Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

А. Муралиев: Энергетика тармагын коррупциядан арылтуу керек


Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Амангелди Муралиев жаңы бийлик экономика жаатында эң биринчи энергетика тармагына көңүл буруп, бул тармактагы коррупциянын уясын бузуш керек деп эсептейт.

-Убактылуу өкмөт экономикалык кайсы маселелерге биринчи көңүл буруп, чечиши керек?

- Менин оюм боюнча, биринчиден энергетика тармагына көңүл буруш керек. Эмне үчүн дегенде энергетика тармагы абдан коррупциянын уясы болгондой болду. Ошондуктан азыр анын туруктуу иштешине бир топ иш чараларды көрүш керек. Тармакта өзгөчө бир системага айланып кеткен коррупцияны жоюш керек, ага кайра жол бербөөгө өтүш керек. Ал жерге абдан профессионалдуу таза кадрларды бекитиш керек. Экинчи маселе, бул тышкы соода, товар жүгүртүү маселеси. Эмне үчүн дегенде 60-70 пайызга чейин импорт товарлары менен жашайбыз. Алардын ичинде бир топ азык-түлүк, күйүүчү майлар дагы экономикага керектүү нерселер. Азыр болсо чек аралар жабык болуп атат, ошон үчүн утурумдук өкмөт ушул маселелерди абдан тез арада чечүүсү зарыл. Орусия, Казакстан, Кытай Өзбекстандын чек араларынан товарлар эркин өткөнгө бир топ иш чараларды көрүш керек. Үчүнчү маселе, айыл чарба маселеси. Азыр бул маселе жакшы чечилбей атат.

Биринчиден, жаз өтүп баратат ошон үчүн буларга кредиттерди, жеңилдетилген кредиттерди 5-10 пайыздын денгээлинде эки жылга бериш керек. Айыл банк атайын ушуга арналган банк болуп эсептелет, дыйкандарга жардам бере турган. А бирок финансынын баары АУБ деген менчик банкка кеткен ал жерде пайыздары абдан жогорку деңгээлде. Төртүнчү маселе, жер-жерлерге, өкмөткө туруктуу бийлик түзүлүшү залыл.

- Кыргызстан Орусиядан баш аягы элүү миллионго жакын жеңилдетилген кредит алганы жатат. Кээ бирөөлөр айтып жатышат, ошол кредитти албай эле өлкөнүн экономикалык абалын чыңдаса болот деп. Сиз буга кошуласызбы?

- Жок, негизинен азыркы учурда Бакиевдин өкмөтү экономикадагы бир топ маселелерди катып, жашырып, майлап жүргөн. Азыр болсо бюджетибиз абдан төмөн деңгээлде, дефицити абдан чоң даражада. Ошон үчүн гранттарды алып, аны жакшы пайдаланыш керек, эффективдүү. Себеби бул грант болгондон кийин, грант толук бүгүнкү керектүү тармактарга, дыйкандарга жиберилиш керек.

- Бюджет тууралуу айттыңыз. Кыргызстандын бюджети кантип түзүлүшү керек. Мурунку бийлик ушул жылдын бюджети тууралуу айтканда мындан ары өкмөт социалдык кайтарымы жок иштерге акча бөлбөйт деп айтты эле?

- Бюджет маселесин чечкенге бир эле жол бар. Менин оюм боюнча, бюджет карапайым элге иштеш керек. Экинчиден, бюджеттин киреше жагына караш керек, кайсы булактардан кирешени көбөйтөбүз деген ой. Бирок салыктарды көтөрбөш керек.

XS
SM
MD
LG