Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

8-март: Ала-Тоо айымдарынын көйгөйлөрү майрам күнү да көңүлдө


Гүлдөй жанган Ала-Тоо айымдары.
Гүлдөй жанган Ала-Тоо айымдары.

Кыргызстанда бийлик башчылары мамлекеттик кызмат орундарында соңку жылдары аялдардын көбөйүп калганын мактануу менен белгилешүүдө. Аялдардын өкүлдөрү өз кезегинде үй-бүлөдөгү зомбулук, ала-качуу, эрте турмушка берүү сыяктуу кыз-келиндердин укуктарын басмырлаган жат көрүнүштөр четке сүрүлө электигин айтышат.

8-март аялдардын эл аралык майрамы Кыргызстанда жылдагыдай эле мамлекеттик деңгээлдеги иш чаралар менен шаңдуу майрамдалууда.

Майрам алдында алдыңкы айымдарга мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды.

Айрым ийгиликтер да жок эмес...

Кыргызстанда мурдагы парламентте дээрлик айымдар жок, жалаң эркектер болчу.

Жогорку Кеңештин азыркы курамындагы 90 депутаттын ичинде 24 айым бар.

Ошондой эле расмий маалыматтарга караганда, аткаруу бийлигинин курамында министр жана министрдин орун басары болуп иштеген 12 айым, ошондой эле борбордук мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызматка көтөрүлгөн он айым бар.

Бардык деңгээлдеги жетекчи кызматтардын 37 пайызын аялдар кармашат.

Президент Курманбек Бакиев аялдардын майрамына арналган салтанатта мамлекеттик кызматта аялдардын көбөйүп баратканын баса белгилеп айтты:

- Биз өлкөбүздүн айымдары менен сыймыктанабыз. Алардын экономиканын, маданияттын жана искусствонун бардык сфераларындагы жараткан ийгиликтери суктанууга татыктуу. Биз мындан ары да айымдарыбыздын өз талантын, шык-жөндөмүн толугу менен ишке ашыруусуна зарыл болгон шарттар болуусун каалайбыз. Мамлекеттик башкарууда айымдардын ролун күчөтүүгө багытталган чаралар мындан ары да көрүлө бермекчи.


Кыргызстан өзүнүн айрым коңшуларынан озунуп гендердик теңчилик жөнүндө эки жолу мыйзам кабыл алып жиберди.

Ошондой эле аялдар көп жапа чеккен үйбүлөдөгү зомбулукка каршы дагы мыйзам бар. Аялдардын укугун коргоого багытталган мындай мыйзамдар береги Казакстанда жана Өзбекстанда али жок.

Анткен менен кыргызстандык аялдар өз кезегинде гендердик теңчилик жөнүндө мактанып сөз кылуу али эрте экенин, алардын укуктарын басмырлаган көп аял алуу, кыздарды ала качуу, үй-бүлө зомбулугу, жашы жете элек кыздардын турмушка чыгышы сыяктуу кейиштүү көрүнүштөр көп болуп жатканын айтышат.

Беш көкүл кыздарды күйөөгө берген фактылар жакында парламентте кызуу талкууга алынды.

16 жашка чейинки кыздарды ата-энесинин макулдугу менен күйөөгө бергенге жол ачкан норманы мыйзамдан алып салуу жөнүндө депутаттар маселе көтөрүштү.

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Дербишева кыз-келиндердин укугун коргоо үчүн мыйзамдык чараларды күчөтүү жана мыйзамдардын аткарылышына талапты катуу коюу зарыл болуп жатканын "Азаттыкка" айтты.

Аялдардын укуктары басмырланган учурларда мыйзам жеткиликтүү иштебей жатканын Аялдардын "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова да "Азаттыкка" курган маегинде белгилейт.

Энелердин төрөттөн каза болгон фактылары кыргызстандык аялдардын турмушунда да абдан курч турган маселе.

Мамлекеттик органдар бул маселени саламаттык сактоо тармагын жакшыртуу аркылуу чечүүгө аракет көрүп келатышат.

Бирок эксперттердин айтымында, аялдардын өлүмүнүн бийик көрсөткүчү жакыр турмуштун, аз кандуулуктун, жана үйбүлөнү пландаштыруунун жолун билбегендиктин да кейиштүү натыйжасы болуп саналат.

Кош бойлуу жана жаш балалуу аялдарга мамлекет караган социалдык жөлөкпулдун өлчөмү Кыргызстанда өтө төмөн бойдон калууда.



Айымдар - Жаздын жарчысы, өмүрдүн гүлү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:35 0:00

XS
SM
MD
LG