Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Ош: үйсүз калгандардын айрымдары насыядан баш тартууда


Июндагы тополоңдо үйү жараксыз болуп калгандар үйүн кайра тургузууда, 3-сентябрь, Кара-Суу району.
Июндагы тополоңдо үйү жараксыз болуп калгандар үйүн кайра тургузууда, 3-сентябрь, Кара-Суу району.

Июндагы коогалаңда башкалкасы өрттөлгөн Кара-Суу районунун 19 тургунуна пайызсыз насыя берилип, үйлөрүнүн курулушу башталды. Буга улай аталган аймактын көпчүлүк тургундары өкмөт сунуштаган каражаттан баш тартып жатышат.

Ошол эле учурда эл аралык “Save the Children” уюму коогалаңдан жабыркагандарды бир айдын ичинде 247 турак жай менен камсыз кылууга киришти.

Кыш жакындоодо: үйсүз калгандар үйлүү болобу?

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, июндагы массалык башаламандыкта Ош облусунда 717 үй өрттөлгөн. Анын бардыгы Кара-Суу районунун аймагында жайланышкан эле.
Коогалаңда үй-жайынан ажырап, чатырда жашап жаткан үй-бүлө, 3-сентябрь, Кара-Суу району.

Жапа чеккендерге учурда узак мөөнөттүү жана пайызсыз насыя бериле баштады. Бул туурасында Ош жана Жалал-Абат шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын аппарат жетекчиси Турат Исмаилов “Азаттыкка” кабарлады:

- Кара-Суу району боюнча он тогуз кишиге насыя берилди. Алар акчасын кечээтен, бүгүндөн РСК банкынан алышып, үйлөрүн баштап ийишти.

Сөз арасында Туратбек Исмаилов үйлөрү жеңилирээк жабыркаган он алты кишиге 50 миң сомдон ыйгарылган насыя кайтарымсыздыгын, ал эми калган үч адамга зыянынын көлөмүнө жараша тапшырылган 75 миңден 200 миң сомго чейин акчалай жардам пайызы жок узак мөөнөткө берилгендигин, ошентип кышка чейин зыян тарткандардын бардыгы башкалкалуу болоорун кошумчалады.

- 200 миң сомго үй бүтөт дегенден алыспыз. Бул боюнча жогорку деңгээлдеги жыйында дагы кеп жүргөн. Ошондо жергиликтүү мамлекеттик бийликтер “Өз үлүшүбүздү кошобуз, мисалы, курулуш материалдарын арзаныраак тапканга жардамдашабыз” деген убадалар айтылган. Мындан тышкары жабыркагандар менен эл аралык уюмдар дагы тыгыз иштешип жатышат. Айрыкча Бириккен Улуттар уюмунун качкындар боюнча комиссарлыгы чыгымдардын басымдуу бөлүгүн көтөрүүдө.

Насыядан баш тарткандар

Анткени менен райондун көпчүлүк тургундары өкмөт сунуштаган каражат аларды канаттандырбай тургандыгын белгилешип, насыя алуудан караманча баш тартып жатышат. Маселен, Ош шаарына танапташ жайланышкан Кызыл-Кыштак айылынын тургуну Равшанбек Ажимидинов он төрт бөлмөлүү үйү күйүп, өмүр бою жыйнаган мүлкү таланып-тонолгондугун, жок дегенде беш-алты миллион сом чыгымга учурагандыгын, ошондуктан, бийлик үй куруп бермейинче, 200 миң сом насыяны таптакыр албай тургандыгын билдирди:
Үй-жайынан ажырап калгандар бузулган үйүн кайра тургузууда, 3-сентябрь, Кара-Суу району

- Азыр алтымыш экидемин. Дагы үч жылдан кийин ардактуу эс алууга узатышат. Ошондо эки миң сом пенсия белгилесе, миң сомун насыяга төктүм дейин. Андан тышкары бала-чаканы багыш керекпи? Кийим-кече, электр энергиясы, газ жана суу акысын убагында төлөшүм абзел. Антпесем, үстөк кошуп кыйнашат. Ошондой эле салык төгүүм парз. Ошентип, пулум түгөнөт. Ачка олтурайынбы? Эң кейиштүүсү: банктан пул алып жатпайымбы. Ал насыяңды кайтар дейби? Эгерде банк талаптарын аткарбасам, үйүмдү алып коет экен. Анда мен көчөдө каламбы? Мына биз жакта 158 чакты үй өрттөлдү. Ошолордун баарынын ээлери насыядан баш тартып жатышат.

Аталган айылдын дагы бир тургуну Адахам Саипжанов өрттөлгөн турак жайын тазалап жүргөндө кепке тарттык:

- Роза Отунбаевабы же Убактылуу өкмөтпү, айтор, калкты ойлогону жок. Кыргызстанда, мейли, каржы жок дейли. Жанагыл тыштан агылган уюмдарды неге Кара-Сууга жолотпой, тоскоолдук кылышууда. Маселен, Бириккен Улуттар Уюму үй курууга ниеттенип жатат. Ошолор өздөрү бизге айтып атышпайбы, “Кыргыз өкмөтү уруксат бербей коюуда, жергиликтүү бийлик бизди укпай калды” деп. Биздикилердин өздөрүнүн колунан келбейби, анда башкаларга бут тоспосун! – деген Адахам Саипжановдун айтымында, жердештери азыркы бийликке нааразычылыгын улантып, кышта деле чатырларда жашоого кайыл болуп турушкан чагы.

Ош жана Жалал-Абат шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын аппарат жетекчиси Турат Исмаилов бир катар карасуулуктардын насыядан баш тартып жатышын алардын өз эрки катары эсептейт. Анын маалымдашынча, мындай шартта тараптарга 50 миң сомдон кайтарымсыз каражат берилип, “кайыр-доом жок” деген тил кат алынууда.

Ошол эле учурда эл аралык “Save the Children” уюму жайдагы коогалаңдан жапа чеккен Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын тургундарын бир айдын ичинде эки бөлмөлүү 247 турак жай менен камсыз кылууга киришти.

- Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн аймагында 247 үй курулат. Кимдердин үйүндө күч билектер болсо, ошолордун өздөрүн жумушка чегерип жатабыз. Себеби, маяна алышат да. Албетте, айрымдарынын андай шарты жок. Ошондуктан, атайын топ уюштуруп, иштетип жатабыз. Бардык чыгымды биздин уюм көтөрүүдө, - деп билдирди “Save the Children” уюмунун инженери Мамазакир Акматов.

Бирок айрым жергиликтүү серепчилер коогалаңдын кесепеттери кечеңдетилбестен четтетилбесе, жогорудагыдай нааразычылыктар жүрүп олтуруп социалдык жарылууга алып келиши ыктымалдыгын айтышууда.

XS
SM
MD
LG