Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Хоккей жылдыздары Кыргызстанда, Ванкуверге 2 жолдомо


Хоккей боюнча Бишкектин биринчи чемпионаты, 22-февраль 2009-жыл
Хоккей боюнча Бишкектин биринчи чемпионаты, 22-февраль 2009-жыл

Дүйнөлүк хоккей ардагерлери Кыргызстанда жолдоштук беттешүүлөргө катышты. Ванкувер олимпиадасына Кыргызстандан 2 спортчу жолдомо алды.

Хоккей жылдыздары Кыргызстанда

СССРдин хоккей ардагерлери, олимпиада жана дүйнө чемпиондорунун Кыргызстанга келиши спорт күйөрмандарын сүйүнүчкө бөлөдү. Бишкекте эки муз айдыңы курулганы менен хоккей боюнча бирин-экин гана мелдештер өткөрүлүп, кызыгууну жарата алган эмес.

Кеңеш доорунда хоккей жылдыздары аталган ардагерлердин Бишкекке келиши бул спортко кызыгууну жаратты. Кеңеш доорунда хоккей менен дүйнөгө таанылган ардагерлер Кыргызстандын “Хан-Теңири” командасын Бишкектеги жолдоштук беттешүүдө 7:2 эсебинде утуп, чеберчиликтерин көрсөтүштү.

Жолдоштук беттешүү Бишкектин муз айдыңында өтүп, Бишкектин мэри Нариман Түлеев бул спортту өнүктүрүүгө аракеттер башталганын белгиледи.

Уламышка айланган ардагерлер командасынын курамында олимпиада, дүйнө чемпиондору Александр Якушев, Сергей Макаров, Юрий Ляпкин, Владимир Лутченко жана Виктор Шалимов сыяктуу белгилүү хоккейчилер болду. Жолдошттук беттешүүлөр эл аралык эреже боюнча 20 мүнөттөн 3 тайм менен өткөрүлдү. Экинчи таймдын жыйынтыгы менен «советтик хоккей ардагерлер» 3:2 эсебинде алга озуп чыгышты.

Үчүнчү таймда ажырым көбөйүп, натыйжада оюн 7:2 менен ардагерлердин жеңиши менен жыйынтыкталды.

Оюндун соңунда чеберчиликти көрсөтүү максатында айып шайбасын киргизүү боюнча таймаш өтүп, алдыга кыргыз тарап 2:1 эсебинде чыкты.

30-январда ардагер-хоккейчилер Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылына барып, табыгый “Шортон” муз айдыңында жергиликтүү команда менен жолдоштук беттешүү өткөрүштү. Натыйжада үч шайба айырма менен 5:2 эсеби менен хоккей ардагерлери жеңди. Алар күйөрмандарга чеберчиликтери көрсөтүү максатында айып аянтынан шайбаны дарбазага таамай багытташты. Мында дагы Москвадан келген меймандар 2:1 эсеби менен утуп алышты.

Ванкувер кышкы олимпиадасына эки жолдомо

Кыргызстандык сноубордчу Андрей Вакурин 12-февралдан 28-февралга чейин Канаданын Ванкувер шаарында өтө турган 21-кышкы олимпиадалык оюндарга жолдомо алалбай арманда калды.

Олимпиадага жолдомо берүүчү мелдештерде Андрей Вакурин 51-орунга илинип, чеберчилигин көрсөтө албады. Ванкувер олимпиадасына баруу үчүн Андрей Вакурин отузунчу орунга чейин жетүүсү зарыл болчу.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымында Ванкувер кышкы олимпиадасына кыргызстандык эки спортчу жолдомо алды.

-Алар лыжа спорт чеберлери Ольга Решетникова менен Дмитрий Трелевский. Ольга 10 км, 15 км жана 30 км лыжа жарыштарына Кыргызстандын намысын коргойт. Ал эми Дмитрий Трелевский тоо лыжасынын тоодон ылдам түшүү түрү боюнча катышат.

Мындан тышкары Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов, Дене тарбия жана спорт агентигинин жетекчиси Айдарбек Керимкулов баштаган чакан делегация да Ванкувер олимпиадасына барышмакчы.

2009-жылдын жыйынтыгы боюнча 69 спортчуга сыйлык

Кыргызстандын спортчулары Дзю-До боюнча эл аралык мелдештерге көп катышып келатат
Дене тарбия жана спорт боюнча агенттик 2009-жылы спорттун ар кыл: грек-рим күрөшү, эркин күрөш, сүзүү, дзю-до, тармагында өзүн мыкты көрсөткөндөргө акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Стипендия корунан бул үчүн 1 млн. 141 миң сом каралганын агенттиктин басма сөз кызматы маалымдады.

Сыйлыктар 2009-жылкы спорттук ийгиликтери үчүн баш аягы 69 адамга берилди. Алардын катарында грек-рим күрөшүнүн балбандары Арам Акопян, Калыбек Жолчубеков, Мурат Рамонов, эркин күрөшчүлөр Базар Базаргуруев, Яна Панова, велоспортчу Евгений Ваккер жана башкалар бар.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу Эмил Алыкуловдун айтымында былтыр Азия, дүйнө чемпионаттарына катышып, байгелүү орундарга ээ болгон жыйырмадай балбан, устат акчалай сыйлыктарга арзыды.

Мыкты бильярдчы дүйнө чемпионатына аттанат

1-февралда Бишкекте бильярд спорту боюнча дүйнө чемпионатына талапкерлерди аныктоо таймашуулары башталды.

Өлкөнүн бильярд федерациясынын башкы катчысы Шейшенбек Байзаковдун айтымында Кыргызстандын тандалма командасынын мүчөлөрүн аныктоо мелдешине 12 күчтүү оюнчу катышууда. Алардын катарында спорттун беш чебери жана спорт 7 талапкери мөрөй талашууда.

Алар Зайлан Адамов, Ильяс Адамов, Сапар Алыкулов, Тынчтык Дадиев, Улан Рыскулов, Кубанычбек Сагындыков, Канат Сыдыков жана башкалар.

Бильярд чемпиону Каныбек Сагынбаев
Бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев тандоо мелдешине катышпай эле, дүйнө чемпионатына баруу укугуна ээ. Быйылкы бильярд боюнча дүйнө чемпионаты 17-февралдан 21-февралга чейин Алматы шаарында өткөрүлөт.

Кыргызстандан дүйнө чемпионатына 4 спортчу барууга укук берилүүдө.
XS
SM
MD
LG