Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Чочко тумоосуна каршы шашылыш чаралар көрүлүүдө


Мексикада аскерлер чочко вирусунан бет кап таркатууда, 24-апрел, 2009-жыл
Мексикада аскерлер чочко вирусунан бет кап таркатууда, 24-апрел, 2009-жыл

Сасык тумоонун бул жаңы түрү Мексикада табылып, андан 81 кишинин өмүрү кыйылды. Бул илдетке миңден ашык адам чалдыккандыгы болжолдонууда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму абал өтө кооптуу экендигин эскерткени менен, саякаттоого чектөөлөр боюнча кандайдыр бир кеңеш бере элек.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Мексикада каза болгондорду текшергенде, жаңы вирус куш, чочко жана адам вирусунун жаңыча аралашмасы экендиги аныкталган.

Мексикада оорунун жайылышын токтотуу далалатында мектептер, музейлер, китепкана, театрлар жабылды.

Мексиканын президенти Фелипе Калдерон калкка бул вирус өтө оңой таркаарын эскертти:

- Бул жаңы вирус болгондуктан, анын пандемияга айланышына жол бербешибиз өтө маанилүү. Ал үчүн, биздин стратегияга ылайык, биз бардык жолдор менен анын жайылышынын алдын алышыбыз керек. Бул үчүн түз контакттан сактануу зарыл.

Бийликтер элди бетине маска кийүүгө, колду улам жууп турууга үндөгөн баракчаларды таркатууда. Алдыңкы күндөрү кол алышпоого, өбүшпөөгө чакырыктар болгон.

Чочко тумоосуна каршы атайын вакцина жок, ал эми азыркы киши тумоосуна каршы вакцина андан канчалык коргой алаары маалым эмес.

Кошмо Штаттарында саламаттык кызматкерлери билдиргендей, бул састымоого чалдыкканы 11 киши аныкталды. Жаңы Зеландияда Мексикадан кайтып келген 25 студентти жана мугалимдерди текшерип жатышат.

Европада Франциянын бийликтери бул оору Мексикадан келген жүргүнчүлөрдүн экөөнөн табылганын маалымдады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму абал өтө кооптуу экендигин эскерткен менен, саякаттоого чектөөлөр боюнча кандайдыр бир кеңеш бере элек.

XS
SM
MD
LG