Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Кыз балбандар, эр-азамат балбандар


27-мартта Бишкекте эркин күрөш боюнча кыздар жана эр-азаматтар арасында өлкөнүн быйылкы чемпионаты соңуна чыкты.

Өлкөнүн эркин күрөш боюнча кыз-келиндери жана эр-азаматтары килем үстүндө күч сынашып, үч салмак боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталды.

Кыргызстандын эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Тургунбаевдин айтымында быйылкы эң маанилүү мелдештер- майда Индияда, сентябрда Москвада өтө турган дүйнө чемпионаты. Себеби мында байгелүү орунга жеткен балбандар 16-Азия оюндарында намыс талашат.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясынын студенти, жаштар арасында дүйнө чемпиону Улан Надырбек уулу табында экенин айгинелеп, 60 кг салмакта өлкө чемпиону аталды.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенти Нурлан Турарбек уулу Уланга аз упай менен гана утулуп, экинчи орунду ээледи.

Жумгал райондук спорт мектебинин машыктыруучусу Замир Алмолдоевдин пикиринде өлкө чемпионатында калыстар калыстык кылбай койгон учурлар байкалып, чет өлкөлөрдөн келген жалданма жигиттерди көтөрмөлөп, аларга артыкчылык берилип, кыргызстандык жаш балбандардын шагы сынып калды.

74 кг салмакта да өлкөдө күрөштү өнүктүрүү борборунун өкүлү Илгиз Жакыпбеков биринчи орунду камсыз кылып, өлкө чемпиону аталып, алтын медаль тагынды.

Финалда бишкектик Нурлан Дөрбөнов Илгизге утулуп, күмүш байгелүү болду.

96 кг. салмакта Азия чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү Алексей Крупняков быйылкы чемпионатка катышпагандыктан абхазиялык жалданма балбан Аслан Алиев анын ордун басып, баш байгени утуп, ал Кыргызстандын чемпиону аталды.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясынын улуттук спорт кафедра башчысы Касымкул Оболбековдун айтымында эркин күрөш федерациясы Орусиядан легионер балбандарды алып келип, кыргызстандык жаштарга жол тийбей жатканы өкүндүрөт.

-Мени кубандырганы кыргыз кыздарынын эркин күрөшкө болгон кызыгуусу артып, эл аралык аренада өлкө намысын коргой баштаганы. Алыскы Ак-Талаа районунан келген балбан кыздар үмүттү жандырды. Алардын катарында тубаса балбандыгы байкалган кыздар бар экен. Айрыкча Гүлина Эсенбаева, Айзада Жаналиева, Нестан Кыязованын чеберчилиги жыл өткөн сайын жогорулап, эркин күрөштүн сырларын үйрөнүп жатышат. Ал эми мени өкүндүргөн жагдай, өлкөнүн эркин күрөш федерациясы Орусия, Грузия жана башка мамлекеттерден жалданма балбандарды алып келип, жаштарга жол тийбей, Азия, дүйнө чемпионаттарына алар барып, Кыргызстандын атынан күрөшүп жүргөнү капа кылат. Жаштардын шагы сынып, күрөшкө болгон кызыгуусу солгундап, кайдыгерлик өкүм сүрүүдө. Бир канча жылдан бери Казакстан дагы ушундай жол менен жалданма балбандарга гана көңүл буруп, жергиликтүү жигиттерге жол тийбей калган. Мындай жол менен өлкөдө күрөштү өнүктүрүүгө болбойт. Жаштарга жол ачып, аларды чоң мелдештерге алып барып, такшалдырып, намыстандыруу керек.

Кыз-келиндер арасында дагы үч салмак боюнча өлкө чемпиондору аныкталды.

51 кг салмакта Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучусу Айзада Жаналиева бардык атаандаштарын утуп, өлкө чемпиону аталды.

59 кило салмактагы Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучусу Нестан Кыязова былтыркы чемпиондук наамын сактап, чеберчилиги жогорулап калганын далилдеди.

72 кг салмакта Азиянын көп жолку коло байге ээси Янна Панова быйыл дагы жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү.














XS
SM
MD
LG