Учурда Ванкувер шаарында майып спортчулардын паралимпиадалык оюндары курч мүнөздө өтүүдө. Мында 44 өлкөнүн 1300 майып спортчусунан орусиялыктар намыстанып, учурда биринчи орунда келатышат. Алар 8 алтын, 10 күмүш жана 5 коло медаль утуп алуу менен топ баштап келүүдө. Экинчи орунда келаткан германиялыктар 7 алтын, 3 күмүш жана 2 коло байгелүү болушту.
Мындан он сегиз күн мурда Ванкуверде аяктаган кышкы олипиадалык оюндарда украиналык спортчулар бир дагы алтын байгеге ээ болбосо, учурда алардын мекендеш майып спортчулары 12 медаль утуп алууга жетишип, командалык эсепте үчүнчү орунда келатышат. Алар 3 алтын, 4 күмүш жана 5 коло байгелүү болушту.
Оюн ээлери канадалыктар учурда 3 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль жеңип алуу менен төртүнчү катарда турушат. Кышкы олипиадалык оюндарда алдыңкы орундарды ээлеп жүрүшкөн Австрия, АКШ жана Норвегия өлкөлөрү паралимпиадалык таймашууларда бирден алтын байгелүү болушуп, 6-7-8-орундарда келатат.
Азия өлкөлөрүнөн Жапон мамлекетинин майып спортчулары учурда 3 коло байге утуп алуу менен айырмаланып турушат. Ванкувер паралимпиадасына Кыргызстандан бир дагы майып спортчу катышкан жок. Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымында Кыргыз жергесинде майып спортчулар федерациясы, дене тарбия, спорт боюнча мамлекеттик агентиги жана паралимпиадалык комитети алгылыктуу иш алып барбагандыктан, майыптар үчүн кышкы спорт ийримдери иштебейт.
-Эгерде Ванкувер паралимпиадасына катышууну каалаган майып спортчу болсо, улуттук олимпиада комитети аккредитация алып, оюндарга катыштырууга жол ачып, аракет көрмөк. Тилекке каршы, майыптарга камкордук көрүп, алардын демилгесин колдоого алчу уюмдар мекемелер иштебей жатат.
Ванкувер кышкы паралимпиадасынын учурдагы каарманы орусиялык Ирек Зарипов болууда. Ал биатлон мелдештеринде үч алтын медаль жеңип алууга жетишип, чеберчилиги, чыдамкайлыгы менен таанылууда. Анын мекендештери Владимира Киселев күмүш, Романа Петушков коло байгелүү болуп, орусиялыктар биатлон мелдешинде жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү.
Кыз-келиндердин 10 чакырымга биатлон таймашуусунда орусиялык Марина Иовлева мергендиги жана ыкчамдыгы менен айырмаланып, Ванкувер паралимпиадасынын чемпиону аталып, алтын медаль тагынды.
Украиналык Александра Кононова кыз-келиндердин 12,5 чакырым аралыктагы биатлон мелдешинде биринчи орунду ээлеп, паралимпиада чемпиону аталды.
Майып спортчулар үчүн эл аралык биринчи оюндар 1948- жылы Улуу Британия өлкөсүндө өткөрүлсө, ал эми 1960- жылдан бери паралимпиадалык оюндар деп аталып, 4 жылда бир уюштурулуп келүүдө.
Биринчи кышкы паралимпиада 1976-жылы Швецияда өткөрүлүп, анда 16 өлкөнүн 198 майып спортчусу гана мөрөй талашкан.
Биринчи оюндар кышкы спорттун 2 түрү: тоо лыжасы жана лыжалык жарыштар боюнча гана өткөрүлгөн. Учурдагы Ванкувер кышкы паралимпиадасы спорттун беш түрү боюнча өткөрүлүп жатат.
Бишкектик спорт ардагери Такин Рыспек тегиндин айтымында өлкөнүн майып спортчуларынын айрымдары эл аралык мелдештерге, Азия оюндарына жана жайкы паралимпиадаларга катышып жүрүшкөнү менен алар камкордукка алынган эмес.
- Ооруга жеңдирип, чүнчүп жашагандан көрө, спорт менен машыгып, алдыга бир максат коюп, үмүт менен жашоо артык. Өлкөдө майыптарга өкмөттүк деңгээлде камкордук көрүлсө, анда алар Кыргызстанды дүйнөгө таанытат эле. Кыргызстандын улуттук паралимпиадалык комитети майып спортчуларга көңүл буруп, жакшы иштебей жатат.
Өлкөдө 1992-жылы майып спортчулардын клубу түзүлүп, 1994- жылы өзүнчө федерация болуп, Эл аралык паралимпиадалык комитетке мүчөлүккө кабыл алынган эле. Ошондон бери Атланта паралимпиадасына Роман Өмүрбеков менен Ниязбек Чалиев катышса, 2000- жылдагы Сидней паралимпиадасына да Роман Өмүрбеков менен Эдуард Гисов барып, Кыргызстандын намысын коргогон.
Афина паралимпиадасына Роман Өмүрбеков, Шовкат Мугалимов жана Эдурад Гисов барышкан. Бээжинде өткөн паралимпиадалык оюнга да Роман Өмүрбеков барып, өлкө намысын коргогон. Булар жайкы паралимпиадага катышкандар. Кыргызстандык бир дагы майып спортчу кышкы паралимпиадага катыша элек.
Ванкувер кышкы паралимпиадалык оюндары 21- мартта жыйынтыкталып, жабылыш салтанаты болмокчу.