Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Ванкувер олимпиадасына кыргызстандык спортчулар аттанды


Кезектеги кышкы олимпиада Канаданын Ванкувер шаарында өтөт
Кезектеги кышкы олимпиада Канаданын Ванкувер шаарында өтөт

Кыргызстандын намысын кышкы олимпиадада коргоочу эки спортчуга жолдомолорду биринчи вице-премьер Акылбек Жапаров тапшырып, ак жол каалады.

Улуттук олимпиадалык комитетинде өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Акылбек Жапаров 21-кышкы олимпиадалык оюндарга жолдомону Кыргызстандын олимпиада делегациясынын мүчөлөрүнө тапшырды.

Канаданын Ванкувер шаарына барууга билет дагы берилди. Ошондой эле олимпиадачыларга Ванкувер олимпиадасынын эн белгилери түшүрүлгөн салттуу баш кийим-ак калпактарды тартуулады.

Иш-чара өлкөнүн Дене-тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Айдарбек Керимкулов жана Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун катышуусунда өттү.

Спорт күйөрмандарына маалым болгондой Ванкувердеги XXI кышкы Олимпиада оюндарында өлкөнүн туусун тоо лыжачы Дмитрий Трелевский жана лыжа менен чуркоочу Ольга Решеткова көтөрүп чыкмакчы. Спортчулар менен Канадага 11-февралда өлкөнүн курама командасынын машыктыруучусу Игорь Борисов сапар алат.

XXI кышкы Олимпиада оюндарында бишкектик Дмитрий Трелевский тоо лыжасынын гиганттык слалом жана слалом мелдештеринде мөрөй талашат. Ал эми Ольга Решеткова лыжада чуркоо боюнча 10, 15 км жана 30 км жарыштарында өлкө намысын коргойт.

Бишкектик Ольга Решеткованын айтымында, он беш жылдан бери лыжа менен машыкканына карабай олимпиадалык таймашуу кыйынга турат.

-Орусия жана Европа өлкөлөрүндө машыгууларды өткөрүп, даярдандык. Албетте, Ванкуверде Юстина Ковальчик сыяктуу белгилүү европалык чеберлер менен таймашуу оңойлукка турбайт. Бирок биз да өзүбүздү мыкты жактан көрсөтүүгө аракет кылабыз, - деди Ольга Решеткова.

Биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров кыргызстандык кышкы олимпиадачыларды шыктандырып, Ванкуверде алтынга татыктуу лыжачыга 100 миң доллар, күмүш байге ээсине 75 миң, ал эми коло сыйлык ээсине 50 миң доллар акчалай сыйлык тапшырылаарын расмий билдирди.

Ванкуверде тоодон лыжа менен ылдам түшүү мелдештерине катыша турган Дмитрий Трелевскийдин айтымында колдон келген даярдыктарды көрүп, чоң таймашууларга аттанып баратышат.

-Ванкувер кышкы олимпиадалык оюндардын таймашуулары курч мүнөздө өтөөрү күтүлүүдө. Атаандаштарым дагы абдан мыкты чебер лыжачылар. Кыргызстанда тоо лыжасына кийинки жылдары гана көңүл бурула баштады. Ошондуктан биз Орусия, чет өлкөлүк лыжа чеберлери менен бирге машыгып, алардан көп нерсе үйрөндүк. Биз Ванкуверде Кыргызстандын намысын колдон келишинче коргоого аракет кылабыз. Байгелүү орундарга жетүү кыйынга турат. Жок дегенде тажрыйба топтоп келебиз.

Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону 1994-жылдан бери кышкы олимпиадалык оюндарга бирин-эки спортчусу менен катышып келеатат. Мисалга алсак 1994-жылы Лиллихамер шаарында өткөн кышкы олимпиадага орусиялык жалданма биатлончу Евгений Роппель катышкан.

1998-жылы Жапониянын Нагано шаарында өткөрүлгөн кышкы оюндарга да орусиялык Александр Тропников биатлондон Кыргызстандын атынан мөрөй талашып, ийгилик жарата алган эмес.

2002-жылы АКШнын Солт-Лейк Сити шаарында өткөн 19-кышкы олимпиадасына да Александр Тропников менен казакстандык Дмитрий Чвыков Кыргызстандын атынан барган. Жогоруда айтылган үч олимпиадада Орусия менен Казакстандын өкүлдөрү Кыргызстандын атынан катышкан.

2006-жылы Италиянын Турин шаарында өткөн кышкы олимпиадалык оюндарда бишкектик Иван Борисов тоо лыжасы боюнча биринчи ирет катышып, ийгилик жарата алган эмес.

Кыргызстандын командасын Ванкувер олимпиадасына баштап бараткан улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун пикиринде кышкы олимпиадалык оюндарга катышуунун өзү эле бул спорттун өнүгүшүнө таасирин тийгизет.

Дене тарбия жана спорт агентигинин жетекчисинин мурдакы орун басары Алмаз Касеновдун айтымында кышкы олимпиада болоордо гана дүрбөп калбай, кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүү боюнча мамлекеттик иш-чара түзүп, спорттун кышкы түрлөрүнө көңүл буруу учур талабы.
XS
SM
MD
LG