Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Аба ырайына байланыштуу Нооруз мелдештери шаңдуу өтпөдү


Нооруз салтанатындагы кол күрөш, Бишкек, 21-март.
Нооруз салтанатындагы кол күрөш, Бишкек, 21-март.

Бишкекте кол күрөш, аркан тартмай, стөл тениси, шахмат, тогуз коргоол, ордо жана “Көңүлдүү старт” мелдештери Нооруздун шаанисин арттырды.

Эгемен алгандан баштап Кыргызстанда Нооруз жалпы журттун майрамына айланып баратышына спорттук мелдештердин салымы бар. Нооруз майрамында ар жыл сайын баскетбол боюнча эл аралык мелдеш өткөрүү салтка айланган.

XVIII эл аралык “Нооруз” мелдеши Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтүүдө. Быйылкы мелдешке Азербайжан, Түрмөнстан менен Кыргызстандын курама командалары катышса, Казакстандын Актау шаарынан “Каспий”, АКШнын “Атлеттер кыймылда”, Өзбекстандын Навои шаарынын “Согдиана” командалары күч сынашып жатышат.

Кыргызстандык баскетболчулардын биринчи атаандашы «Манас» транзиттик жүк ташуу борборунун командасы болду. Беттешүү 70:60 эсеби менен аяктап, жеңиш кыргызстандыктар тарапта болду.

Өзбекстандын «Согдиана» командасы жана Түркмөнстандын курама командасы 67:79 эсебинде, түркмөнстандыктардын утушу менен оюндарын жыйынтыктады.

Кыргызстандын командасы түркмөнстандык атаандаштарын каршы алып, таймашуу курч мүнөздө өттү. Натыйжада кыргызстандык баскетболчулар жеңилүү ызасын тартышты. Ошондой эле Кыргызстандын командасын Өзбекстандын «Согдиана» командасы 81:79 эсебинде эки упай айырма менен утуп алышты.

Мыктыларды иргеп алуу таймашуулары 22-мартта болсо, бул “Нооруз” баскетбол турниринин жеңүүчүлөрү 23- мартта аныкталат.

Бишкектеги Нооруз майрамына арналып өткөрүлгөн мелдештерге шаар мэри Нариман Түлөев келип, спортчуларды сүрөөнгө алып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды. Мындан сырткары шаардагы кичи конуштарда дагы мелдештер өткөрүлүп жатканын Нариман Түлөев айтып, майрамдык маанайды спорт оюндары тартуулап жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Даулет Досалиевдин айтымында, Жогорку Кеңештин жанындагы өкмөттүк эски аянтта спорттун 11 түрү боюнча мелдештер өткөрүлдү.

- Нооруз майрамына шаардын эң мыкты спортчулары өнөрүн көрсөттү. Жалпы жонунан төрт жүздөн ашык киши катышты. Гимнастиканын түрлөрү – көркөм гимнастика, спорттук гимнастика, акробаттар чыкты. Ошондой эле бүт чыгыш оюндарынын устаттары, кыргыз эл оюндары – ордо, тогуз коргол, кол күрөш жана балдар үчүн “Көңүлдү старт” оюндар боюнча мелдештер болду. Панфилов атындагы эс алуу паркында, жаңы конуштарда, ири-ири спорттук жайларда оюн-зооктор, мелдештер Нооруз майрамына арналды.

Бишкектик спорт күйөрманы Алмаз Кудайбергенов улуттук оюндар, спорттун элдик түрлөрү Нооруз майрамында гана өткөрүлбөй, улуттук оюндардын биринчилиги уюштурулса деген тилекте:

-Калктын көңүлүн спорт жетекчилери Нооруз майрамында гана албай, өзүнчө улуттук оюндардын биринчилигин же спартикадиадасын өткөрүлсө дурус болмок.

Нооруз майрамында ордо боюнча мөрөй талашууда эреже бузулуп, оюнчулар томпойду кадап атып жатканын алайлык күйөрман Адир Сабиров билдирип, ордого жаштар кызыкканын белгиледи.

Кыргыз эл оюндары – ордо, тогуз коргоол, кол күрөш мелдештерине кызыккандар арбын болду.

Оштук спорт адрагери Төлөн Жакшыбаев улуттук оюндар Нооруздун шаанисин арттыраарын белгилеп, бул ирет бабалар мурасы кыргыз күрөшү өткөрүлбөй калганына капалыгын да билдирди.

Бишкектин ордо боюнча тандалма командасынын оюнчусу Меңдибек Исмаиловдун пикиринде, улуттук оюндар майрамдарда гана эске алынып, калган учурда унутта калууда. Буга Бишкекте ордо аянтынын жоктугу далил.

Айрым спорт күйөрмандарынын пикиринде, быйылкы Нооруз мелдештери аба ырайынын таасиринен улам начар уюштурулуп, деңгээли төмөн болду.
XS
SM
MD
LG