында алгачкы оюнун өткөрдү.
Кыргызстандын алты жолку чемпиону “Дордой-Динамонун” чабуулчусу Мирлан Мурзаев Орусиянын “Локомотив” командасынын сынынан өтүп, алардын катарына кошулганы турат.
Мирлан Мурзаев учурда Түркиянын Анталия шаарында «Локомотив» клубунун оюнчулары менен бирге машыгуу өткөрүп жүрөт.
Кыргызстанда 2009-жылдын мыкты чабуулчусу аталган «Дордой-Динамо» командасынын оюнчусу Максим Кретков учурда Орусиянын “Спартак” жана “Сатурн” клубдарынын сынынан өтүп жатат.
«Дордой-Динамо» командасы Москвада
Футбол боюнча Кыргызстандын алты жолку чемпиону "Дордой-Динамо" командасы 11-январда Шериктештик Кубогуна даярдануунун алкагында Москвада биринчи жолдоштук беттешүүнү өткөрдү.
“Дордойчулардын” жолдоштук беттешүүдөгү алгачкы атаандашы Орусиянын чемпионатынын үчүнчү дивизионунун курама командасы болду. Беттешүүдө 4:2 эсеби менен "Дордой" командасы жеңди. Топту атаандаштардын дарбазасына Сергей Князев, Илдар Амиров, Каюмжан Шарипов жана Артем Муладжанов киргизишти.
12-январь күнү кечинде "Дордой-Динамо" ступиналык "Ока", 13-январда - подольскилик "Подол" жана 14-январда серпуховдук "Звезда" менен ойнойт. Бул командалардын бардыгы орусиялык футбол биринчилигинин экинчи дивизионунун өкүлдөрү. Ал эми Москвадагы Шериктештик Кубогунун беттешүүлөрү 16-январда башталат.
Бул ирет да кыргызстандыктар үчүн таймашуулар дагы кыйынга турчудай. Себеби чучукулак кармоодо «Дордой-Динамо» командасы күчтүү атаандаштарга туш болду. «Дордойчулар» «А» тобунда Белорусиянын чемпиону «Днепр», Латвиянын чемпиону «Металлург» жана Орусиянын чемпиону Казандын «Рубин» командалары менен мөрөй талашмак болду.
16-январда «Дордой-Динамо» биринчи беттешүүнү Белорусиянын чемпиону «Днепр» командасы менен өткөрөт. 17-январда Орусиянын чемпиону Казандын «Рубин» командасы менен мөрөй талашуусу кыйынга турчудай.
Ал эми 19-январда Латвиянын чемпиону «Металлург» командасы менен беттешет. 20-январда чейрек финалдык беттешүүлөр өткөрүлөт.
Мөрөй алган мергендер
Чүй облусунун Панфилов районунда ок атуу боюнча салттык жаңы-жылдык турнир аяктады.
Ок атуу боюнча федерациянын башкы катчысы Тахир Исмаиловдун айтымында, эркектер арасында алтын медалды Руслан Исмаилов 595 упай менен жеңип алды.
Кыз-келиндер арасында Айсулуу Курманбек кызы 393 упай топтоо менен жеңүүчү аталды.
Өспүрүмдөр арасында Нурбек Сарыгулов жана Екатерина Макеева биринчиликке жетишти.
Февраль айында ок атуу федерациясы тарабынан Мекенди сактоочунун күнүнө арналган Бишкектин биринчилиги өткөрүлөт.
Өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев ок атуу федерациясынын президенти болуп саналат.
Айтылуу “Пахтакор” командасынын жаштарынын Бишкектеги жеңиши
Бишкекте футбол боюнча уландар арасында биринчи Эл аралык турнир өттү. Мелдеш төрт күнгө созулуп, ага Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан беш команда катышты. Оюндун жыйынтыгында 12 упай топтогон Ташкендин “Пахтакор” клубу жеңүүчү аталды. Мында Кант шаарынын “Абдыш-Ата” клубунун жаштары үчүнчү орунга татыды.
Бул мелдештин жыйынтыгы боюнча өспүрүмдөр курамасына алдыңкы оюнчулар кабыл алынып, март айында Ташкенде өтө турган Азия Футбол Конфедерациясынын фестивалына катышмакчы.
“Дордой-Динамо” быйылтан баштап Бишкектин намысын коргойт
Буга чейин Нарындын командасы аталып келген клуб эми Бишкектин атынан чыгат. 1997-жылы уюшулгандан тарта “Дордой-Динамо” командасы Бишкекте машыгып, Нарын шаарында бир нече гана жолдоштук беттешүү өткөрүшкөн.
“Ак-Тулпар" шахмат мелдеши
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы китепканада биринчи жолу “Ак-Тулпар" шахмат мелдеши өткөрүлдү. Акыл таймашына төрт курак боюнча 85 жаш шахматчы катышты.
10 жашка чейинки балдардын арасында 7 оюндан 7 упай топтоп Эржан Тургунбеков биринчи орунду камсыз кылды. 6 упай топтогон Зидан Хапизов экинчи орунду жана 5 упай топтогон Адилет Үсөн уулу үчүнчү орунду ээледи.
12 жашка чейинки куракта 6,5 упай топтоп Шахнози Мусаева алдыга чыкты. Андан бир упай артта калган Тилек Өмүрканов экинчи орунду, 5 упай менен Элина Самүдүн үчүнчү орунду жеңип алышты.
8 жашка чейинки эң кенже шахматчылар арасында биринчи орун 6,5 упай топтогон Кайду Калкановго баш байге ыйгарылды. Ошондой эле 5,5 упай топтогон Элина Таштанбековага экинчи, 5 упай менен Айдар Алапаевге үчүнчү орун ыйгарылды.
Мелдештердин бардык катышуучулары акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Адистердин баамында өлкөнүн Шахмат федерациясынын президенти, өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Акылбек Жапаров жаш шахматчыларга көз кырын сала баштады.
2010-жылдын дзю-до боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталды
Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосуна дзю-до күрөшү боюнча өлкө аймактарынан келген 19 команданын катышуусунда Кыргызстандын чемпиондору аныкталды. Мелдеш эркектер арасында сегиз, аялдар арасында алты салмак боюнча өттү.
Натыйжада Эдил Беккулов, Азат Кубакаев, Ислам Баялинов, Алимбек Жусупов, Чыңгыз Мамедов, Айбек Бекболаев жана Юрий Краковецкий өз салмак категорияларында алтын медал тагынышты.
Кыз-келиндер арасында Айзада Жаналиева, Салтанат Ахмеджанова, Елена Проскуракова, Асель Бекбосунова, Нагира Сарбагышова, Фатима Розахунова Кыргызстандын чемпиону наамынын ээси болушту.
Кыргызстандык дзю-дочулар жазында Германияда, Францияда өтө турган турнирлерге катышат. Жай мезгилинде Сингапурда жаштар арасында биринчи өтө турган Олимпиадага жолдомо алууга аракет кылышууда. Күзүндө Кытайдын Гуанжо шаарында өтө турган 16- Азия оюндары кыргызстандык дзюдочулары үчүн чоң сыноо.
Спорт күйөрмандарынын эсиңе сала кетели. Өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев Кыргызстандын дзю-до жана ок атуу федерацияларынын президенти болуп саналат. Ал эми өлкөнүн Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар борбордук агенттигинин жетекчиси Максим Бакиев болсо үч жылдан бери жалпы күрөш федерациясынын президенти.