Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Кыргыз күрөш боюнча эл аралык мелдеш


Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовду эскерүүгө арналган кыргыз күрөшү боюнча эл аралык мелдеште алты өлкөнүн эки жүзгө жакын балбаны мөрөй талашты.

26-февралда Бишкектеги мамлекеттик циркте Кыргыз Эл Баатыры, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган кыргыз күрөшү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.

Мөрөй талашууга Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын балбандары катышып, күч сынашты.

Мамлекеттик цирктин аренасында 50, 55, 60, 66, 73, 83, 95 жана 95 кг. жогору салмактар боюнча финалдык таймашууларда кыргыз күрөшүнүн жеңүүчүлөрү аныкталды.

Жеңил салмакта баш байге үчүн таластык Ахмед Бактыбек уулу менен бишкектик Элүүбай Канаев килем үстүндө күч сынашып, Ахмед жеңүүчү деп таанылды.

55 кило салмактагы балбандардан баш байгени дагы таластык Жылдызбек Мырзабаев утуп алды. Жеңишке жетишкен Жылдызбек кыргыз күрөшүнөн сырткары самбо жана бел кур күрөштөрү боюнча өлкө намысын коргоп жүргөнүн, Түштүк Кореяда өтө турган дүйнө биринчилигине даярдык көрүп жатканын «Азаттыкка» билдирди.

60 кг салмакта биринчи орунду бишкектик Нурлан Эралиев камсыз кылып, Чыңгыз Айтматовду эскерүү эл аралык мелдештин жеңүүчүсү деп аталды.

66 кг салмакта Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин сутуденти Абдылда Аман уулу биринчи орунду камсыз кылып, алтын медаль тагынды. Бишкектик Жанболот Осмонов күмүш байгелүү болду.

73 кг салмакта Чыңгыз Айтматовду эскерүү мелдешинин жеңүүчүсү таластык Дулат Момбеков деп табылды.

Кыргыз улуттук агрардык академиясынын студенти Дулат Момбековдун жолу болуп, кайрадан абсолюттук таймашууга чыккан бардык аттандашын жеңип, баш байгеге коюлган ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү жеңил автоунааны да утуп алды.

83 кг салмакта бардык атаандаштарын уткан бишкектик Нурбек Кожобеков биринчи орунду камсыз кылуу менен жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү.

95 кг. салмакта таластык балбан Бусурман Багышбеков жеңүүчү аталды. Оор салмактагы балбандардын мөрөй талашуусунда бишкектик Бекболсун Кушубаковго теңдеш чыкпады. Натыйжада Бекболсун жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү.

Улуттук күрөш боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Анарбек Кибраевдин пикиринде кыргызды дүйнөгө тааныткан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү мелдешин мындан ары эл аралык деңгээлде таанытууга мүмкүнчүлүктөр бар.

Өлкөнүн кыргыз күрөш федерациясынын президенти Марсел Мураталиевдин айтымында быйыл кыргыз күрөшү боюнча Азиянын чемпионатын өткөрүүгө камылгалар көрүлүүдө.

Кыргызстанда алыш күрөшү, лейлек күрөшү, кыргыз күрөшү жана фергана күрөшү өз алдынча мелдештерди өткөрүп, өз ара атаандашууну жаратып келет. Ушул сыяктуу бел кур менен күрөшүп келген дүйнө элдерин бириктирген эл аралык бел кур күрөш федерациясынын түзүлгөнүнө 8 жыл болуп, жыл өткөн сайын таасири артып, кулачы кеңири жайылып баратат.

Ошондуктан эрежеси, ыкмалары окшош кыргыз күрөш балбандары дагы бел кур таймашууларына катышып, мөрөй алып жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG