Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:28

Спорттук иш-чаралар тынчтыкты сүйөт


Түштүк Африка - футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат
Түштүк Африка - футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат

Иорданияда өлкөнүн улуттук олимпиада комитети менен “Бардык муундар тынчтык үчүн” Эл аралык кайрымдуулук уюму кызматташуу келишимин түзүштү.

” Бардык муундар тынчтык үчүн”

Иордания өлкөсүндө Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин делегациясы болуп, атайын окуу курсунан өтуп келишти. Ошондой эле “Бардык муундар тынчтык үчүн” эл аралык кайрымдуулук уюму кызматташуу тууралуу келишим да түзүштү.

Иордания өлкөсүнүн ханзаадасы Фейсал Бин Аль-Хусейин жетектеген “Бардык муундар тынчтык үчүн” Эл аралык кайрымдуулук уюму дүйнө жүзүндөгү карама-каршылыктарды жана согуштарды спорттук иш-чараларды колдонуу менен чечүү максатын аркалап, иш жүргүзүп келет.

Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин расмий делегациясын ушул “Бардык муундар тынчтык үчүн” Эл аралык кайрымдуулук уюму расмий чакырып, 1-июндан 11-июнга чейин 10 күндүк курстан өтүп, ыктыярдууларды даярдоо боюнча атайын сертификатка ээ болуп келишти.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымында иш сапардын жыйынтыгында Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов менен Иордания өлкөсүнүн ханзаадасы Фейсал Бин Аль-Хусейин мындан ары эки уюмдун тыкыс кызматташуусу тууралуу келишимге кол коюшту.

“Бардык муундар тынчтык үчүн” Эл аралык кайрымдуулук уюмунун колдоосу менен Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин жакында Ысык-Көлдөгү балдар спорт лагеринде өлкө аймагындагы бардык улуттардын балдарынын башын бириктирип, “Спорт-тынчтык тиреги” долбоорун өткөрүүнү максаты кылып, демилге көтөрүүдө.

Семетейдин Индиядагы акыл таймашы

Учурда Индиянын Ченнае шаарында шахмат боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Каражаттын тартыштыгынан улам бул Азия чемпионатында Кыргызстандын намысын жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегин жалгыз коргоп жатат. Акыл таймашы 26-июнда жыйынтыкталат.

Футболдук дүйнө чемпионаты кызый баштады


11-июнда Түштүк Африка республикасында башталган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын беттешүүлөрүнө кыргызстандык күйөрмандар маалымат каражаттары аркылуу күбө болуп жатышат. Бул дүйнө чемпионатынын алкагында 15-июнда Жаңы Зеландия менен Словакиянын, Португалия менен Кот-д Ивуардын жана дүйнөнүн беш жолку чемпиону Бразилия менен Түндүк Корея өлкөлөрүнүн беттешүүлөрүнүн жыйынтыкталды.

Жаңы Зеландия менен Словакиянын футболчулары 1:1 эсебинде тең чыгышты. Ал эми Португалия өлкөсүнүн футболчулары менен Кот-д Ивуар мамлекетинин командасы 90 мүнөттүк таймашууда канчалык аракет кылышканы менен эсепти ачалбай 0:0 болуп, эки команда тең бирден упайга ээ болушту.

Бишкектик футбол күйөрманы Эрлан Мажиевдин айтымында бул дүйнө чемпионатында Бразилиянын командасы дүйнөлүк атак- даңкты алтынчы ирет багындырышы мүмкүн.

15-июнда футбол күйөрмандары дүйнөнүн беш жолку чемпиону Бразилия менен Түндүк Корея өлкөлөрүнүн беттешүүлөрүнө дагы күбө болушту. Футбол таласындагы бул таймашуу 2:1 эсебинде бразилиялыктардын жеңиши менен аяктады.

16-июнда Гондурас менен Чили, Испания менен Швейцария жана талаа ээси Түштүк Африка республикасы менен Уругвай өлкөлөрүнүн футболдук командалары күч сынашат.

Ошондой эле дүйнө чемпинатына удаа өтүп жаткан Кыргызстандын футбол чемпионатында Канттын «Живое пиво» командасы менен Бишкектин «Дордой-2» командалары дагы эсепти ачалбай 0:0 болуп, теңтайлашты.

Учурда лидер болуп жаткан Карабалта шаарынын «Кара-Балта» командасы дагы Канттын «Абдыш-ата» командасы менен 3:3 эсебинде тең чыгышты.

XS
SM
MD
LG