Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:05

Шахмат Азия оюндарынын программасына кирди


Кирсан Илюмжинов Эл аралык шахмат федерациясынын президенти болуп кайрадан шайланды
Кирсан Илюмжинов Эл аралык шахмат федерациясынын президенти болуп кайрадан шайланды

16-Азия оюндарынын программасына тарыхта биринчи ирет шахмат оюну киргизилди. Азия оюндарында Кыргызстан футбол боюнча мөрөй талашууга даярданууда.

Балбандар Вильнюста сыналат

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын тандалма командасы Вильнюс шаарында өтө турган эл аралык мелдешке аттанганы камынып турат. 15-октябрда Литвада грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Римантас Багдонастын байгесине арналган эл аралык таймашуу башталып, Кыргызстандын намысын 7 балбан коргомок болду. Алардын катарында жаштар арасында дүйнө чемпиону Каныбек Жолчубеков, Москвада өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль уткан Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү Данияр Көбөнов да бар.

Грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн башкы машыктыруучусу Эмил Алыкуловдун айтымында Вильнюста өтө турган мелдеш жакында Гуанжоудо болотурган 16-Азия оюндарына даярдыктын бир этабы, балбандарды сыноо жана такшалдыруу мектеби болмокчу.

Азия оюндарындагы кыргызстандык футболчулардын атаандаштары аныкталды

Кытайдын Гуанжоу шаарында ноябрда боло турган 16-Азия оюндарында футбол боюнча Кыргызстандын тандалма командасы дагы мөрөй талашат. Кыргызстандык футболчулардын атаандаштары аныкталганын өлкөнүн футбол федерациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуев “Азаттыкка” билдирди.

-Кыргызстандын тандалма командасы талаа ээлери кытайлык, жапондук жана малайзиялык футболчулар менен күч сынашмакчы болду. Кыргызстан курамына кирген “А” тобундагы футболдук мөрөй талашуу 7-ноябрда башталат. Ага чейин биздин командабыз 10 күнгө Кувейт өлкөсүнүн тандалма командасы менен бирге машыгуу өткөрүп, ошол жактан түз эле Гуанжоуга барышат.

Чыңгыздын дүйнөлүк коло байгеси

Минск шаарында дзю-до күрөшү боюнча дүйнө кубогунун таймашуулары жыйынтыкталды. 90 кг салмактагы балбандардын күч сынашуусунда кыргызстандык Чыңгыз Мамедов үчүнчү орунду ээлеп, коло байгелүү болду. Чыңгыздын биринчи атаандашы белорусиялык Алексей Нихай болуп, аны артыкчылык менен утуп алды. Экинчи таймашууда латыш балбаны Айгарс Миленбургсту да Чыңгыз жеңип, чеберчилигин көрсөттү. Үчүнчү атаандашы поляк Виктор Творзыдлону да артыкчылык менен утуп жарым финалга чыккан. Бирок жарым финалда Чынгыз Мамедов орусиялык Азамат Ситимовдон утулуп, коло байгелүү болду.

100 кг салмактагы кыргызстандык Юрий Краковецкий да коло медаль үчүн таймашууда орусиялык атаандашына алдырып, төртүнчү орунда калды.

Кирсан Илюмжинов жардам бермек болду

Орусиянын Ханты-Мансы шаарында өткөн дүйнөлүк шахмат олимпиадасында кыргызстандыктар тажрыйба топтоп, жоон ортоңку орунду ээлеп келишкен.

Кыргызстандын намысын жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегин, өлкө чемпионатынын жеңүүчүлөрү Насыр Акылбеков, Михаил Марков, Леонид Юртаев, Алгис Шүкүралиев жана Нурдин Самаков коргоду.

Кыз-келиндер командасынын курамында Александра Самаганова, Ирина Острий, Бактыгүл Тиленбаева, Нуриса Оторбаева дүйнөлүк шахмат олимпиадасына катышып, мөрөй талашты.

Өлкөнүн шахмат федерациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Таалай Иманалиевдин айтымында Ханты-Мансы шаарында Эл аралык шахмат федерациясынын 81-конгрессинде бул уюмдун президенти болуп Кирсан Илюмжинов кайрадан шайланып, Кыргызстанга ар тараптан жардам берүүгө убада кылды.

-Президенттикке сунушталган эки талапкерден ФИДЕни учурдагы президенти Кирсан Илюмжинов 95 добуш менен кайрадан жетекчи болуп шайланды. Экинчи талапкер, шахмат боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Анатолий Карпов 55 добушка ээ болду. Вице-президенттер болуп кытайлык Чу Бо менен орусиялык Илья Левитов шайланды. Кирсан Илюмжинов Кыргызстанга ноябрь айында келип, өкмөт жетекчилерине жолугуп, мектеп программасына шахматты сабак катары киргизүүгө жардам берүүгө убада берди. Ошондой эле Бишкекте шахмат академиясын түзүүгө да жардам бермек болду. Ал Кыргызстанга 200 шахматты доскасы менен берди. Андан сырткары 100 электрондук шахмат саатын белек кылды,-деди Таалай Иманалиев.

Азия оюндарында биринчи ирет шахмат мелдештери болот

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун демилгеси менен Гуанжоудо өтө турган 16-Азия оюндарына катышуу үчүн өлкөнүн шахматчыларын каражат бөлүндү.

Ноябрда Кытайдын Гуанжоу шаарында болотурган 16-Азия оюндарынын программасына тарыхта биринчи ирет шахмат оюну да кирип, акыл таймашуусу болгону турат. Өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин колдоосу менен Кыргызстанды Азияга тааныткан Семетей Төлөгөн тегин, Алгис Шүкүралиев, Насыр Акылбеков жана Александра Самаганова Азия оюндарында өлкө намысын коргойт.
XS
SM
MD
LG