Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:51

Кыргыз балбандар Ташкентте күмүш жана коло байге алышты


Ташкентте оор атлетикадан Азия чемпионатында кыргызстандык эки балбан күмүш жана коло байгелүү болушту.

Ташкентте Азия континентиндеги мамлекеттер арасында оор атлетика боюнча жаштардын биринчилиги өтүүдө. Чемпионатта Казакстан, Түндүк жана Түштүк Корея, Жапония, Сингапур, Сирия, Кыргызстан баштаган 26 өлкөдөн эки жүздөн ашуун балбан күч сынашып жатышат.

Бул Азия биринчилигинде өспүрүмдөр арасындагы спортчулардын чеберчилиги сыналып, ийгиликке жеткен жаш балбандарга Сингапурда өтчү жаштар арасындагы биринчи Олимпиада оюндарына жолдомо ыйгарылат.

Каражаттын тартыштыгынан улам 15 спортчунун ордуна кыргыз балбандарынан төртөө барып, намыс талашууда. Алар 56 кг. салмакта Изат Артыков, 62 кг салмакта уландар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Султан Молдодосов, 69 кг салмактагы Кенжебек Тажыбаев жана кыздардан 58 кг. салмактагы Адиля Байизова Кыргызстандын намысын коргоп жатышат.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигине жаңы жетекчи болуп дайындалган Алмазбек Касеновдун айтымында Ташкенттен оор атлетика боюнча жаштар арасында Азия чемпионатынан кыргыз спорт күйөрмандарын сүйүнткөн кабар келип, кыргызстандык эки балбан күмүш жана коло байгелүү болушту.

-Азия чемпионатында кыргызстандык эки балбан жигитибиз экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеп, намыска жарап беришти. Жаш болсо дагы Изат Артыков келечегинен үмүткөр кылып, коло байгелүү болду. Ал эми Азия чемпионатынын күмүш медалына ээ болгон Султан Молдодосовдун агалары Улан менен Кутман Молдодосов оор атлетика боюнча ислам оюндарынын жана Азиянын чемпиондору экенин эске алсак, анын келечеги али алдыда. Оор атлетчилердин үй-бүлөөсүнөн таалым-тарбия алган Султандын Каныбек Осмоналиевдей олимпиадалык, дүйнөлүк чемпион болсом деген тилеги бар. Кыргызстанда намысты бийик көтөрүп жүргөн жаштар арбын.Аларга шарт түзүп, камкордукка алынсак гана ийгиликтер болмокчу. Ошондуктан коңшу өлкөлөрдөгү ири мелдештерге, Азия, дүйнө чемпионаттарына жиберип турсак, чеберчилик да жогорулайт.

Бишкек шаарындагы оор атлетика боюнча олимпиадалык резерв спорт мектебинин жетекчиси, Азиянын көп жолку чемпиону Улан Молдодосовдун айтымында Кыргызстан ыңкылап менен гана таанылбастан спорттук ийгиликтери менен дагы даңаза болууда. Жаңы чыгып келаткан жаш балбан Изат Артыков Азия биринчилигинин коло медалына татыды.

-8-апрелде Ташкентте башталган уландар жана жаштар арасында Азия чемпионатына 26 өлкөнүн балбандары катышууда. Буга Кыргызстандын командасы толук курамы менен барууга ниет кылганбыз. Бирок кендирди кескен каражаттын айынан 8 жигит жана 7 кыздын ордуна 3 жигит, 1 кыз гана барып, мөрөй талашууда. Ошондой эле жогоруда аталган жаштарды да такшалдыруу максатында алып барып, таймашууга коштук. Себеби быйыл жайында Сингапурда өтө турган жаштар арасындагы биринчи дүйнөлүк олимпиадага Ташкенттен балбандар толук катышса, жолдомо жеңип алууга мүмкүнчүлүктөр болмок.

Өзбекстандын Ташкен шаарында жаштар арасында оор атлетика боюнча Азия биринчилиги 15-апрелде аяктайт. Анда 56 кг салмакта Изат Артыков мөрөй талашып, 98 кг салмакты жулкуп, 125 кг оордукту түртүп көтөрүп, 223 кг салмакты багынтуу менен коло байгеге татыды.

Уландар арасында оор атлетика боюнча Азиянын эки жолку Султан Молдодосов бул ирет 120 кг оордукту жулкуп көтөрүп, 150 кг салмакты түртүп көтөрүү менен адистердин көңүлүн бурду. Ага бул ийгиликтери күмүш медаль тагынууга өбөлгө болду.

Мурдан төрт жыл мурда Ташкентте өткөн уландар арасында Азия чемпионатында кыргызстандык Замир Ашырбаев алтын медаль тагынып, жеңүүчү аталган. Ошондо 14 жаштагы Султан Молдодосов Ташкентте Азия чемпионатынын коло байгесин утуп, мелдештин эң жаш жеңүүчүсү деген сыйлыкка арзыган.

Ал андан кийин уландар арасында Азия чемпионатын эки ирет утуп, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан. Учурда Султан 18 жашка толуп, Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин 1- курсунун студенти.

Оор атлетика боюнча Кыргызстандын командасы 1934-жылдан бери ар кыл мелдештерге катышууда. Кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан Каныбек Осмоналиев дүйнө чемпионатында 4 жолу алтын байгелүү болуп, Москвадагы олимпиадалык оюндарда чемпион аталган. Кыргызстандык Сергей Ли учурунда жаштар арасында дүйнө чемпиону болгону менен чоңдор арасындагы дүйнөлүк күч сынашууда күмүш медаль тагынган.

Эгемендүү өлкө болгону кыргыз спортунун чеберлери Митал Шарипов, Үсөн Майназаров, Эмил Абдиев, Алмаз Аскеев, Шухрат Кочкоров, Улан жана Кутман Молдодосовдор дүйнө чемпионаттарына катышып, Азия чемпиондору аталган.
XS
SM
MD
LG