Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Парижге кулак түрүп турган кез...


25-августта Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында эгемендик Кубогуна арналган Көк-Бөрү мелдешине катышуучу командалар каттоодон өттү/
25-августта Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында эгемендик Кубогуна арналган Көк-Бөрү мелдешине катышуучу командалар каттоодон өттү/

25-августта Венгрияда жаш балбандар эркин жана грек-рим күрөш дүйнө чемпионатына катышууда. Парижде дзю-до боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө.

Тилек Кореяда таанылды

Кыргыз балбаны Тилек Турсуналиев Түштүк Кореяда өткөн эл аралык таэквондо фестивалында коло байгелүү болду. Бул фестивалга 40 өлкөнүн эки миңден ашуун өкүлү катышты. Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакировдун пикиринде, Тилек Турсуналиев жакшы даярдык көрсө 2012-жылы Лондондо өтө турган олимпиадага жолдомо алып калышы ыктымал.

Жаштар үмүттү актай албады

23-августтан бери Венгриянын Сомбатхей шаарында уландар арасында эркин жана грек-рим күрөшүнөн дүйнө чемпионаты өтүүдө. Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Рысбек Мамышевдин маалыматына караганда, эркин күрөштөн жаш балбандар үмүттү актай албады.

46 кг. салмакта Жыргалбек Абдикарим уулу гана эки атаандашын утуп, бешинчи орунга илинди. Ал жарым финалга чыгуу үчүн таймашууда түркиялык балбанга утулду. Коло байгени Жыргалбек жапондук Кейсуке Отогурого да алдырып койду. Калган жети балбан дагы жеңилүү ызасын тартып калышты.

Килем үстүндө кыз балбандар

25-августта дүйнө биринчилигинин килем үстүндөгү таймашууларына эркин күрөштөн кыздар катыша баштады. Дүйнө биринчилигине кыргызстандык 2 жаш балбан кыз күчүн сынашууда. Алар 43 кило салмактагы Нуржанат Бекматова менен 52 кг. салмактагы Айша Акбарова өлкө намысын коргоп жатат. Эскерте кетчү жагдай, жакында эле Тайландда өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык балбан кыздар 3 медаль жеңип келишкен.

Грек-рим күрөшүнөн жаштарга ишеним

26-августта грек-рим күрөшүнөн уландар дүйнө чемпиондугу үчүн таймашууларга кошулат. Венгрияга жаш балбандарды Кыргызстанга эмгек синирген машыктыруучу, даңазалуу балбан Данияр Көбөновдун устаты Раатбек Мамбетов баштап барды.

17 жашка чейинки 8 жаш балбан агаларынын жолун жолдоп байгелүү орундарды ээлеп келиши мүмкүн дейт, грек-рим күрөш федерациясынын президенти Арзыбек Кожошев.

- Нузупбек Касымов (42кг), Замирбек Дуңканаев (46кг), Каниет Зоотбеков (50 кг), Бекжан Кожонтаев (58 кг.), Эсен Асан уулу (63 кг), Кайрат Түгөлбаев (69 кг), Самат Шырдаков (76 кг) жана оор салмакта Камбар Жоробеков өлкө намысын коргоп жатат. Агалары Канат Бегалиев, Данияр Көбөнов, Руслан Түмөнбаевдин жолун жолдоп, жаштар ийгиликке жетүүсү ыктымал. Себеби, жакында эле Тайландда өткөн Азия чемпионатынан жаш балбандарыбыз өлкө тарыхында биринчи жолу командалык биринчи орунду ээлеп, 3 алтын, 3 күмүш, 3 коло байге утуп, олжолуу келишти. Ушул жигиттер дагы намыстанып, курбуларынан калышпай, мөрөй алууга дилгир.

"Чабалекей" турнири жыйынтыкталды

25-августта Тажикстандын Хожент шаарында футболдон 13 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында эл аралык “Чабалекей” турнири жыйынтыкталды. Кыргызстандык жаш футболчулар биринчи беттешүүдө кытайлыктар менен теңата ойноп, тең чыгышкан. Бирок Тажикстандын “Энергетик” жана “Авиатор” командаларынан жеңилип, байгелүү орундарга илинбей калды. Кыргызстандын өспүрүмдөр командасынын курамын “Дордой”, “Абдыш-Ата” жана “Алга” футбол клубдарынын жеткинчектери түзгөн.

Париж Лондонго жол ачабы?

Учурда Парижде дзю-до күрөшүнөн дүйнө чемпионаты өтүүдө. 57 кг. салмактагы Елена Исакова биринчи беттешүүдө эле америкалык атаандашына алдырып койду. 25-августта 78 кг. салмакта Динара Кахарова өз күч-кудуретин сынап көрөт.

Жигиттерден Азат Кубакаев, Алишер Мантобетов, Ислам Баялинов, Руслан Жаныбек уулу да дүйнө чемпионатында жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калышты. Дагы төрт жигит 26-августта өздөрүн сынап көрүшөт.

Эрендердин эр оюну башталат

25-августта Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында эгемендик Кубогуна арналган Көк-Бөрү мелдешине катышуучу командалар каттоодон өттү. Мелдешке кайсыл командалар катышаарын көк-бөрү федерациясынын башкы катчысы Темир Дүйшекеев “Азаттыкка” билдирди.

- Көк-Бөрү мелдеши 26-августта башталып, ага 11 команда катышат. Таластан эки, Жалал-Абад менен Ысык-Көлдөн бирден, Бишкектин айтылуу “Бөрүлүү” командасы жана калганы Чүй облусунун командалары күч сынашып, өнөрүн көрсөтүшөт. Улуттук оюндардын эң таасирдүүсү, бүйүр кызыткан бул мелдеш быйыл 15-жолу өткөрүлгөнү турат.

Казан-2013 Универсиадасына азыртан даярдык көрүү зарыл

25-августта Кытайдан бүткүл дүйнөлүк студенттердин Универсиада оюндарынан кыргызстандык 10 спортчу Бишкекке кайтып келишти. 12-августтан 23-августка чейин Шенжень шаарында өткөн Универсиада оюндарында кыргыз спортчулары ийгилик жарата албашпады.

Универсиада оюндарында кытайлык спортчулар командалык биринчи орунду ээледи. Экинчи катарда орусиялыктар, үчүнчү орунду жапондук спортчулар камсыз кылышты.
Эгемен өлкө болгону кыргызстандык студенттер бир нече Универсиада оюндарына катышканы менен байгелүү орундарга жетише элек.

Өлкөнүн студенттер спорту федерациясынын президенти Шаршен Касеновдун пикиринде, эми 2 жылдан кийин Орусиянын Казан шаарында өтө турган Универисада оюндарына азыртан даярдык көрүү зарыл. Себеби, анын программасында эркин, грек-рим, самбо, бел кур күрөштөрү, бокс, оор атлетика жана башка спорт түрлөрү кирген. Ошондуктан азыртан камылга көрүп, студенттердин спортуна маани берүү керек, дешет спорт адистери.
XS
SM
MD
LG