Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Ванкувер олимпиадалык эстафетаны Сочиге өткөрдү


Ванкуверде кышкы паралимпиадада медалдардын саны боюнча орустар алдыга чыкты. Бирок бир алтын байгеси көп Германия биринчи болду.

Ванкувер кышкы паралимпиадасынын жыйынтыгында орусиялык жана германиялык майып спортчулар айырмаланып, чеберчилиги менен таанылды. Жеңип алган медалдардын жалпы саны боюнча Орусия 38 байгенин ээси болушту. Алар 12 алтын, 16 күмүш жана 10 коло медаль жеңип, бир ай мурда соо спортчулары колдон чыгарган намысты кайрып алышты.

Баш байге ээси германиялыктар 1 алтын байгенин айырмасы боюнча алдыга чыгып, биринчи орунду камсыз кылышты. Германиянын майып спортчулары 13 алтын, 5 күмүш жана 6 коло байгелүү болушту.

Оюн ээси канадалыктар 10 алтын, 5 күмүш жана 4 коло медалды өз жеринде калтырып, алар үчүнчү орунду ээледи.

Украинанын спортчулары дагы каармандыкты көрсөтүп, 5 алтын, 8 күмүш жана 6 коло байгелүү болушуп, АКШны артка калтырып, төртүнчү орунду камсыз кылышты.

Кышкы спорту менен таанылып келаткан АКШ өлкөсү бул ирет 4 алтын, 5 күмүш жана 4 коло байгелүү болуп, көч башына чыгалбады.

Азия аймагынан Жапон, Түштүк Корея өлкөлөрү гана таанылып, байгелүү орундарды камсыз кылышты. Атап айтсак, Жапониянын майып спортчулары 3 алтын, 3 күмүш жана 5 коло медалы менен командалык эсепте алтынчы орунга чыгышты.

Бишкектик спорт адиси Касымкул Оболбековдун пикиринде кыргызстандыктардын көпчүлүгү сүрөөнгө алган орусиялык майып спортчулар ишенимди актап, оорууну жеңип чемпион болушаарын далилдей алышты.

Айрыкча казандык Ирек Зарипов каармандыгы менен таанылып, Ванкуверде 4 алтын, 1 күмүш медаль утуп алуу менен “эң мыкты майып спортчу “ аталып, бардыгына үлгү болду.

Быйылкы жылдын февраль жана март айлары канадалыктар үчүн өзгөчө майрамдык маанай тартуулап, кышкы олимпиада жана паралимпиадалык оюндарды ийгиликтүү өткөрүп алышканын Ванкуверде банкта иштеп жаткан кыргызстандык Айбек Рыскелди уулу “Азаттыкка” билдирди.

Ванкувер кышкы паралимпиадасынын акыркы күнү лыжа менен көзү начар көргөн эр-азаматтар бир чакырым аралыкка жарышып, мында канадалык Брайан Макивер марага озуп келди. Орусиялык Николай Полухин экинчи, швед Себастян Модин үчүнчү орундарды ээледи.

Бел омурткасынан жабыр тарткан майып спортчулар дагы 1 чакырым спринт лыжа жарышына катышып, мында орусиялыктар байгелүү болушту. Сергей Шилов экинчи ирет чемпион аталса, Ирек Зарипов -экинчи, Владимир Киселев -үчүнчү орунду ээледи.

Майып кыз-келиндердин дагы 1 чакырым аралыкка лыжа жарышында франциялык Франкасси Поркаллето марага озуп келип, алтын медаль тагынды. Украиналык Алена Юрковская экинчи, белорусиялык Людмила Ваучок үчүнчү орундарды камсыз кылышты.

Өлкөнүн дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркуловдун пикиринде Кыргызстандын майып спортчулары Ванкуверге барбай калышканы спорт жетекчилердин жана өкмөттүн майыптарга көңүл бурбаганы.

-Деги эле Кыргызстанда кышкы спортко мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай келатканы өкүндүрөт. Майып спортчулар үчүн кышкы спорт ийримдерин ачуу, аларга камкордук көрүү учур талабы болсо дагы өкмөт эч кандай иш-чара көрө элек. Эми Сочиге даярдык көрүү керек, атайын программа дагы кабыл алуу зарыл.

Ванкуверден 126 чакырым алыстагы Уистлер олимпиадалык борборундагы “Медаль Плаза” стадионунда кышкы паралимпиадасынын жабылыш аземи болуп, кийинки эстафетаны Сочи шаарына ыйгаруу салтанаты өткөрүлдү.

Эл аралык паралимпиада комитетинин президенти Филип Крэйвен Ванкувердеги кышкы паралимпиада мыкты уюшкандыкта өткөнүн баса белгилеп, 2014-жылкы кышкы паралимпиадасынын эстафетасын Сочи шаарынын мэри Анатолий Пахомовго тапшырды.

Кыргызстандык майып спортчулар алдыдагы 4 жылда кышкы спорт менен машыгып, 2014-жылы Сочиде өтө турган паралимпиадага катышууга аракет кылуусу зарыл.





XS
SM
MD
LG