Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Ванкувер: Эстафетаны Сочи шаары алды


Канада -- Ванкувердеги кышкы олимпиаданын жабылуу салтанаты, 28-февраль, 2010-жыл.
Канада -- Ванкувердеги кышкы олимпиаданын жабылуу салтанаты, 28-февраль, 2010-жыл.

Ванкуверде жашап, иштеп жүргөн айрым кыргызстандыктар да кышкы олимпиадалык оюндарга, анын жабылыш аземине күбө болушту.

Ванкувер Кышкы олимпиадасынын жыйынтыгында америкалык жана германиялык спортчулардан оюн ээси канадалыктар 4 алтын байгенин айырмасы боюнча алдыга чыгып, рекорд жаратты.
Канадалыктар 14 алтын, 7 күмүш жана 5 коло медалды өз жеринде калтырып, тарыхта алгач ирет биринчи орунду ээледи.

Экинчи орундагы Германия 10 алтын, 13 күмүш жана 7 коло медалга ээ.

Мурда алдыңкы орунда келатып, кийин үчүнчү катарга жылган АКШнын да 9 алтын, 15 күмүш жана 13 коло байгеси болуп, алар 37 байгелүү орунду камсыз кылышты.

Илгертен бери кышкы спорту менен таанылып келаткан Норвегия 9 алтын, 8 күмүш жана 6 коло байгелүү болду.

Азия аймагынан Түштүк Корея, Кытай, Жапон, Казакстан өлкөлөрү гана таанылып, байгелүү орундарды камсыз кылышты. Мисалы, Түштүк Кореянын спортчулары 6 алтын, 6 күмүш жана 2 коло медалы менен командалык эсепте бешинчи орунга чыгышты.

Кытайлыктар да келечекте кышкы спорттон алдыга чыгаарын айгинелеп, Ванкуверден 5 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медал утуп, сегизинчи орунда турду.

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайынын жетекчиси Болот Сулаймановдун пикиринде, кыргызстандыктардын көпчүлүгү сүрөөнгө алган орусиялыктар мурдакыдай алдыңкы орундарды камсыз кылалбай, ишенимди актабай албады.

Орусиянын спортчулары мурдакы кышкы олимпиадаларда байгелүү биринчи, экинчи же үчүнчү орундарды ээлеп жүрсө, Ванкувер олимпиадасында 3 алтын, 5 күмүш жана 7 коло медалы менен он биринчи орунга ылдыйлап жылды.

Кышкы олимпиаданын акыркы күнү эр-азаматтар арасында хоккей мелдештеринде алтын байгеге талапкер америкалыктар менен оюн ээси канадалыктар таймашып, 3:2 эсеби менен канадалыктар утуп алуу менен биринчи орунду ээледи.

Бул жеңиш канадалыктар үчүн өзгөчө майрамдык маанай тартуулаганын Ванкуверде банкта иштеп жүргөн кыргызстандык Айбек Рыскелди уулу “Азаттыкка” билдирди.

Ванкувер кышкы олимпиадасынын акыркы күнү лыжа менен эр-азаматтар 50 чакырым аралыкка жарышып, мында норвегиялык Петер Нортуг озуп келди.

Ал Ванкувер олимпиадасында 2 алтын, бирден күмүш жана коло медал утуп алууга жетишти.
50 чакырым марафондук лыжа жарышында германиялык Аксел Тайманн Петерге көз ирмемчелик убакыт утулуп, күмүш байгелүү болду. Швед Юхан Оллсон үчүнчү орунду ээледи.

Ванкуверде иштеп жашап жаткан кыргызстандык Рыскелди Турдубаевдин пикиринде, Кыргызстандын делегация мүчөлөрүнө жолугууга аракеттен майнап чыкпады. Ошондой эле Кыргызстанда кышкы спортко мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай келатканы өкүндүрөт.

Ванкувер кышкы олимпиадасынын жабылыш аземи болуп, кийинки эстафетаны Сочи шаарына ыйгаруу салтанаты болду. Бул жабылыш салтанатка Ванкуверде күбө болгон кыргызстандык Рыскелди Турдубаев телефон аркылуу “Азаттыкка” буларды билдирип, Канадада майрамдык маанай дале өкүм сүрүп жатканын айтат:

-Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Жак Рогге Ванкувердеги кышкы олимпиада мыкты уюшкандыкта өткөнүн баса белгилеп, 2014-жылкы кышкы олимпиадасынын эстафетасын Сочи шаарынын мэри Анатолий Пахомовго тапшырды. Канадада жеңиш салтанатын белгилешип, өзгөчө майрамдык маанай өкүм сүрүүдө. Канадалык адистер, машыктыруучулар дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө келишимдин негизинде иштеп жүрүшөт. Эгерде кыргыз жетекчилери расмий чакырса, биз данакер болуп кышкы спорт машыктыруучуларын сунуштайт элек. Кыргызстанда да кышкы спорттун өнүгүшүнө өкмөттүк деңгээлде камкордук керек. Кыргыз жеринде кышы, жайы дебей тоолорунда кар бар. Бишкекте да кышкы спорт сарайлары курулуп жатканын угуп жатабыз.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Ванкувер олимпиадасындагы орусиялык спортчулардын начар көрсөткүчтөрү үчүн спорт жетекчилери жооп беришээрин айтып, 2014-жылы Сочи олимпиадасына азыртан даярдык көрүүнүн зарылдыгын расмий билдирди.

Кыргызстандык 2 спортчунун Ванкувердеги начар аракеттери үчүн спорт жетекчилери кандай шылтоо айтышаары али белгисиз.
XS
SM
MD
LG