Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Мьянмада “Дордой” футбол командасы финалда утулду


"Дордой" командасы Азия футбол конфедерациясынын кубогун утуп алган 2007-жылы
"Дордой" командасы Азия футбол конфедерациясынын кубогун утуп алган 2007-жылы

26-сентябрда Мьянмада Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогунун финалында “Дордой” командасы менен Мьянманын «Яданарбон» командасы мөрөй талашты. Негизги убакытта эсеп ачылбай, кошумча убакытта мьянмалыктар бир топ киргизүү менен утуп алышты.

Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогунун финалында Кыргызстандын алты жолку чемпиону “Дордой” командасы менен Мьянма өлкөсүнүн чемпиону «Яданарбон» командасы мөрөй талашып, негизги убакытта экөө тең эсепти ачалбады. Беттешүү 0:0 болгондуктан калыстар тобу кошумча убакыт беришти.

"Дордой" футбол клубунун вице- президенти Улукбек Салымбековдун телефон аркылуу "Азаттыкка" билдиргенине караганда, беттешүү да курч мүнөздө өтүп, негизги убакытта эсепти ачылбай, кошумча убакытта мьянмалыктар 1 топ киргизүү менен утуп алышты.

Азиянын футболдук континенталдык федерациясы өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн арасында бул оюнду жайылтуу максатында мелдеш өткөрүүнү салтка айлантуу аракетинде болууда. Буга бул турнир мисал болот.

Кыргызстандын футбол федерациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуевдин пикиринде, «Дордой» командасынын финалдагы атаандашы мьянмалык футболчулардын даярдыгы дурус, чеберчилиги жогору экени айкын болду:

- Бул өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн чемпион командаларынын арасындагы мелдеш. Азияда футболдун деңгээлин көтөрүүгө, таасирин арттырууга багытталган үчүнчү баскычтагы турнир. Ушул турнирде жарым финалда “дордойчулар” атаандаштарын утуп алдыга чыкканы дурус болгон. Бирок финалда кошумча убакытта жеңилип калганы абдан өкүнүчтүү. Ушул турнирде жаңы уюшулган атаандашын утуп алдыга чыкпай калганы чынында эле уят иш болду.

Футбол боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу, Кыргызстандын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркуловдун пикиринде “Дордой” командасы чет өлкөлүк футболчуларга көп көңүл буруп, жергиликтүү жаштар маани бербей жатышат. Ошондой эле өлкөнүн футбол чемпионатында 5-6 команда гана ойноп, чеберчилик төмөндөп кеткен.

Футбол боюнча Кыргызстандын алты жолку чемпиону “Дордой” командасы ушуну менен Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогуна жетинчи ирет удаасы менен катышкан бирден бир команда болуп эсептелет.

"Дордой" командасы 2006- жана 2007-жылдарда Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогун эки жолу уткан. Ушуну менен “дордойчулар” бешинчи ирет финалда утулуп, экинчи орунду ээлеп, күмүш байгелүү болду.

25-сентябрда Мьянмада өткөн жарым финалдык беттешүүдө “Дордой” командасы Түркмөнстандын чемпиону “Эл аралык Түркмөнстан-Түркия Университетинин” командасын 2:0 эсебинде утуп, баш байгеге талапкердин бир болгон. Биринчи таймда эки команда тең ойноп, эсепти ача алышкан жок.

Экинчи таймдын 70- жана 72-мүнөттөрүндө “дордойчулардын” жолу болуп, чабуулчулар Дэвид Тетте менен Мирлан Мурзаев экөө удаа түрмөнстандыктардын дарбазасына топ киргизишти.

Экинчи жарым финалда Тажикстандын чемпиону “Вахш” командасы менен Мьянманын чемпиону «Яданарбон» командасы мөрөй талашты. Мында талаа ээлери 2:0 эсебинде тажикстандыктарды утуп, финалга чыккан.

Бул турнирдин алгачкы жеңүүчүсү Тажикстандын чемпиону «Регар» командасы болгон.

XS
SM
MD
LG