Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Өлкөнүн мыкты спортчулары аныкталды


7-майда 2009-жылдын мыкты спортчуларына, устаттарына, журналисттерге урмат-сый көрсөтүү аземи өткөрүлүп, ал Улуу Жеңиштин 65 жылдыгы менен коштолду.

Былтыр грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында Азия жана дүйнө чемпионаттарында Калыбек Жолчубеков алтын медал тагынып, баш байгени жеңип келди. Эми алдыдагы максаттары тууралуу Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын алтын байге ээси, өткөн жылдын мыкты спортчусу Калыбек Жолчубеков мындай деди:

- Мен өзүмдүн алдыма койгон максаттарыма али жете элекмин. Эми жаштарга жол бошотуп, чоңдор арасындагы Азия, дүйнө чемпионаттарына барууга даярдык көрүп жатам. Күзүндө Гуанжоуда боло турган 16-Азия оюндарына барып, өлкө намысын коргойм. Ошондой эле Лондон олимпиадасында алтын медаль үчүн күрөшүшүм керек деген максатым бар. Күзүндө Москвада боло турган дүйнө чемпионатына даярдык көрүп жатам.

Былтыр жаштар арасында Азиялык жана дүйнөлүк таймашууда грек-рим күрөшүнөн байгелүү үчүнчү орунду ээлеген балбан Мурат Рамонов өткөн жылдын мыкты спортчусу аталды.

Өткөн жылдын мыкты спортчусу деп дзю-до күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло байге алган Азат Кубакаев да аталып, сый-урмат татыды.

Кыргыз спорт тарыхында төрт ирет удаасы менен Азия оюндарында мөрөй алган, Азиянын көп жолку чемпиону велоспортчу Евгений Ваккер былтыркы жылдын мыкты спортчусу деп аталды. Бирок ал учурда чет өлкөдө машыгууда жүргөндүктөн сыйлыгын устаты Эркин Акрамов алды.

Жылдын 10 мыкты спортчуларынын катарына былтыр эркин күрөш боюнча Азия чемпионаттарында коло байгелүү болушкан Нурлан Орозбек уулу, Базар Базаргуруев, Михринисо Нурматова жана Яна Панова да кошулду.

Ошондой эле 2009-жылы Азия чемпионаттарында мөрөй алышкан суучул Василий Данилов менен кайык айдоочу Игорь Дорофеев да жылдын мыкты спортчулары аталды.

Өткөн жылдын эң мыкты башкы машыктыруучусу деген сыйга өлкөнүн эркин күрөшү боюнча башкы устаты Анарбек Үсөнканов татыктуу болду. Ушундай сыйлык дагы жоопкерчиликтүү иштеп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга милдеттендирээрин өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Анарбек Үсөнканов “Азаттыкка” билдирди.

2009-жылдын мыкты машыктыруучулары деген сый-урматка Мейрамбек Ахметов, Фархат Ушуров, Анарбек Үсөнканов, Эркин Акрамов, Таалай Каюмов, Сергей Пароль, Наталья Кулигина, Евгений Петрашов жана Байгазы Кенжебаев татыктуу болушту.

Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиевдин устаты, жылдын мыкты машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовдун айтымында башкы максат-Лондон олимпиадасында мөрөй алуу үчүн даярдык көрүшүүдө.

Былтыр мүмкүнчүлүктөрү чектелгендердин Тайпейдеги дүйнөлүк олимпиадасында коло байге уткан дүлөй балбан Арам Акопян дагы 2009-жылдын мыктысы деп аталып, сыйлык алды.

Мындан сырткары олимпиадалык түргө кирбеген тайбокстан Валентина Шевченко, эрендер кармашында Улан Эралиев, бел кур күрөшүнөн Улан Темирбеков, Жанболот Осмонов, Нурбек Кожобеков, Темирлан Салават уулу жана Арсений Фуфачев өткөн жылдын мыкты спортчулары аталды.

Улуттук спорт түрлөрү боюнча тогуз коргоолчу Нурия Султанмуратова менен кулатуу күрөшүнүн чебери Урмат Асанбаев 2009- жылдын мыкты спортчулары аталып, сый-урматка бөлөндү.

Улуу жеңиштин 65 жылдыгына карата 23 ардагерге акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, өлкө маданиятына эмгек сиңирген ишмер Владимир Баев ардагерлердин атынан ыраазычылыгын билдирип, ынтымак, тынчтык, достук болушун тиледи.

Жылдын жыйынтыгы калыстык менен чечилбей шахмат боюнча Азия чемпиону Семетей Төлөгөн тегиндин аракети, мээнети бааланбай калганын анын устаты Төлөгөн Исаев “Азаттыкка” айтып, нааразы пикирин билдирди.

Спортту жазып, чагылдырып жүргөн 10 журналистке да Ардак грамота, эстелик сыйлыктар тапшырылды.

Өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун айтымында, быйыл жайында Сингапурда жаштар арасында биринчи дүйнөлүк олимпиадалык оюндары, күзүндө Гуанжоудо 16-Азия оюндары болмокчу.

Өткөн 2009-жылы кыргыз спортун өнүктүрүүгө өлкө казынасынан 160 млн. сом жумшалган. Бул сумма чет өлкөлөрдө он чакты спортчунун бир жылдык машыгуусуна коройт. Кыргызстанда болсо бул каражат миңдеген спортчуларга жетиши абзел. Эгер кыргыз спортчулары Лондон олимпиадасында ийгилик жаратсын десек, келээрки жылдан тарта дене тарбияга жетиштүү каражат бөлүнүп, спортчуларга шарт түзүү зарыл.

Спорт салтанаты ыр-күү менен коштолуп, майрамдык маанайда өткөрүлдү.
XS
SM
MD
LG