Ушундай мелдешти үч жылдан бери үзбөй уюштуруп, демөөрчү болуп келаткан өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун пикиринде дүйнө чемпионатынын таасири менен кыргыз футболуна дагы мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу зарыл.
Быйылкы “Ынтымак” мелдешин уюштургандардын бири Ысык-Ата ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын подполковниги Айбек Ажыгуловдун айтымында 7-апрелдеги окуялардан кийин Чүй аймагында биримдик, ынтымакты, достукту сактап келген элдик кошундардан, айыл өкмөттөрүнөн түзүлгөн командалар мөрөй талашууда.
Чүйлүк айрым футбол күйөрмандары 11-июлдагы финалда Голландия утат дешсе, айрымдары Испанияга артыкчылык берип турушат.
Ала-Тоо айылынын футбол командасынын капитаны Самат Сагынбай уулунун пикиринде жарым финалда Германияны жеңип алышкан Испания финалда дагы Голландияны да утулушу толук ыктымал.
Сын-Таш айыл өкмөтүнүн спорт адиси Райымбек Акуновдун божомолунда Голландия командасы баш байгеге талапкердин бири катары чеберчилигин көрсөтүү менен финалда Испанияны жеңип алуусу толук мүмкүн.
Чүйлүк футбол күйөрманы Талант Адылбаев: “Учурда Испания чеберчилигин көрсөтүү менен мыкты даярдыгын айгинеп турат, алар Голландияны утуп алууга кудурети, чама-чаркы жетет”- деп “Азаттыктын" кабарчысына өз оюн билдирди.
Канттагы мелдеште Эпкин айылынын командасын утуп, мыктылар сабына кошулуп жаткан Сынташ айыл өкмөтүнүн Аксай айылынын командасынын чабуулчусу Азат Жамалиев Канттагы мелдеш кызыктуу өтүп жатканын белгилеп, өзү дүйнө чемпиону Испания болоорун божомолдоду.
Учурда Канттагы футбол мелдешинде 16 командадан иргелип, тандалып олтуруп, финалга Нурманбет айылынын "Красный Восток" командасы менен Алга айылынын "Алга" командасы чыкты.
11-июлда дүйнө чемпионатынын баш байгеси үчүн Голландия менен Испания өлкөлөрүнүн футболчулары мөрөй талашууга чыгат.