Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Жалал-Абадды эки губернатор башкарууда


Жалал-Абадда экс-президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары утур-утур каршылык акцияларына чыгууда
Жалал-Абадда экс-президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары утур-утур каршылык акцияларына чыгууда

Убактылуу өкмөт дайындаган губернатор Бектур Асанов Жалал-Абад шаары менен Сузак районунда абал опурталдуу экенин билдирди. Анын айтымында аталган жайларда деструктивдүү күчтөр элге тынчтык бербей жатат.

Бакиевдин тарапкерлери облус башчылыгына шайлаган Пайзуллабек Рахманов өз кезегинде убактылуу өкмөттү мамлекеттик төңкөрүш жасаган кылмышкерлер деп айыптап, каршы аракеттерди уюштурууда.

Б.Асанов: "Облуста кырдаалды жөнгө салуу үчүн бийлик аракет жасап жатат"

- Бектур мырза, сиз убактылуу өкмөт тарабынан облустун губернаторлугуна бекитилгенсиз. Губернаторлук милдетиңизди сиз учурда кайсы жерде аткарып жатасыз?

- Мен кечээ күнү деструктивдүү күчтөрдүн келгенине байланыштуу биз айттык, администрацияга келсе отура берсин, каршылык кылбагыла деп. Мен бүгүн облустук милиция башкармасында отурдум. Мен эки жакка чыгып жолугушууларда болуп жатам. Ошондуктан толук жумуш жүрүп жатат. Бардыгы өз нугунда. Сузак менен Жалал-Абаддан башка жети район, төрт шаарда жумуштар болуп жатат. Жалал-Абаддагы окуя боюнча бир топ башка райондордон кайрылуулар болуп жатат. Бул убактылуу нерсе, буюрса эртең-бүгүн бүтөт. Биз муну буга чейин деле бүтүрүп койсок болот эле. Бирок бардык нерсени элге салыш керек да, эл да көрсүн, түшүнсүн. Кичине убакыт беришибиз керек. Андан кийин биз өзүбүздүн кадамдарыбызды жасашыбыз керек.

- Облус азыр толугу менен сиздин көзөмөлүңүздөбү же Бакиевдин жактоочулары губернатор кылып шайлаган Пайзыллабек Рахмановдун колундабы?

- 100 пайыз биздин колубузда десек болот. Себеби облустун күч структураларынын баары бүгүнкү күндө менин жетекчилигимде иштеп жатышат. Аларда бир топ аракеттери болду бүгүн ИИБнын жетекчисин алмаштырууга, бирок алардын ою ишке ашкан жок. Себеби милиция кызматкерлери 100 пайыз биз менен иштерин, биз менен макул экендигин билдиришип, алардын сунушун четке кагышты.

- Жалал-Абаддагы окуяларды тынчтык жол менен чечүүгө, кырдаалды жөнгө салууга сизге убактылуу өкмөт кандайдыр бир жардам берип атабы, же жеке өзүңүздүн күчтөрүңүз менен чечүүгө аракет жасап атасызбы?

- Биз чындыгын айтышыбыз керек, убактылуу өкмөттөн эч кандай жардам сураган жокпуз. Бизде күч дээрлик жетишет. Ошондуктан биз убактылуу өкмөт менен саясий маселелер боюнча гана байланыштык. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусундагы күч структуралардын күчү кырдаалды толук тартипке келтирүүгө жетет. Бирок бүгүн биз акыркы күн катары жарыя кылып атайын теледен чыгып айтып атканым, ушул кишилерге акыркы жолу эртең саат онго чейин мүмкүнчүлүк берип жатам, сүйлөшүү жолу менен бүтүрсөк деп. Болбосо эл сөз айтсын, эл айткандан кийин, элдин талабын биз аткарышыбыз керек болот.

- Буга чейин Бакиевдин тарапкерлери облустун башчылыгына шайлаган П.Рахманов менен маектештим. Ал убактылуу өкмөттү мамлекеттик кылмышкерлер деп атады. Ошол убактылуу өкмөт менен эч кандай кызматташпайм деп өзүнүн оюн угузду. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?

- Убактылуу өкмөттү бүт дүйнө тааныды, президент арызын берип кетти. Ошондуктан бүгүнкү күндө Кыргызстанда мыйзамдуу бийлик бул бир гана убактылуу өкмөт. Ошондуктан бүгүнкү күндө мыйзамсыз жол менен бийликти басып алганга аракет кылып жаткан мурдагы президенттин бир туугандары менен дал ушул П.Рахманов бүгүнкү күндө кылмышкерлер деп мен ачык айтам.


П. Рахмонов: "Убактылуу өкмөт менен эч качан сүйлөшпөйм"


- Пайзуллабек мырза, сиз губернаторлукка отургандан кийин биринчи иш кадамдарыңыз кандай болду?

- Кыргызстанда бир гана легитимдүү башкара турган президентибиз Курманбек Салиевич бар. Мен ошол кишинин буйругу менен болдум, биринчиден. Экинчиден, мен 6-7-апрелде болгон жаштардын, башкалардын өлгөнүнө күнөөкөр деп ошону уюштурган адамдарды эсептейм.

Бул мамлекеттик төңкөрүш, жалпы элге каршы согуш жарыялангандай болуп калды. Ошондуктан мен булардын бардыгын мамлекеттик кылмышкерлер деп эсептейм.

- Убактылуу өкмөт бийликте турат, алар менен сиз мындан ары кандай кызматташасыз?


- Булар менен мен эч качан сүйлөшпөйм. Өздөрүнө жараша жазасын алат деп билдирүү жасап коем. Элден суранарым, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин, бардык дыйкандарды, жеке менчин жумушчуларды иштеп аткан бизнеси болобу, жумушка чыгып иштей бериңиздер, мектепке балдар барып окуй берсин. Биз жалпы элди кыйнабашыбыз керек. Иштеп, мурункудай жашай бергиле.

- Облустагы калктын эмгек акылары, пенсия, пособиелери кандй төлөнүп атат?

- Мен аппаратты чакырып кечээ да айттым, азыр да айтып атам, облфинуправление болобу, социалдык коргоо болобу, каржы инспекциясы болобу, башка болобу, мамлекеттик мекемелердин бардыгы иштей берсин. Пенсионерлердин, же пособие ала тургандардын бул жерде күнөөсү жок.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG